Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын
2025-жылынын 2-апрели № 9-7
«Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө»
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовдун 2025-жылдын 13-мартындагы чыгыш № 01-28/391 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Мундуз айылындагы С. Досуев атындагы көчөсүнүн батыш тарабында жайгашкан узуну 8,0 метр, туурасы 2,0 метр, жалпысынан 16 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2.Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|