Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын
2025-жылынын 2-апрели № 9-6
«Жашасын-2 айылындагы жер аянтын бир багытынан
башка багытка которуу жөнүндө»
Жалал-Абад Электр тармактар ишканасынын 2025-жылдын 28-январындагы чыгыш мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 2025-жылдын 4-мартындагы чыгыш № 01-05/173 сандуу катынын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 13-мартындагы чыгыш №01-28/389 сандуу катынын негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 31-мартындагы отурумунун протоколун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жашасын-2 айылында Сузак-Каду жолунун чыгыш тарабында №34 жана №35 контурларында жайгашкан 0,38 га сугат айдоо жана 0,62 га жайыт жер аянтына 110/35/10 кВ үлгүсүндөгү көмөк чордонун куруу максатында, жалпы 1,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын сугат айдоо жерлери жана жайыт жерлери түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун, байланыштын жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|