Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин
2025-жылдын “25” августу № 239
буйругу менен бекитилген)
тиркеме
СТАНЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАРГА:
АВТОБЕКЕТТЕРГЕ, АВТОСТАНЦИЯЛАРГА, АВТОПАВИЛЬОНДОРГО ЖАНА АВТОКАССАЛАРГА
КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР ЖӨНҮНДӨ ЖОБО
1. КОЛДОНУУ ЧӨЙРӨСҮ
Бул ченемдер жаңы долбоорлонуучу, реконструкциялануучу жана капиталдык оңдоодон өтүүчү станциялык курулмаларга: автовокзалдарга, автостанцияларга, автопавильондорго жана автокассаларга долбоорлоого жайылтылат.
2. ЧЕНЕМДИК ШИЛТЕМЕЛЕР
Бул ченемдерде төмөнкү ченемдик документтерге шилтемелер колдонулду:
Кыргыз Республикасынын “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу” Техникалык регламенти” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” № 201 токтому:
- “Санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк контролду уюштуруу жана жүргүзүү” санитардык эрежелери;
- “Жеке электрондук эсептөө машиналарында ишти уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери;
- “Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери;
- “Тамак-аш продукцияларын дүң жана чекене сатуу объекттерине коюлуучу санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери;
- “Коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери;
- “Жумуш орундарындагы, турак жай, коомдук имараттардын жайларындагы жана турак жай курулуштарынын аймагындагы ызы-чуу” санитардык эрежелери жана ченемдери;
- “Жумушчу зонанын абасындагы зыяндуу заттардын берилген концентрациясынын эң жогорку чеги” гигиеналык ченемдери;
- “Жумушчу зонанын абасындагы зыяндуу заттардын таасиринин болжолдуу коопсуз деңгээлдери” гигиеналык ченемдери;
- “Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричилик суу пайдалануучу суу объекттериндеги суудагы химиялык заттардын болжолдуу жол берилген деңгээлдери” гигиеналык ченемдери;
- “Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар” жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер;
- “Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар” жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер;
- “Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар” санитардык эрежелери жана гигиеналык ченемдери;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 30-чуа “Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларын бекитүү жөнүндө КР СН 31-06:2018 “Административдик жана тиричилик имараттары” буйругу;
КЧжЭ 2.04.09-84 “Имараттардын жана курулмалардын өрт автоматикасы”;
КЧжЭ 2.03.11-85 “Курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо”;
КЧжЭ 2.09.04-87* “Административдик жана турмуш-тиричилик имараттары”;
КЧжЭ 2.09.01-85* “Имараттын ички суу түтүктөрү жана канализациясы”;
КЧжЭ 2.04.05-91* “Жылытуу, желдетүү жана кондициондоштуруу”;
МКЧ 2.04-05-95 “Табигый жана жасалма жарыктандыруу”;
КР КЧ 21-02:2018 “Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу”;
КР КЧ 31-04:2018 “Коомдук имараттар жана курулмалар”;
КР КЧ 31-05:2018 “Өндүрүштүк имараттар”;
КР КЧ 31-06:2018 “Административдик жана турмуш-тиричилик имараттары;
КР КЧ 31-12:2018 “Унаа токтотуучу жайлар”;
КР КЧ 35-012018 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо-турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо”;
КР КЭ 35-101:2018 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга имараттардын мерчемдик чечимдерин кабыл алууда жашоо-турмуш чөйрөсүн камсыздоо”;
КР КЧ 40-01: 2023 “Суу менен камсыздоо. Тышкы тармактар жана курулуштар”;
КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу”;
КР КЭ 21-101:2024 “Имараттардын жана курулмалардын өрт автоматикасы”
КР КЭ 40-102:2024 “Имараттын ички суу түтүктөрү жана канализациясы”;
МАМСТ 34428-2018 “Эвакуациялык фотолюминесценттүү системалар. Жалпы техникалык шарттар”;
МАМСТ 25772-83 “Тепкичтердин, балкондордун жана чатырлардын болот (темир) тосмолору. Жалпы техникалык шарттар”;
МАМСТ 30494-96 “Турак жай жана коомдук имараттар. Жайлардагы микроклиматтын параметрлери”;
ВКЧ 01-89 “Автомобилдерди тейлөө ишканасынын ведомстволук курулуш ченемдери”;
ЖСЧ 01-91 “Автомобиль транспорт ишканаларын технологиялык долбоорлоонун жалпы союздук ченемдери”.
3. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
3.1. Бул ченемдер жаңы автобекеттерди, автостанцияларды, автопавильондорду жана автокассаларды долбоорлоо, реконструкциялоо жана иштеп жаткан станциялык курулмаларды кеңейтүү үчүн арналат.
Жаңы автобекеттерди, автостанцияларды, автопавильондорду жана автокассаларды долбоорлоо, реконструкциялоо жана иштеп жаткан станциялык курулмаларды кеңейтүү Ченемдик шилтемелердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
3.1.1. Жаңы автобекеттерди, автостанцияларды, автопавильондорду жана автокассаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана иштеп жаткан станциялык курулмаларды кеңейтүүдө алардын сметалык наркына, ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү түрдө мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүшөт.
Кыргыз Республикасынын “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Мыйзамына ылайык, курулуш объекттеринин бардык этаптары: объекттерди куруунун, реконструкциялоонун, кеңейтүүнүн, техникалык кайра жабдуунун, консервациялоонун жана жоюунун техникалык-экономикалык негиздемелери жана долбоорлору жана башка долбоорлор ишке ашырылууда айлана-чөйрөгө таасир этиши мүмкүн болгондуктан, экологиялык экспертизанын объекттери болуп саналат, ошол себептен алардын сметалык наркына, ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү мамлекеттик экспертизадан өтөт.
3.2. Имараттын жалпы, пайдалуу жана эсептик аянты, курулуш көлөмү, курулуш аянты, бийиктиги жана кабаттуулугу КР КЧ 31-04:2018 ылайык аныкталышы керек.
3.2.1. Автобекеттерде жана автостанцияларда төмөнкүлөр каралышы керек.
- имаратта жүргүнчүлөр үчүн жайлар, кызматтык жана техникалык жайлар;
- имараттын сыртында жүргүнчүлөр күтүүсү үчүн ыңгайлаштырылган жүргүнчүлөр зонасы, көчөдө билеттерди сатуу зонасы, кол жүктөрүн сактоо жана киосктордо чекене сатуу зоналары;
- жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү посттору менен, жөнөтүү жана келүү перрондору;
- каттам аралык тыныгуу аянты, автобустардын жүрүүчү жолдору жана техникалык кароо посттору бар транспорттук аймак;
- таштандыларды жана тамак-аш калдыктарын чогултуу жана сактоо үчүн аянтчасы бар чарбалык зона.
3.2.2. Автопавильондордо төмөнкүлөр каралышы керек:
- автокасса, диспетчердик жетекчилик;
- жүргүнчүлөрдү жамгырдан жана башка жагымсыз климаттык шарттардан калкалоо үчүн жабык же жарым жабык типтеги жайлар;
Калктуу конуштардагы автомобиль жолдорунун жанында курулуп, жакынкы автобекеттердин же автостанциянын филиалы катары иштейт.
3.2.3 Жакынкы автовокзалдын же автостанциянын филиалы катары иштеп жаткан автокассаларда төмөнкүлөр каралышы керек:
- автокасса, диспетчердик жетекчилик;
Калктуу конуштардагы автомобиль жолдорунун жанында курулуп, жакынкы автобекеттердин же автостанциянын филиалы катары иштейт.
3.2.4. Өзүнчө чарба жүргүзүүчү субъект катары автокассалар, бекитилген автобустук каттамдардын санына жараша:
- жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү посттору менен, жөнөтүү жана келүү перрондору;
- каттам аралык күтүү аянтчасы, автобустардын жүрүшү үчүн өтүүчү жолдору жана техникалык кароо посттору бар транспорттук аймак;
- имаратта жүргүнчүлөр үчүн жайлар, кызматтык жана техникалык жайлар;
- имараттын сыртында жүргүнчүлөр күтүүсү үчүн ыңгайлаштырылган жүргүнчүлөр зонасы, көчөдө билеттерди сатуу зонасы, кол жүктөрүн сактоо жана киосктордо чекене сатуу зоналары;
3.3. Станциялык курулмаларды долбоорлоодо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана калктын аз мобилдүү топторунун курулмалардын аймагында коопсуз жүрүүсүн, алардын имараттардагы жайларга ыңгайлуу жетүүсүн жана пайдалануусун камсыз кылуу үчүн иш-чаралар каралышы керек:
- имараттардын кире беришиндеги тепкичтерде жана имараттын бөлмөлөрдөгү полдун деңгээлинде айырмачылыктар болгондо пандустардын болушу;
-майыптар коляскасынын жана балдар коляскасынын өтүүчү жолдорунун эсепке алынган өлчөмдөрү менен эшиктердин жана тамбурлардын болушу;
- биринчи кабаттан жогору жайгашкан жайлар болгондо жүргүнчүлөр үчүн лифттердин орнотулушу.
Кресло-коляскаларды колдонгон майыптар үчүн автовокзалдардын жана автостанцияларынын имараттарында “КР КЧ 35-01:2018 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо-турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо” талаптарына ылайык шаймандар каралышы керек.
3.4. Станциялык курулмалардын имараттарынын, ошондой эле имараттан тышкары ыңгайлуу жүргүнчүлөр зоналарынын курамы жана аянты курулуш болуп жаткан аймактын климаттык шарттарына жараша каралат.
3.5. Автобекеттерде жана автостанцияларда жакынкы автотранспорт ишканалары менен автобустарды тейлөө боюнча натыйжалуу кооперацияны камсыз кылуу мүмкүндүгү жок учурда, төмөнкүлөр каралышы керек:
- автобустарды механикалык жуулушу;
- автобустардын рейстер аралык күтүү аянтчасында кыймылдаткычтарды жылытуу каражаттары.
3.6. Станциянын курулмаларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү долбоордук тапшырманын милдеттүү 1-тиркемесине ылайык, жүргүнчүлөрдүн суткалык эсептик агымы менен аныкталат.
3.7. Станциянын курулмалардын классификациясы 1-таблицага ылайык жүргүнчүлөрдү суткалык эсептик жөнөтүүсүнүн көлөмүнө жараша аныкталат.
1-таблица
Эсептик суткалык жөнөтүү, жүргүнчүлөр | Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу | Аталышы |
100дөн 200гө чейин 200дөн жогору 400гө чейин »400дөн 600гө чейин »600дөн 1000ге чейин | 10 25 50 75 | Автостанциялар |
1000ден жогору 2000ге чейин »2000 3000 Чейин »3000ден 4000ге чейин | 100 150 200 | Кичи автобекеттер |
4000ден жогору 6000ге чейин »6000ден 8000ге чейин »8000ден 10000ге чейин | 250 300 400 | Орточо автобекеттер |
10000ден жогору 15000ге чейин »15000 20000 чейин »20000 25000 чейин »25000 30000 чейин »30,000 ден 40,000 ге чейин » 40000 | 500 600 700 800 900 1000 | Чоң автобекеттер |
Станциялык курулмаларынын сыйымдуулугу:
- бир убакта, ченемдик талаптарга ылайык имаратка жайгаша ала турган адамдардын саны.
4. АВТОБЕКЕТТЕРДИН ЖАНА АВТОСТАНЦИЯЛАРДЫН СХЕМАСЫ
4.1. Чакан жана орто шаарлардагы автобекеттерди жана автостанцияларды шаар ичиндеги транспорттук каттамдардын борборуна жайгаштыруу керек, чоң шаарлардагы автобекеттерди, эреже катары, шаар ичиндеги транспорттун түрлөрү менен байланышкан жана шаардын сыртындагы автомобиль жолдоруна ыңгайлуу чыгуу жолдору менен камсыз кылынган шаарлардын четиндеги райондорго жайгаштыруу керек.
4.2. Тышкы транспорттун эки же бир нече түрү кесилишкен же кошулган пункттары бар шаарларда транспорттун бул түрлөрүн жүргүнчүлөрдү ташууну тейлөөчү бириккен автобекеттери долбоорлонууга тийиш.
4.3. Башкы план менен автобекеттин жана автостанциянын аймагында автобустардын жана жүргүнчүлөрдүн жүрүү жолдорун бөлүү камсыз кылынууга тийиш.
4.4. Башкы планды түзүүдө транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын уюштуруу боюнча төмөнкү иш-чаралар каралышы керек:
- жол белгилерин, светофорлорду жана визуалдык байланыш каражаттарын жайгаштыруу;
- жүрүүчү бөлүктү жана каттамдар (рейстер) аралык күтүү аянтчасын белгилөө;
- жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөрдү, шаардык транспортторго арналган аялдамаларды жана токтоочу жайларын жабдуу.
4.5. Жөнөтүү аянттары (перрондору) имаратка максималдуу жакындаштырылып жайгаштырылып, жүргүнчүлөрдүн жайларынан кыска жолду камсыз кылуу керек. Жөнөтүү перрондоруна жанаша жайгашкан жүргүнчүлөр үчүн жазылыгы 2,5 метрден кем эмес күтүү зоналары каралышы керек.
Жүргүнчүлөр келген перрондор, жүргүнчүлөрдү эң кыска жол менен имаратка кирбей бекеттин алдындагы аянтка өтүшүн камсыздап жайгаштырылышы керек.
4.6. Шаар четиндеги маршруттук каттамдардагы автобустардын интервалы 20 мүнөттөн ашпаган жана суткалык эсеп менен жөнөп кетүүдө 3 миңден ашык жүргүнчүлөр болсо, өзүнчө жөнөп кетүү жана келүү аянтчалары (перрондор) каралып, ал аянчаларга жетүү имаратты айланып өтүү менен камсыз кылынышы керек.
4.7. Транзиттик автобустар үчүн жөнөө аянтчасынын аймагында өзүнчө посттор бөлүнүшү керек.
4.8. Перрондордун түзүлүшү (конфигурациясы) жана алардын автобустарды коюу үчүн ылайыкташтырылган жээктери боюнча төмөнкү түрлөрү каралат:
- түз сызыктуу;
- тепкичтүү ;
- тиштүү.
Түз сызыктуу перрондорго, посттордун саны үчтөн ашпаган учурда жол берилет.
Тиштүү перрондор өзгөчө учур катары кабыл алынат.
Перрондордун геометриялык параметрлери 3-милдеттүү тиркемедеги 1, 2 жана 3 сүрөткө ылайык кабыл алынышы керек.
4.9. Перрондордун үстүндө жүргүнчүлөрдү отургузууда жана түшүрүүдө, ошондой эле алар имараттан автобустун алдыңкы эшигине чейин бара жаткан жолдо баш калкалай турган кеңдиктеги бастырмалар каралышы керек.
Келген перрондордун үстүнө тент коюуга жол берилбейт.
Перрондор автобустардын алдыга карай жакындашына жана жүрүүчү бөлүктөн 25 см бийиктикке көтөрүлүүгө ылайыкташтырылышы керек.
4.10. Отургузуу жана түшүрүү постторунун саны, ошондой эле каттамдар аралык автобус токтотуучу жайдагы орундардын саны 2-таблицага ылайык жүргүнчүлөрдүн суткалык болжолдуу жалпы чыгуусуна ылайык аныкталууга тийиш, ал эми, тейлөөнүн ар бир түрү боюнча посттордун саны кызмат көрсөтүүнүн ушул түрүнүн күнүмдүк чыгуулардын жалпы санынан пайызына ылайык аныкталат.
2-таблица
Эсептик суткалык жөнөтүү, жүргүнчүлөр. | Автобустардын саны | |||||||||
шаар аралык | шаар четиндеги | |||||||||
билдирүүлөр | Автобус токтотуучу аянтчасындагы жерлер | билдирүүлөр | Автобус токтотуучу аянтчасындагы жерлер | |||||||
кетүү | келүү | кетүү | келүү | |||||||
100дөн 200гө чейин | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 | 3 | ||||
Жогору. 200дөн 400гө чейин | 2 | 1 | 3 | 1 | 1 | 4 | ||||
»400дөн 600гө чейин | 2 | 1 | 4 | 1 | 1 | 6 | ||||
»600дөн 1000ге чейин | 3 | 2 | 6 | 2 | 1 | 8 | ||||
»1000 2000 чейин | 5 | 3 | 10 | 3 | 2 | 12 | ||||
»2000 3000 Чейин | 6 | 3 | 12 | 3 | 2 | 14 | ||||
»3000ден 4000ге чейин | 7 | 4 | 14 | 4 | 2 | 16 | ||||
»4000 6000 чейин | 8 | 4 | 16 | 4 | 2 | 18 | ||||
»6000ден 8000ге чейин | 9 | 5 | 18 | 5 | 3 | 20 | ||||
»8000ден 10000ге чейин | 10 | 5 | 20 | 5 | 3 | 22 | ||||
| ар бир | |||||||||
» 10000 | 2000 | 4000 | 1000 | 4000 | 4000 | 1000 | ||||
| жүргүнчүлөргө 1 пост (орун) 10000ден ашык суткалык жөнөтүлгөн жүргүнчүлөр болсо | |||||||||
Эсептөөнүн мисалын 5-тиркемеден караңыз.
4.11. Жашылдандырылган жүргүнчү зоналары перрондорго жана имаратка жанаша жайгаштырылышы керек.
Көчөдө билеттерди сатууну уюштурууда жүргүнчүлөр үчүн туурасы 6 метрден кем эмес бастырма каралышы керек.
Имараттан тышкары автоматтык ячейкаларда кол жүгүн сактоо, алардын сакталышын камсыз кылуу менен, 4-таблицанын 1-пунктунда, 5-таблицанын 5-пунктунда көрсөтүлгөн санда, тосмосу бар бастырманын алдына коюлушу керек.
4.12. Перрондордун, өтмөктөрдүн, жеңил автомобилдерди токтотуучу жайлардын жана автобустарды коюучу аянттардын үстүнкү беттери мунайзаттарга туруктуу катуу катмарлардан болууга тийиш.
4.13. Көрктөндүрүлгөн жүргүнчүлөр зонасына же вокзалдын жанындагы аянтка чектеш аймакта чекене соода, коомдук тамактануу жана оюн-зоок багытындагы күркөлөрдү жана павильондорду жайгаштыруу керек. Аталып өткөн объекттердин саны жана багыты долбоорлоодогу тапшырма менен аныкталат.
4.14. Техникалык кароо посту, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуучу түйүндөрдү жана агрегаттарды текшерүү керектиги үчүн арналган.
Автобустарды техникалык кароо сырткы эстакадада же имаратта (механикалаштырылган жууп-тазалоо бар учурда), өтүүчү же туюк посттордо 20 каттамдар аралык токтотуучу жайга 1 пост эсебинде аткарылат, бирок бирден кем эмес эсебинде болушу керек.
Техникалык кароо постторун, автобустарды механикалаштырылган жууп-тазалоону жана алардын жабдууларын ЖСЧ 01-91 талаптарына ылайык долбоорлоо керек.
4.15. Автобустардын каттамдар аралык жайгашуусунун жана өтмөктөрдүн аянтчасынын геометриялык параметрлери чоң сыйымдуулуктагы автобустардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө ылайык кабыл алынышы керек.
4.16. Автовокзал же автостанциясын куруу үчүн жер участогунун аянты, эреже катары, отургузуу жана түшүрүү постторунун санына жараша 3-таблицага ылайык аныкталышы керек.
3-таблица
Отургузуу жана түшүрүү постторунун саны | Автобекеттер жана автостанциялар | Жер участогунун салыштырма аянты, м2 1 постко |
2ден 5ке чейин Жогору. 5тен 10го чейин | Автостанциялар Чакан автобекеттер | 1300 17000 |
Жогору. 10дон 15ке чейин »15тен 20га чейин » 20 | Орто, чоң автовокзалдар » » | 1400 1200 1000 |
Эскертүү. Жер участогунун салыштырма аянты автобекеттин жанындагы аянтты жана 2.12-пунктта көрсөтүлгөн объекттерди жайгаштыруу үчүн аймакты эсепке албастан берилген.
Автобекеттин жана автостанциянын башкы планынын сунушталган схемалары 2-тиркеменин 1 жана 2 сүрөттөрүндө келтирилген.
5. ИМАРАТТАРДЫН КӨЛӨМДҮК-ПЛАНДОО ЧЕЧИМДЕРИ
5.1. Автовокзалдардын жана автостанциялардын имараттарынын көлөмдүк-пландоо чечимдери жүргүнчүлөр жана кызматтык жайлардын зоналарын пландоо менен бөлүштүрүүнү камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр менен персоналдын кыска жолдор менен функционалдык байланыштарды камсыздоо талаптарына жооп берүүгө тийиш.
5.2. Автостанциялардын имараттарынын курамын жана аянтын 4-таблицага ылайык кабыл алуу керек.
4-таблица
Бөлмөлөр | жүргүнчүлөрдү суткалык эсептик жөнөтүүдө, аянт, м2 | ||||
100 - 200 | 200 - 400 | 400 - 600 | 600 - 1000 | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
| А. Жүргүнчүлөр жайлары | 35 | 60 | 100 | 150 |
|
|
|
|
| |
|
| чекене соода күркөлөрүн эске алуу менен, даана. | |||
|
| - | 1 | 2 | 3 |
|
| кол жүгүн автоматтык сактоочу ячейкалар, даана | |||
|
| 9 | 18 | 27 | 36 |
|
|
|
|
|
|
|
| эске алуу менен күркөлөрдүн чекене соода, даана | |||
|
| - | 1 | 2 | 3 |
2. | Эне жана бала бөлмөлөрү:
|
|
|
|
|
| Жалпы бөлмө | - | - | 15 | 21 |
|
| балдар керебеттеринин саны | |||
|
| - | - | 2 | 3 |
|
| - | - | 4 | 4 |
| Даараткана | ажатканалардын (унитаз) саны | |||
|
| - | - | 1 | 1 |
3. | Коомдук дааратканалар: | КР КЧ 31.06:2018 боюнча санитардык приборлордун, пол табактардын (напольнын чаши) жана заара чыгаруучулардын (писсуарлардын) саны, бардыгы | |||
|
| 6 | 8 | 8 | 10 |
4. | Буфет | отургузуучу орундардын саны | |||
|
| - | 12 | 12 | 16 |
| Б. Кызматтык жайлар |
|
|
|
|
1. | Кассалык | 4 | 4 | 4 | 8 |
|
| ячейкалардын саны | |||
|
| 1 | 1 | 1 | 2 |
2. | Диспетчердик бөлмө, анын ичинде тосмонун артындагы айдоочулардын бөлмөсү | 18 | 18 | 24 | 24 |
|
| 6 | 6 | 8 | 8 |
3. | Айдоочулардын кыска мөөнөттүү эс алуу бөлмөсү | - | - | - | 9 |
4. | Башчынын кабинети
| - | 8 | 8 | 10 |
5. | Көмөкчү бөлмө | 4 | 6 | 6 | 8 |
6. | Кампа | - | - | 6 | 8 |
7. | Имараттын аянтын тазалоочулардын бөлмөсү | - | - | 6 | 8 |
8. | Кызматтык дааратканалар | КР КЧ 31.06:2018 боюнча унитазардын саны, бардыгы | |||
|
| - | - | 1 | 2 |
9. | Техникалык жайлар | КР КЧжЭ тиешелүү главаларына жана техникалык шарттарына ылайык | |||
Эскертүүлөр.
1. Айрым жайлардын аянттарынын ченемдерден четтөөгө жол берилгендеги бөлмөлөрдүн аянты:
- 10 м2 чейин-20га %,
- 10 м2 жогору болгондо - 10% га.
2. Жүргүнчүлөр залынын аянты күркөлөрдү жана алардын алдындагы 2 метрлик зонаны эске албастан берилген.
3. Болжолдуу суткалык жөнөтүүсү 400 жана андан ашык жөнөтүү бар учурда автостанцияларда билеттерди түздөн-түз көчөдө сатуу мүмкүнчүлүгү каралышы керек.
4. Эркектердин жана аялдардын коомдук дааратканаларындагы санитардык шаймандарын бирдей санда кабыл алынышы керек
5.3. Автовокзалдардын имараттарынын курамын жана аянттарын 5-таблицага ылайык кабыл алуу керек.
5-таблица
Бөлмөлөр | Жүргүнчүлөрдү эсептүү суткалык жөнөтүүдө, аянты, м2 | |||||||||||
1000 - 2000 | 2000 - 3000 | 3000 - 4000 | 4000 - 6000 | 6000 - 8000 | 8000 - 10000 | 10000 - 15000 | 15000 - 20000 | 20000 - 25000 | 25000 – 30 000 | 30000 – 40 000 | Свыше 40 000 | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
А. жүргүнчүлөр жайлары | ||||||||||||
1. Кассалык аймак: | 80 | 120 | 160 | 200 | 250 | 330 | 410 | 490 | 580 | 660 | 750 | 850 |
2. Күтүү аймагы: | 50 | 70 | 100 | 120 | 150 | 200 | 250 | 300 | 350 | 400 | 450 | 500 |
3. Чекене соода аймагы: | Күркөөлөрдүн саны | |||||||||||
3 | 4 | 4 | 5 | 5 | 5 | 5 | 6 | 6 | 6 | 8 | 8 | |
4. Эне жана бала бөлмөлөрү: | оюн бөлмөсү | |||||||||||
24 | 36 | 18 | 18 | 24 | 24 | 30 | 30 | 36 | 40 | 45 | 50 | |
уктоочу бөлмөсү | ||||||||||||
- | - | 18 | 20 | 24 | 36 | 45 | 50 | 60 | 70 | 80 | 90 | |
Балдардын укташы үчүн орундардын (керебеттеринин) саны | ||||||||||||
3 | 4 | 4 | 5 | 6 | 8 | 10 | 12 | 14 | 16 | 18 | 20 | |
даараткана | 4 | 4 | 4 | КР КЧ 31-06:20218 боюнча | ||||||||
Ажатканалардын (унитаз) саны | ||||||||||||
1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | |
Казанча идиш (Горшок) бөлмөсү | - | - | - | 3 | 3 | 3 | 3 | 6 | 6 | 6 | 10 | 10 |
Ванна бөлмөсү | - | - | - | - | - | - | - | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 |
кезметчилердин бөлмөсү | - | - | - | 4 | 4 | 4 | 4 | 6 | 6 | 6 | 6 | 6 |
кирүү бөлмөсү | 2 | 2 | 2 | 4 | 4 | 6 | 6 | 8 | 8 | 12 | 12 | 12 |
5. Кол жүктөрүн сактоо камералары: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
автоматтык ячейкалар менен жабдылган
| 24 | 32 | 48 | 32 | 40 | 50 | 56 | 70 | 90 | 100 | 120 | 130 |
| ячейкалардын саны | |||||||||||
| 54 | 81 | 108 | 72 | 90 | 126 | 144 | 180 | 216 | 234 | 288 | 324 |
текчелер менен жабдылган | - | - | - | 30 | 36 | 40 | 56 | 64 | 70 | 80 | 90 | 100 |
| сактоочу жайлардын саны | |||||||||||
| - | - | - | 63 | 72 | 90 | 126 | 144 | 162 | 180 | 196 | 216 |
текчелер менен жабдылган сактоо камерасынын алдындагы аймак | - | - | - | 15 | 18 | 20 | 28 | 32 | 35 | 40 | 45 | 50 |
жоголгон буюмдарды сактоо камерасы менен нөөмөт бөлмөсү | - | - | - | - | - | 8 | 8 | 12 | 12 | 12 | 18 | 18 |
6. Тамеки чегүү бөлмөсү | - | - | - | 18 | 18 | 24 | 24 | 36 | 36 | 36 | 36 | 36 |
7. Коомдук дааратканалар | КР КЧ 31-06:2018 боюнча санитардык приборлордун саны-полго төшөлүүчү табактар (напольные чаши) жана заара чыгаруучулар (писсуар), бардыгы | |||||||||||
10 | 10 | 12 | 12 | 16 | 20 | 24 | 28 | 34 | 38 | 42 | 46 | |
8. Коомдук тамак-аш ишканалары | отуруучу орундардын саны, анын ичинде айдоочулар жана кызматкерлер үчүн (бөлүүчүдө) | |||||||||||
буфет | 164 | 24/4 | - | - | - | - | - | - | - | 2 буфет | - | |
өзүн-өзү тейлөөчү кафе | - | 28/8 | 36/12 | 44/12 | - | - | - | - | - | - | - | - |
өзүн-өзү тейлөөчү кафе жана буфет | - | - | - | - | - | 60/16 | 72/20 | 74/24 | 76/28 | 84/32 | 100/36 | 112/40 |
9. Медициналык пункт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
кабылдама | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 | 15 | 15 | 18 | 18 | 24 | 24 | 24 |
дарыгердин кабинети | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 2 кабинета по 18 | ||
таңуу бөлмөсү | - | - | - | - | - | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 |
даараткана | КР КЧ 31-06:2018 боюнча сантехникалык приборлордун саны, бардыгы | |||||||||||
| 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 |
10. Милиция пункту |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
кезметчинин бөлмөсү | 12 | 15 | 18 | 18 | 24 | 18 | 24 | 12 | 12 | 15 | 15 | 15 |
Кармалгандардын алдын ала камоо камерасы | - | - | - | - | - | 8 | 8 | 8 | 8 | 12 | 12 | 12 |
Ыктыяр жардамчылардын бөлмөсү | - | - | - | - | - | - | - | 18 | 18 | 24 | 24 | 24 |
даараткана | КР КЧ 31-06:2018 боюнча пол табактардын (напольные чаши) саны, бардыгы | |||||||||||
1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | |
11. Жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн кошумча жай (байланыш бөлүмү, тиричилик жактан тейлөө ишканалары, оюн автоматтар залы, видеосалон жана ж. б.)
|
Техникалык шарттар жана тапшырма боюнча | |||||||||||
Б. Кызматтык жайлар | ||||||||||||
1. Кассалык блок: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
билеттерди сатуу кассалары; кассалардын администраторунун ячейкасы жана кассалардын артындагы коридорлор | 15 | 20 | 28 | 35 | 40 | 56 | 70 | 85 | 100 | 110 | 125 | 140 |
| кассалардын саны | |||||||||||
| 4 | 4 | 5 | 6 | 7 | 9 | 11 | 13 | 15 | 17 | 19 | 21 |
билет кампасы | - | - | - | - | - | 6 | 6 | 8 | 8 | 12 | 12 | 12 |
улук кассирлер бөлмөсү | - | - | - | - | 8 | 8 | 12 | 12 | 18 | 18 | 24 | 24 |
кассирлердин эс алуу бөлмөсү | 12 | 12 | 12 | 15 | 15 | 18 | 18 | 24 | 24 | 30 | 36 | 42 |
инкассатордук | - | - | - | 12 | 12 | 12 | 12ден 2 бөлмө | 12ден 3 бөлмө | ||||
кассалардагы даараткана | КР КЧ 31-06:2018 боюнча дааратканалардын (унитаз) саны | |||||||||||
| - | - | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 |
аялдардын жеке гигиенасын сактоо жайы | - | - | - | - | - | - | - | КР КЧ 31-06:2018 боюнча | ||||
2. Вокзал боюнча кезметчи | 8 | 8 | 8 | 12 | 12 | 12 | 12 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 |
3. Сурап-билүү бюросунун кабинасы | - | - | - | 7 | 7 | 7 | 7 | 7ден 2 кабина | ||||
4. Диспетчердик бөлмө | 18 | 24 | 24 | 28 | 28 | 28 | 32 | 32 | 36 | 40 | 44 | 48 |
5. Диктордун бөлмөсү | - | - | - | 8 | 8 | 8 | 8 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 |
6. Байланыш түйүнү | - | - | - | - | - | 18 | 18 | 24 | 24 | 36 | 36 | 36 |
8. Айдоочулар-дын каттам алдындагы медициналык күбөлөндүрүү бөлмөлөрү: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
кабыл алуу бөлмөсү | - | - | - | - | - | - | - | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 |
дарыгер-наркологдун кабинети | - | - | - | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 12ден 2 кабинет | ||
дарыгер-терапевттин кабинети | - | - | - | - | - | - | - | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 |
9. Перрон контролерлорунун бөлмөсү | - | - | - | 8 | 8 | 12 | 12 | 18 | 18 | 24 | 24 | 24 |
10. Касса боюнча орундарды бөлүштүрүүчү операторлорунун бөлмөсү | - | - | 8 | 12 | 12 | 12 | 18 | 18 | 24 | 24 | 30 | 30 |
11. Жүк ташуучулардын бөлмөсү, араба сактоочу жайы менен | - | - | - | - | 11 | 16 | 17 | 24 | 25 | 32 | 33 | 34 |
12. Айдоочулардын кыска мөөнөттүү эс алуу бөлмөлөрү | 12 | 12 | 18 | 18 | 24 | 24 | 30 | 36 | 42 | 48 | 60 | 72 |
13. Башчынын кабинети | 12 | 12 | 12 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 |
14. Кабыл алуу бөлмөсү | - | - | - | - | - | - | - | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 |
15. Башчынын орун басарынын кабинети | - | - | - | - | - | - | - | - | - | 12 | 12 | 12 |
16. Техникалык иштетүү кызматынын бөлмөлөрү: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
инженердин: | - | - | - | - | - | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 |
чарба башчысынын | - | - | - | - | - | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 |
17. Жыйындар залы | - | - | - | 24 | 24 | 24 | 24 | 36 | 36 | 36 | 36 | 36 |
18. Коомдук уюмдардын бөлмөсү | - | - | - | - | - | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 |
19. Жыйноочу унаалардын жана шаймандар кампасы | 12 | 12 | 12 | 16 | 16 | 20 | 24 | 30 | 36 | 40 | 48 | 54 |
20. Жабдуулардын шаймандардын жана эмеректердин кампасы | 24 | 24 | 30 | 36 | 42 | 48 | 54 | 60 | 70 | 80 | 90 | 100 |
21. Сүрөтчүнүн устаканасы | - | - | - | - | - | 18 | 18 | 24 | 24 | 24 | 24 | 24 |
22. Жабдууларды оңдоочу жай | 12 | 12 | 12 | 18 | 18 | 24 | 24 | 36 | 36 | 48 | 48 | 48 |
23. Эмеректерди ондоочу жай | - | - | - | - | - | 18 | 18 | 24 | 24 | 36 | 36 | 36 |
24. Көчө тазалоочу жабдууларды жана механизмдерди сактоочу жайлар | 8 | 8 | 8 | 12 | 12 | 24 | 24 | 36 | 36 | 36 | 36 | 36 |
25. Имараттын аянтын тазалоочулардын жайы | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 |
26. Күзөт бөлмөлөрү | - | - | - | - | - | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 |
жана өрт посту | 10 | 10 | 10 | 15 | 15 | 15 | 15 | 15 | 20 | 20 | 20 | 20 |
27. Кызматкерлер | КР КЧ 31-06:2018 боюнча | |||||||||||
жана айдоочулар үчүн дааратканалар | 2 | 2 | 2 | 4 | 4 | 6 | 6 | 8 | 8 | 10 | 10 | 10 |
28. Аялдардын (персоналдын) жеке гигиенасы-нын бөлмөсү | - | - | - | КР КЧ 31-06:2018 боюнча (1бөлмө) | ||||||||
29. Кызматкерлердин шкафтары жана душ кабиналары | - | - | - | - | - | КР КЧ 31-06:2018 боюнча | ||||||
Душ сеткелеринин саны | ||||||||||||
- | - | - | - | - | 2 | 2 | 4 | 4 | 4 | 6 | 6 | |
В. Долбоорлоо тапшырмасы боюнча кошумча кызматтык жайлар | ||||||||||||
1. Автоматтык кассалардын касса бөлмөсү | - | - | - | 12 | 12 | 12 | 12 | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 |
2. Айдоочулар-дын (кондукторлордун) акча эсептөө бөлмөсү | - | - | - | - | - | 18 | 18 | 24 | 24 | 36 | 36 | 36 |
3. Түшкөн каражаттарды кабыл алуу кассасы | - | - | - | - | - | 6 | 6 | 6 | 6 | 2 касса 6 боюнча | ||
4. Айдоочуларга (кондукторлорго) билет берүү кассасы | - | - | - | - | - | 6 | 6 | 6 | 6 | 6 | 6 | 6 |
5. Кондуктор баштыктарын сактоочу кампа | - | - | - | - | - | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 |
6. Айдоочулардын түнкү эс алуу бөлмөлөрү: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
- 2 кишилик уктоочу бөлмө | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 |
| (тапшырма боюнча орундардын саны) | - | - | - | - | - | - | - | ||||
- кезметчи персоналдын бөлмөлөрү | 1 м2 эсебинде 1 уктоочу орунга, бирок 12 м2 кем эмес болушу абзел | |||||||||||
- кирүү залы, холл | 1 м2 эсебинде 1 уктоочу орунга, бирок 12 м2 кем эмес болушу абзел | |||||||||||
- даараткана, жуунуучу, душ жайлары | Тапшырма боюнча, бирок 2 дааратканадан, 2 жуунгучтан жана 1 душ кабинасынан кем эмес | |||||||||||
7. Башкаруунун жана маалыматтын автоматташтырылган системасынын жайлары | Жабдуулардын техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча | |||||||||||
Г. Инженердик камсыздоонун техникалык жайлары | ||||||||||||
| Жабдуулардын техникалык шарттары жана мүнөздөмөлөрү боюнча | |||||||||||
Эскертүүлөр.
1. Айрым жайлардын аянттарынын ченемдерден четтөөгө, азайтууга же көбөйтүүгө жол берилет, ал бөлмөлөрдүн аянты эгерде:
- 15 м2 чейин болсо -15ке %;
- 15 м2 жогору болсо -5% .
2. Жергиликтүү шарттарга жараша кассалык зонанын аянтын тиешелүү түрдө бирок 20% дан ашык эмес көлөмдө азайтуу менен, көчөдө билеттерди сатуу кассаларды жайгаштырууга жол берилет.
3. Автобекеттен тышкары билеттерди алдын ала сатууну уюштурууда кассалардын саны жана касса залынын аянты автобекеттен тышкары билеттерди алдын ала сатуунун көлөмүнө ылайык (тапшырма боюнча) азайтылышы керек.
4. Кассалык автоматтар аркылуу билеттерди сатууну уюштуруу тапшырма менен аныкталат. Кассалык машиналардын саны шаар четиндеги каттамдардын болжолдуу суткалык чыгуусунун 1 миң жүргүнчүсүнө 1 машинанын эсебинде кабыл алынууга тийиш, бирок үчтөн кем эмес болушу керек. Кассалардын санын кыскартууда 1 кассалык ячейканы 3 аппаратка алмаштыруу эсебинен болушу керек.
5. Эркектердин жана аялдардын коомдук дааратканаларындагы санитардык шаймандарын бирдей санда кабыл алынышы керек
5.4. Автобекеттерде жана автостанцияларда иштегендердин санын 4-тиркемедеги таблицага ылайык кабыл алуу сунушталат.
5.5. Автобекеттердин жүргүнчүлөр жайларынын курамына: кассалык, күтүүчү, бөлүштүрүүчү жана чекене соода зоналары кирет, алар бирдиктүү жүргүнчүлөр залында жайгашышы мүмкүн; күтүү залдары жана кассалык жайлары өз-өзүнчө бөлүнүп берилиши мүмкүн.
5.6. Бөлүштүрүү зонасына, ар кандай жүргүнчүлөр жайларынын ортосунда жүргүнчүлөрдүн агымын бөлүштүрүү үчүн кызмат кылган жайлар (вестибюлдар, залдар, өтмөктөр ж.б.) кирет.
5.7. Чоң автобекеттердин имараттарында билеттерди алдын ала сатуу залын бөлүүгө, ошондой эле шаарлар аралык жана шаар четиндеги каттамдарда жүргүнчүлөрдү өзүнчө күтүү залдарын түзүүгө жол берилет, мында шаар четиндеги каттамдарга билеттерди күтүү залында сатууга жол берилет.
5.8. Балдары бар жүргүнчүлөр үчүн жайлар, адатта, күтүү зонасына жанаша жайгаштырылышы керек.
5.9. Коомдук дааратканалар, жүргүнчүлөрдүн келүүчү жана кетүүчү негизги жолдорунун ортосунда жайгашып, жүргүнчүлөр жайларынан жана перрондордон кирүүчү жолдор менен камсыздалууга тийиш.
Коомдук дааратканаларды, өзүнчө турган имаратта перрондорго жана имаратка оптималдуу жакын жерде жайгаштырылышына жол берилет.
5.10. Чоң автовокзалдардын имараттарындагы тамак-аш тейлөө ишканаларында, кызматкерлерди жана айдоочуларды тейлөө үчүн өзүнчө соода залы бөлүү керек.
5.11. Кассалык ячейкалар бири-биринен обочолонуп, кеминде 1,8х1,8 м өлчөмүндө каралышы керек. Билет кассаларын ачык тосмонун артына орнотууга, ошондой эле полдорду муздатууга алып келүүчү конструкцияларды жана материалдарды пайдаланууга жол берилбейт.
5.12. Автобекет боюнча кезметчинин бөлмөсү негизги жүргүнчүлөр жайларына жанаша жайгаштырылышы керек.
5.13. Диспетчер бөлмөсү, эреже катары, кетүү перрондорун толук көрүү мүмкүнчүлүгү менен жайгаштырылышы керек.
Жөнөтүү диспетчеринин жумуш ордунун полунун белгиси жүрүүчү бөлүктүн деңгээлинен кеминде 90 см бийик болушу керек, ал эми полдун конструкциясы анын муздашына алып келбеши керек.
5.14. Кабарлоо дикторлорунун, байланыш түйүнүнүн жана радиокабарлоо бөлмөлөрү диспетчердик бөлмөгө жанаша жайгаштырылышы керек.
5.15. Айдоочунун бөлмөсү диспетчердик жайга жанаша жайгаштырылууга жана аны менен документтерди тариздөө үчүн дубалдагы атайын терезечелер менен бириктирилүүгө тийиш.
5.16. Айдоочулардын каттам алдындагы медициналык текшерүү өтүү бөлмөлөрү жана айдоочулар кыска мөөнөттүү эс алуучу бөлмөлөрү айдоочуулардын бөлмөсүнүн жанына жайгаштырылышы керек.
5.17. Перрондук контролерлор бөлмөсү диспетчер бөлмөсүнүн жана кетүүчү перрондордун жанына жайгаштырылышы керек.
5.18. Жүк ташуучулардын араба кампасы бар бөлмөсү перрондордун жанына коюлушу керек.
5.19. Орундарды кассалар боюнча бөлүштүрүү операторлорунун бөлмөсү, ушул операторлор диспетчерлерге документтерди берүү үчүн байланыш менен камсыз болууга тийиш.
5.20. Автостанциянын башчысынын кабинети жүргүнчүлөр залына жанаша жайгаштырылышы керек.
5.21. Имараттын аянтын тазалоочулардын жана күзөтчүлөрдүн бөлмөлөрү көчөдөн кирүү менен камсыздалышы керек.
5.22. Автоматтык кассаларды кассалоо, түшкөн акчаны эсептөө жана айдоочулар (кондукторлор) тарабынан которуу бөлмөлөрү кассалык блоктун курамына жайгаштырылышы керек.
5.23. Инкассаторлордун жайы инкассациянын ыңгайлуулугун камсыз кылууну эске алуу менен касса блогунда жайгаштырылууга тийиш жана инкассатордук автомобилдин келиши мүмкүн болгон өзүнчө чыгуу жолу менен камсыздалуушу керек.
5.24. Автоматтык өрт сигнализациясы менен төмөнкүлөр жабдылышы керек: операциялык жана кассалык залдар, бириккен жүргүнчүлөр залдары, билет жана багаж кассаларынын кабиналары, эненин жана баланын бөлмөлөрү, жол жүгүн (багаж) жана кол жүгүн кабыл алуу жана берүү жайлары, жүргүнчүлөрдүн узак мөөнөткө туруу бөлмөлөрү, байланыш бөлүмдөрүнүн жана аманат кассаларынын жайлары, чач тарачтар, жүргүнчүлөрдү тиричилик жактан тейлөө ишканаларынын жайлары, медициналык пункттар, кызматтык жайлар, кызматкерлердин кийим чечүүчү жайлары, чакан вокзалдардагы жол жүгүн(багаж) жана кол жүгүн сактоочу жайлар (камералар), ошондой эле коомдук тамактануу ишканаларынын жайлары жана электрондук эсептөө машиналары (ЭЭМ) үчүн жайлар.
Бардык автобекеттерде өрт жөнүндө кабарлоонун борборлоштурулган системалары болушу керек.
5.25. Орто жана чоң автовокзалдардагы багажды жана кол жүгүн сактоочу жайлар (камералар) (автоматтык ячейкалар менен жабдылгандардан тышкары) жана күйүп кетүүчү материалдардын кампалары автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору менен жабдылууга тийиш.
6. ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО ЖАНА ЭЛЕКТРО-ТЕХНИКАЛЫК ТҮЗҮЛҮШТӨР
6.1. Электр менен камсыздоо, электро-техникалык түзүлүштөрдү жана жасалма жарыктандырууну Электр түзүлүштөрүнүн түзүлүшүнүн колдонуудагы эрежелерине (ЭТТКЭ), табигый жана жасалма жарыктандырууну долбоорлоо боюнча КЧжЭ (СНиП) главасына, инженердик жабдуу боюнча КЧжЭ башка главаларына жана ушул бөлүмгө ылайык долбоорлоо керек.
6.2. Орто жана чоң автобекеттердин негизги электр керектөөчүлөрүнө электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга карата төмөнкүлөрдү киргизүү керек:
- I категорияга - өрт өчүрүүчү жабдуулар, СНиП 2.04.09-84 жана КР СП 21-101:2024 талаптарына ылайык коргоо жана өрт сигнализациясы;
- II категорияга - билеттерди брондоонун жана сатуунун автоматташтырылган системалары, байланыш каражаттары, сигнализация жана кабарлоо каражаттары, отуруу орундарынын саны - 50 жана андан көп болгон коомдук тамактануу ишканаларынын электр-күч түзүлүштөрү, калктуу конуштардан тышкары жайгашкан вокзалдын жанындагы аянттарды тышкы жарыктандыруу, перрондор, кол жүгүн сактоонун автоматтык камералары;
- III категорияга - желдетүүчү жабдуулар, ички жана тышкы жарык көрсөткүчтөр, жарнактык жана иллюминациялык жарыктандыруу жана турмуш-тиричилик жана чарбалык арналыштагы башка электр кабылдагычтар кирет.
Авариялык жана эвакуациялык жарык берүүчү приборлор, авариялык чыгуу белгилери, ички жана тышкы жарык көрсөткүчтөрү, жарнак жана жарыктандыруу жарыктары жумушчу жарык берүүчү булактан көз карандысыз булакка туташтырылууга тийиш. Эвакуациялоочу жарык берүүчү приборлор жана авариялык чыгуу белгилерин киргизүү бөлүштүрүүчү түзүлүштөн же трансформатордук көмөкчордондон (ТК) баштап, өз алдынча топтук линияларга орнотууга жол берилет.
Автовокзалдардын жана кичи автовокзалдардын долбоорлорунда санап өткөн II категориядагы электр кабылдагычтарды III категорияга кошууга болот.
6.3. Автобекеттерди электр менен жабдуу үчүн зарыл болгон учурда ТКларды вокзалдын имаратына же ага улай курулуштарга бириктип кабыл алуу керек. Өзүнчө ТКны да кароого жол берилет.
6.4. Автобекеттердин жана автостанциялардын жанындагы аянттарынын жана перрондорунун сырткы жарыктандыруусу аралыктан башкарылууга, ал эми жүргүнчүлөр үчүн арналган жайлардын ички жарыктандыруусу борборлоштурулууга тийиш.
6.5. Эвакуациялык жарыктандыруу вокзалдардын төмөнкү жайларында жана курулмаларында каралууга тийиш:
- вестибюльдерде, касса залдарында, коридорлордо, өткөөлдөрдө, галереяларда, тепкичтерде, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр тоннелдеринде, жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөрдө жана перрондордо;
- бир мезгилде 100дөн ашык адам болушу мүмкүн болуучу жайларда;
- диспетчердик, радио түйүндөрдө, байланыш бөлмөлөрүндө, эне жана бала бөлмөлөрүндө, аманат кассаларында, киргизүү-бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн щиттик жайларында.
Авариялык жарык берүү билет кассаларынын кабинеттеринде, транспорттук милициянын жайларында, инженердик жабдуу системаларын борборлоштуруп башкаруу пункттарында каралууга тийиш.
6.6. Вокзалдардын жана автостанциялардын жайларындагы жарык берүү 6-таблица боюнча кабыл алынышы керек.
6-таблица
Бөлмөлөр | Жарык ченөөчү түздүк, полдун үстүндөгү түздүктүн бийиктиги, метр | Жалпы жарыктандыруу тутумундагы жарык берүү, лк, люминесценттик лампалар | Ыңгайсыздыктын көрсөткүчү, ашык эмес | Жарыктын пульсация коэффициенти%, ашык эмес: | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1. | Операциялык жана кассалык залдар, билет кассалары*, байланыш бөлүмдөрүнүн жайлары*, медициналык пункттар, кызматтык жайлар* | Г-0,8 | 300 | 40 | 15 |
2. | Күтүү бөлмөлөрү | Г-0,8 | 200 | 60 | 20 |
3. | Вестибюльдар, бөлүштүрүү залдары | Пол | 150 | 60 | - |
4. | Багажды кабыл алуу жана берүү жайлары | Г-0,8 | 100 | 60 | 20 |
5. | Кол жүктөрүн сактоо камералары | B-1 | 75 | - | - |
6. | Эне жана бала бөлмөлөрү: |
|
|
|
|
| Ойноо * бөлмө | Г-0,8 | 150 | 60 | 20 |
| уктоочу * бөлмө | Г-0,8 | 75 | - | - |
7. | Коридорлор, жөө тоннелдер, галереялар, башкы тепкичтер | Пол | 75 | - | - |
Эскертүү: жылдызчалар менен жеринде жарыктандырууну орнотуу зарыл болгон бөлмөлөрү белгиленген.
6.7. Вокзалдардын сырткы аймактарынын жарыктандыруусу 7-таблицага ылайык кабыл алынышы керек.
7-таблица
Жарык берүүчү объекттер | Орточо горизонталдуу жарык, лк | |
1 | 2 | |
1. | Чакан вокзалдардын жана автостанциялардын перрондору | 30 |
2. | Орто жана чоң вокзалдардын перрондору | 50* |
3. | Жөө тоннелдер, жабылган тоннелдердин тепкичтери: |
|
| күндүз | 100 |
| кечинде жана түнкүсүн | 40 |
4. | Жөө тоннелдердин ачык тепкичтери | 20 |
5. | Жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрөлөр | 30 |
Эскертүүлөр.
1. Перрондордун жарык берүү нормалары бардык жарык булактарында бирдей кабыл алынат.
2. * - Колдонмо телекөрсөтүү бар болсо, жарыктандырууну көбөйтүүгө болот.
6.8. Автовокзалдардын жана автостанциялардын имараттарын чагылгандан коргоо, имараттарды жана курулмаларды чагылгандан коргоо түзүлүшү боюнча нускаманын талаптарына ылайык каралышы керек.
7. БАЙЛАНЫШ ЖАНА СИГНАЛИЗАЦИЯ
Автовокзалдарда жана автостанцияларда, эреже катары, 8-таблицага ылайык байланыштын түрлөрү каралышы керек.
8-таблица
Байланыш жана сигнализация түрлөрү | Автостанциялар | Автобекеттер | |||
кичинекей | орточо | чоң | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1. | Телефон байланышы: |
|
|
|
|
1.1. | Шаар аралык | - | + | + | + |
1.2. | Шаардык | + | + | + | + |
1.3. | Жергиликтүү | - | - | - | + |
1.4. | Маалыматтык-сурап билүү | - | - | - | + |
2. | Телеграфтык (телетайп) байланыш | + | + | + | + |
3. | Радио уктуруу | + | + | + | + |
4. | Радиофикация | + | + | + | + |
5. | Катуу сүйлөгөн байланыш* |
|
| + | + |
6. | Телекөрсөтүү: |
|
|
|
|
6.1. | Колдонмо** | - | - | - | + |
6.2. | Уктуруу*** | - | - | - | + |
7. | Электрочасофикация | - | + | + | + |
8. | "Кассир-жүргүнчү" байланышы | + | + | + | + |
9. | "Кассир-оператор"байланышы | - | - | + | + |
Эскертүүлөр:
1. * Башкы пультту вокзалдын башчысынын кабинетине орнотуу сунушталат.
2. ** Берүүчү камераларды башкаруу пульту жана видеоконтролдук түзүлүш ташууларды уюштуруу кызматынын улук диспетчеринин жайында каралууга тийиш, вокзал боюнча кезметчиде алыстан видео контролдук түзүлүш орнотулушу керек.
3. *** Эреже катары түстүү сүрөттөлүштөгү телевизиондук кабыл алгычтар жүргүнчүлөрдү күтүү залдарында, эне менен баланын ойноочу бөлмөсүндө жана башка ушул сыяктуу жайларда орнотулушу керек.
1-тиркеме
Милдеттүү
Автобекетти (автостанцияны) долбоорлоо үчүн жүргүнчүлөрдү суткалык эсептик жөнөтүү тапшырмаларынын
ФОРМАСЫ.
Маршруттар түрлөрү | Эсептик суткалык жөнөтүү | ||
баштапкы жыл | эсептөө жылы | ||
1. | Шаарлар аралык, анын ичинде: транзиттик |
|
|
2. | Шаар четиндеги жүргүнчүлөр, анын ичинде: автобустардын кыймыл аралыгы 20 мүнөттөн аз |
|
|
| Бардыгы |
|
|
Эскертүү. Жүргүнчүлөрдү суткалык эсептик жөнөтүүнү эреже катары кабыл алынган ташуулардын сезондук текши эместик коэффициентин эске алуу менен 365 күнгө бөлүнгөн жылдык жөнөтүүдөн аныктоо зарыл, ал 1,2 ге барабар. Мындан четтеген учурда тиешелүү негиздемелерди келтирүү зарыл.
Кардар ___________________________
(кол тамгасы)
2-тиркеме
ИМАРАТТАРДЫН ЖАНА КУРУЛМАЛАРДЫН ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
1 | Автостанциянын имараты |
2 | Чатыр менен келүү жана кетүү перрону |
3 | Автобустардын рейс аралык курулушунун аянты |
4 | Жеңил автомобилдерди токтотуу |
5 | Автобустарды көрүү үчүн эстакада |
1-сүрөт. 50 жүргүнчүгө ылайыкталган автостанциянын башкы планынын схемасы
ИМАРАТТАРДЫН ЖАНА КУРУЛМАЛАРДЫН ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
1 | Автовокзалдын имараты |
2 | Келүү перрону |
3 | Кетүү перрону |
4 | Транзиттик автобустар үчүн бекитилген посттор |
5 | Автобустардын каттам аралык күтүү аянты |
6 | Автобустарды көрүү үчүн эстакада |
7 | "Такси" унааларын токтотуу жайы |
8 | Жеке жеңил автомобилдерди токтотуу жайы |
2-сүрөт. 300 жүргүнчүгө ылайыкталган автобекеттин башкы планынын схемасы
3-тиркеме
Милдеттүү
1-сүрөт. Түз сызыктуу перрон
Геометриялык параметрлер | ||
град. | Өлчөмдөрү, м | |
А | Б | |
30 | 11,00 | 8,00 |
45 | 12,00 | 9,50 |
60 | 16,00 | 10,50 |
3-сүрөт. Тиштүү перрон
4-тиркеме
Сунушталуучу штаттык ырааттама, анын ичинде эң көп сменада иштегендердин саны (адам)
Штаттык бирдиктин аталышы | Эсептик суткалык жөнөтүү, жүргүнчүлөр | ||||||||||||||||
автостанциялар | автобекеттер | ||||||||||||||||
100 - 200 | 200 - 400 | 400 - 600 | 600 - 1000 | 1000 - 2000 | 2000 - 3000 | 3000 - 4000 | 4000 - 6000 | 6000 - 8000 | 8000 - 10000 | 10000 - 15000 | 15000 - 20000 | 20000 - 25000 | 25000 - 30000 | 30000 - 40000 | Свыше 40000 | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | |
1. | Башчысы | - | |||||||||||||||
2. | Катчы | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||
3. | Улук диспетчер | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||
4. | Диспетчер | ||||||||||||||||
5. | Перрон контролеру | - | - | ||||||||||||||
6. | Жүк ташуучу | - | - | - | - | - | - | - | - | ||||||||
7. | Байланыш түйүнүнүн оператору | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||||
8. | Эскертүү диктору | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||
9. | Кассирлер (алдын-ала билеттерди сатууну кошкондо) | ||||||||||||||||
10. | Билет кассаларынын администратору | - | - | - | - | - | - | ||||||||||
11. | Улук кассир | - | - | - | - | - | - | - | - | ||||||||
12. | Орундарды класс боюнча бөлүштүрүү оператору | - | - | - | - | - | - | ||||||||||
13. | Инкассатор | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||
14. | Вокзал боюнча кезметчи | - | - | - | - | ||||||||||||
15. |
Маалымдама бюросунун информатору | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||
16. |
Балдары бар жүргүнчүлөрдүн жайлары боюнча кезметчи | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||
17. |
Автоматтык ячейкалары менен жабдылган сактоо камерасы боюнча кезметчи.
| - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||
18. | Текче менен жабдылган сактоо камерасынын кампачысы | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||
19. | Эксплуатациялоо боюнча инженер | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||||
20. | Механикалык жабдууларды оңдоочу слесарь | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||
21. | Байланыш монтер | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||||
22. | Электромонтер | - | - | - | - | ||||||||||||
23. | Слесарь-сантехник | - | - | - | - | ||||||||||||
24. | Жыгач уста | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||||
25. | Башчынын орун басары | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||||
26. | Кампачы | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||||
27. | Сүрөтчү | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||||
28. | Тазалоочу | ||||||||||||||||
29. | Багбанчы(садовник) | - | - | ||||||||||||||
30. | Тазалоочу | - | - | ||||||||||||||
31. | Күзөт нөөмөтчүсү
| - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||||
| Штаттык ырааттама боюнча баардыгы, анын ичинде максималдуу нөөмөттө | ||||||||||||||||
Эскертүүлөр.
1. Айдоочулардан (кондукторлордон) түшкөн каражатты кабыл алуу, башкаруунун автоматташтырылган системасын жана маалыматты тейлөө үчүн иштегендердин, билеттерди сатуунун автоматтык кассаларынын, ошондой эле айдоочулардын түнкү эс алуу бөлмөлөрүндөгү нөөмөтчүлөрдүн саны тапшырмага жана техникалык шарттарга жараша аныкталат.
2. Автобустардын механикалаштырылган жууп-тазалоону жана жылытуу жабдууларын тейлөө боюнча персоналдын саны ОНТП-01-89га ылайык аныкталат.
3. 100-200 жүргүнчүнү суткалык жөнөтүү менен автостанцияларда начальник менен диспетчердин кызматтары айкалышкан.
5-тиркеме
Автобустардын кетүү, келүү постторунун жана каттам аралык постторунун санын эсептөөнүн мисалы
Болжолдуу суткалык жөнөтүү - 6000 жүргүнчү,
анын ичинде: 40 % - шаар аралык байланыштар - 2400 жүргүнчүлөр.
60 % - шаар четиндеги каттамдар – 3600 жүргүнчүлөр.
2-таблицага ылайык:
Шаар аралык байланыштар үчүн:
Посттордун саны:
- кетүүлөр - 8×0.4 = 3.2 пост
- келүү-4×0,4 = 1,6 пост
- аралык пост-16=0,4 = 6,4 пост
Шаар четиндеги байланыштар үчүн:
Посттордун саны:
- кетүүлөр - 4 0,6 = 2,4 пост
- келүү - 2 даана 0,6 = 1,2 пост
- рейс аралык тыныгуу - 18×0,6 = 10,8 пост
Посттордун суммардык саны:
- кетүү - 3,2 + 2,4 = 5,6 пост
- келүү - 1,6 + 1,2 = 2,8 пост
- рейс аралык тыныгуу - 6,4 + 10,8 = 17,2 пост
МАЗМУНУ
1. Колдонуу чөйрөсү
2. Ченемдик шилтемелер
3. Жалпы жоболор
4. Автобекеттердин жана автостанциялардын схемасы
5. Имараттардын көлөмдүк-пландоо чечимдери
6. Электр менен камсыздоо жана электро-техникалык түзүлүштөр
7. Байланыш жана сигнализация
1-тиркеме (милдеттүү). Автобекетти (автостанцияны) долбоорлоо үчүн жүргүнчүлөрдү суткалык эсептик жөнөтүү тапшырмаларынын формасы.
2-тиркеме. Имараттардын жана курулмалардын экспликациясы
3-тиркеме (милдеттүү). Перрондордун түрлөрү
4-тиркеме. Сунушталуучу штаттык ырааттама, анын ичинде эң көп сменада иштегендердин саны (адам).
5-тиркеме. Автобустардын кетүү, келүү постторунун жана каттам аралык постторунун санын эсептөөнүн мисалы.