Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-июлу № 175
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 32-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-статья. Чарбалык жумуштарды жүргүзүүдө жана аймактарды өздөштүрүүдө тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылуу
Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарыхый-маданий мурас объекттеринин табылуу потенциалы жогору болгон аймактардын тизмегин (мындан ары - Тизмек) бекитет. Эгерде ээликтен ажыратылуучу аймак ушул Тизмекке киргизилсе, маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган археологиялык изилдөө жөнүндө (мындай объекттердин бар же жок экендиги жөнүндө) корутундуну макулдашат.
Эгерде ээликтен ажыратылыш жаткан аймак ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык Тизмекке киргизилген болсо, суунун капташына же ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү курулуш, жол жумуштарын же дың жерлерди өздөштүрүүнү, карьерлерди иштетүүнү же плотиналарды курууну жүргүзүүчү уюмдар инженердик-изилдөө иштеримин баскычында жана жерди которууда (трансформациялоодо) бул аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөө жүргүзүүгө милдеттүү.
Археологиялык изилдөө ушул Мыйзамдын 33-статьясына ылайык белгиленген тартипте ушул статьяда көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруучу тапшырыкчылардын эсебинен жүргүзүлөт.
Чарбалык жумуштардын процессинде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого коркунуч туулса же аларды коргоо эрежелери бузулса, бул жумуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте токтотулушу же болбосо тыюу салынышы мүмкүн.";
2) 33-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Археологиялык эстеликтерди, анын ичинде суу алдындагы эстеликтерди чалгындоого, казууга жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө атайын уруксат - Ачык барак болгондо гана жол берилет, ал маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилүү түрдөгү иштерди бир жылдан ашык эмес жүргүзүү укугуна берилет жана эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан катталат. Ачык барактарды алган адистер аларды мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каттоого жана изилдөөнүн мөөнөтү аяктагандан кийин отчет менен бирге аларды берген органга кайтарып берүүгө милдеттүү. Археологиялык изилдөө жүргүзүүнүн жана Ачык баракты берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августундагы № 58 (3714) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |