Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын
2025-жылынын 2-апрели № 9-8
«Жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө»
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовдун 2025-жылдын 26-мартындагы чыгыш № 01-28/511 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ак-Баш айылындагы № 908, № 909, № 910, Кызыл-Сенир айылындагы № 1055, Таштак айылындагы № 927, № 929, Бостон айылындагы № 928, Талаа-Булак айылындагы № 979, Мундуз айылындагы № 628, № 973 электр көмөк чордондору жайгашкан жер аянттары муниципалдык менчикке алынсын.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|