Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын
2025-жылынын 2-апрели № 9-10
«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
2025-жылга бекитилген сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 122-т тескемесине ылайык айыл өкмөтүнүн аймагында жаңы ачылган балдар бакчасында эмгектенген кызматкерлердин эмгек акыларын жана социалдык фондко болгон чегерүүлөрү үчүн республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөндүгүн эске алып, 2025-жылга Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюждетинен жаңы ачылган эки бала бакчанын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө жана социалдык фондко болгон чегерүүсү үчүн каралган 7992,7 миң сом акча каражатты зарыл чыгымдарга сарптоо жөнүндө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Жолдошованын билдирүүсүн талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылга билим берүү бөлүмүнүн эмгек акы беренесинен 6813,4 миң сом, социалдык фондко болгон чегерүүдөн 1179,3 миң сом кыскартылсын.
2.Кыскартылган каражат эсебинен айыл өкмөтүнүн зарыл чыгымдарын каржылоого 7 млн. 992 миң 700 сом акча каражаты № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги №9 сессиясынын №9-10 токтомунун 1- тиркемеси
|
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бала-бакчаларга каралган каражатты 7992,7 миң сомду, кайрадан бөлүштүрүү.
№ | Иш-чаралардын аталышы | Сумма (миң сом) | Бөлүмү | Берене |
1 | Яма беккари | 600,0 | 70629 | 3111 |
2 | Документ иштери үчүн | 880,0 | 70111 | 2215 |
3 | Мектептердин таштандыларын чыгаруу үчүн | 270,0 | 70921 | 2215 |
4 | Бала- бакчалардын таштандыларын чыгаруу үчүн | 220,0 | 70911 | 2215 |
5 | Негизги жолдордогу, талаадагы таштандыларды тазалоого | 360,
| 70629 | 2215 |
6 | Айыл өкмөтүнүн техникаларын (погрузчик) ондоого | 200,0 | 70629 | 2214 |
7 | Өзгөчө кырдаалдар үчүн | 250,0 | 70629 | 2215 |
8 | Айыл чарбасын каттоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн | 150,0 | 70111 | 2215 |
9 | “Алтын уя” балдар бакчасына муздаткыч алуу | 40,0 | 70911 | 3112 |
10 | Мектеп, бала-бакчаларга таштанды салуучу урна | 300,0 | 70921 | 3111 |
11 | А.Матиев атындагы орто мектептеги музейге КАССА-1000 проектисине айыл өкмөт салымы | 100,0 | 70921 | 3111 |
12 | Айылдарга видео көзөмөл орнотуу | 100,0 | 70629 | 3112 |
13 | Күтүлбөгөн чыгымдар | 110,0 | 70111 | 2215 |
14 | 9-май Жеңиш күнүнө карата эстеликтерди оңдоо, сырдоо үчүн | 90,0
| 70629 | 2221 |
15 | Мектеп, бала-бакчаларга жашылдандыруу үчүн көчөттөрдү алуу | 50,0 | 70111 | 3113 |
16 | Маданият үйүнө конкурс өткөрүү | 130,0 | 70823 | 2215 |
17 | ФАПтардын ремонт иштерине | 80,0 | 70629 | 2221 |
18 | Кызыл-Сенгир айылынын таза суусуна | 440,0 | 70629 | 3111 |
19 | Ак-Булак, Шатрак, Соку-Таш, Ак-Терек айылдарын таза суу менен камсыздоого суу түтүкчөлөрүн капиталдык оңдоо | 600,0 | 70629 | 3111 |
20 | Соку-Таш 5 даана, Бостон 10 даана, Ак-Баш даана, Жаңы-Ачы 10 даана, Көк-Булак 20 даана, айылдарына электр мамычаларын алуу | 550,0 | 70629 | 3111 |
21 | Бийиктик, Балалык бала бакчаларына чарба товарларын алуу | 100,0 | 70911 | 2222 |
22 | Талаа-Булак, Жаңы-Ачы айылындагы негизги көчөлөрүн жарыктандыруу | 400,0
| 70629 | 3111 |
23 | Орто-Азия айылынын “Ай-Шоола” балдар бакчасына жайкы ашкана куруу | 420,0 | 70911 | 3111 |
24 | Бостон айылына трансформатор алуу | 300,0 | 70629 | 3112 |
25 | Таштак айылынын Келдибеков көчөсүнө зым тартуу | 112,7 | 70629 | 3111 |
26 | Ак-Баш айылындагы ички көчөлөрүн оңдоо | 200,0 | 70629 | 2221 |
27 | Шатрак айылына сугат суу чыгаруу үчүн суу түтүкчөлөрүн алуу | 250,0 | 70629 | 3111 |
28 | Балалык балдар бакчасына эмерек алуу | 80,0 | 70911 | 3112 |
29 | А.Матиев атындагы орто мектебине парта, стул алуу | 100,0 | 70921 | 3112 |
30 | Мектеп окуучуларын спорттук турнирлерге катышуу үчүн тамак-аш, жол кире | 50,0 | 70921 | 2215 |
31 | И.Стамкулов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо, интернет орнотуу | 70,0 | 70921 | 3111 |
32 | Орто-Азия, Бостон, Ак-Баш, Кызыл-Сенгир, Жаңы-Ачы, Мундуз, Жашасын 2 айылдарына асбест турба алуу | 150,0 | 70629 | 2221 |
33 | Аппаратка 1 даана компьютер, 2 даана принтер 3*1, 2 шкаф | 120,0 | 70111 | 3112 |
34 | Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө айылдар арасында спорттук оюндарды өткөрүү | 70,0 | 70111 | 2215 |
35 | Сел канал тазалоо | 50,0 | 70629 | 2221 |
| Баардыгы | 7992,7 |
|
|
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы |
Д. Бокошов |
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы |
Э. Жолдошова. |
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы |
Б. Сайпилла уулу |