Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын
2025-жылынын 2-апрели № 9-9
« Жер аянтын пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө »
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-мартындагы чыгыш № 06-1/1491 сандуу катын, Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын отурумунун 2025-жылдын 25-мартындагы № 1 протоколун, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовдун 2025-жылдын 27-мартындагы чыгыш № 01-28/513 сандуу катын, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 31-мартындагы отурумунун № 2 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 242-б буйругу менен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берилген 3-05-07-0033-1209 сыр белгисиндеги жалпы 58,0 га жер аянтынын 30,0 га “Айыл чарба багытындагы башка жерлери” болгон жер аянтын бир жылдык мөөнөткө “Кызыл-Туу кызмат” муниципалдык ишканасынын пайлануусуна берүүгө макулдук берилсин.
2.“Кызыл-Туу кызмат” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовго жүктөлсүн.
3.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|