Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 14/IV
«Сугат суунун ирригацияларын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө»
Жайылма айыл аймагындагы сугат суунун ирригациялдарын айыл өкмөтүнүн балансынан райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жолдошевдин маалыматын угуп, талкуулап, пикир алмашып
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл аймагындагы сугат суунун ирригациялдарын айыл өкмөтүнүн балансынан Жайылма айыл аймагында жайгашкан “Нооруз” башкы суу бөлүштүрүү курулушу тарабынан райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жолдошевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. М. Жонгучкаев |