Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 482 токтомуна) |
Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо сатуу же жеке колдонуу үчүн ташып келинген, колдонулган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибин аныктайт, Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун (мындан ары - ИМТ) иштөө тартибин регламенттейт, ошондой эле бул тутумдун катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин бекитет.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык роумингди пайдаланган, телекоммуникациялык кызматтардын колдонуучуларына жайылтылбайт (чет өлкөлүк телекоммуникация операторунун SIM-картасы аркылуу Кыргыз Республикасынын телекоммуникация операторлорунун тармактарында кызматтарды алуу).
2-глава. Негизги түшүнүктөр
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) эл аралык уникалдуу идентификациялык коддун аутенттүүлүгү - колдонулган түзүлүштүн аныктыгын ырастоо;
2) эл аралык идентификациялык коддордун маалымат базасы - ак, кара жана боз тизмелерден турган ИМТда катталган бардык эл аралык идентификациялык коддордун жыйындысы;
3) "Мобилдик түзүлүштөрдү каттоо" мамлекеттик кызматынын веб-порталы - эл аралык идентификациялык коддор боюнча ИМТда мобилдик түзүлүштөрдү каттоо боюнча кызматты көрсөтүүгө өтүнмө берүү үчүн, ошондой эле каттоонун статусун текшерүү үчүн арналган расмий интернет-сайт;
4) Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутуму - Кыргыз Республикасынын телекоммуникация тармактарында мыйзамсыз, жасалма же тыюу салынган телекоммуникация жабдууларын колдонууну контролдоону, аныктоону жана бөгөт коюуну камсыздоо максатында мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддору тууралуу санариптик маалыматтарды каттоо, идентификациялоо, эсепке алуу, сактоо жана иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн арналган борборлоштурулган санариптик технологиялык тутум;
5) импорттоочу - бажы жана салык мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) аймагына мобилдик түзүлүштөрдү ташып келүүчү жеке жана/же юридикалык жак;
6) мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо - конкреттүү мобилдик түзүлүштү анын уникалдуу мүнөздөмөлөрү боюнча аныктоо жана таануу процесси;
7) клондолгон IMEI-код - идентификациялык коддордун эл аралык маалымат базасында (GSMA) катталган башка түзүлүштүн IMEI-коду менен толук дал келген жана бул кодду расмий өндүрүүчү ыйгарбаган түзүлүштө колдонулуучу мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификациялык коду (IMEI);
8) эл аралык идентификациялык код - глобалдык телекоммуникациялык тармактарда түзүлүштү даана таануу жана эсепке алуу үчүн арналган идентификациялоонун эл аралык стандарттарына (IMEI, ТАС, MAC кошо алганда, бирок чектелбестен) ылайык өндүрүүчү мобилдик түзүлүшкө ыйгарган уникалдуу санариптик код;
9) мобилдик түзүлүш - белгиленген тартипте эл аралык идентификациялык код ыйгарылган, телекоммуникация тармагына туташтырылган санариптик түзүлүш;
10) жактырылбаган эл аралык идентификациялык код - GSM ассоциациясынын (GSMA) эл аралык маалымат базасында катталбаган же кабыл алынбаган жана белгиленген эл аралык идентификациялоо стандарттарына шайкеш келбеген мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификациялык коду (IMEI). Мындай коддорго өзгөртүлгөн, жасалма, кол менен жасалган, колго жасалган, модификацияланган же кайра жаңыртылган (прошивкаланган) түзүлүштөргө ыйгарылган IMEI-коддору, ошондой эле GSMA тутумунда расмий сертификаттоодон жана аныктыгын контролдоодон өтпөй калган нөлдүк же анык эмес маанидеги коддор кирет;
11) идентификациялоо оператору - ИМТнын туруктуу иштешин жана өнүгүүсүн камсыздоочу, эл аралык идентификациялык коддор боюнча мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо жана борборлоштурулган каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик катышуу үлүшү бар юридикалык жак, мамлекеттик ишкана (мекеме) же уюм;
12) тармактык окуя - телекоммуникация операторлорунун SIM-картасын колдонуу аркылуу телекоммуникация кызматтарын колдонууга байланышкан ар кандай иш-аракет;
13) ИМТ субъекттери - ички иштер органдары, ыйгарым укуктуу салык органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, телекоммуникация операторлору жана Кыргыз Республикасынын идентификациялоо оператору;
14) телекоммуникация түйүндөрү - өз компетенциясынын алкагында туташтыруу, багыттоо жана ИМТ субъекттери тарабынан киргизилүүчү маалыматтарды берүү функцияларын аткарган телекоммуникация тармагындагы физикалык же логикалык чекиттер;
15) SIM-карта - абоненттин жеке идентификациялык модулу, ал телекоммуникация операторунун тармагына кирүү мүмкүндүгүн, ошондой эле бөлүнүп берилген колдонуучу номерин санкциясыз пайдалануудан коргоону камсыз кылат;
16) GSMA (Global System for Mobile Communication Association) - мобилдик түзүлүштөрдүн өндүрүүчүлөрүн жана моделдерин идентификациялоо үчүн арналган эл аралык идентификациялык коддордун (IMEI) реестрлерин түзүүнү жана жүргүзүүнү жүзөгө ашырган эл аралык уюм;
17) IMEI (International Mobile Equipment Identity) - ар бир мобилдик түзүлүшкө ыйгарылган уникалдуу 15 орундуу идентификациялык номер, анын негизи GSMA Эл аралык ассоциациясы аныктаган түзүлүштүн тибинин коду (ТАС) болуп саналат;
18) ТАС (Type Allocation Code) - IMEI түзүлүшүнүн номеринин бир бөлүгү болуп саналган 8 орундуу номер. ТАС мобилдик түзүлүштүн маркасын жана моделин идентификациялоо үчүн, ошондой эле анын кайсы өндүрүүчүгө таандык экенин аныктоо үчүн колдонулат;
19) EIR (Equipment Identity Register) - абоненттердин мобилдик түзүлүштөрүн каттоо статустары жөнүндө маалымат бар маалымат базасын билдирген абоненттик жабдууларды идентификациялоо регистри;
20) MSISDN (Mobile Station Integrated Services Digital Network) - мобилдик тармактык (колдонуучу) номери;
21) IMSI (International Mobile Subscriber Identity) - колдонуучунун жеке номеринин эл аралык идентификатору;
22) USSD (Unstructured Supplementary Service Data) - мобилдик түзүлүш менен телекоммуникация операторунун ортосундагы кыска тексттик билдирүүлөрдү алмашуу протоколу;
23) MSC (Mobile switching centre) - телекоммуникацияларды туташтыруу борбору GSM/UMTS, MSC тармагынын негизги бөлүгү болуп саналат, ал үн чалууларын туташтырат;
24) SGSN (Serving GPRS Support Node) - GPRS колдонуучуларын тейлөө түйүнү - GSM жана UMTS мобилдик тармактарында пакеттик маалыматтарды иштеп чыгууну камсыздоочу GPRS (General Packet Radio Service) инфраструктурасындагы негизги компонент;
25) ММЕ (Mobility Management Entity) - LTE стандарты тармактарында мобилдүүлүктү башкаруу түйүнү.
3-глава. ИМТ максаты, функциялары жана колдонуу тартиби
4. ИМТ ушул Жобонун талаптарына ылайык сатуу же жеке колдонуу үчүн ташып келинген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддорунун бирдиктүү маалымат базасын борборлоштурулган каттоо, түзүү жана жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн арналган.
5. Эл аралык идентификациялык коддорду идентификациялоо жана аутенттүүлүгү алардын аныктыгын жана белгиленген эл аралык стандарттарга шайкештигин ырастоо жана кийин ИМТ маалымат базасында каттоо жолу менен жүргүзүлөт.
6. Мобилдик түзүлүштү телекоммуникация операторунун тармагына туташтырууда анын эл аралык идентификациялык коду жөнүндө маалымат борборлоштурулган маалымат базасында кийин иштеп чыгуу жана салыштырып текшерүү үчүн милдеттүү, автоматтык түрдө ИМТга берилет.
7. Эл аралык идентификациялык коддорду текшерүүгө, мобилдик түзүлүштөрдү каттоого жана идентификациялоого байланышкан бардык процесстер ИМТ аркылуу гана жүргүзүлөт.
8. Импорттоочулар жана жеке адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында жактырылбаган эл аралык идентификациялык коддорду, ошондой эле клондолгон, жоголгон же уурдалган мобилдик түзүлүштөрдү сатып алуудан мурун өз убагында аныктоо максатында мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификациялык кодунун статусун ИМТ аркылуу текшере алат. Бул маалыматка жетүү SMS/USSD-cypoo-талапты жөнөтүү аркылуу же "Мобилдик түзүлүштөрдү каттоо" мамлекеттик кызматынын расмий веб-порталы (мындан ары - веб-портал) аркылуу камсыз кылынат.
9. ИМТ иштешинин алкагында идентификациялоо оператору тарабынан жөнөтүлгөн СМС-билдирүүлөр түрүндөгү бардык кабарламалар, ошондой эле эл аралык идентификациялык коддордун статусун каттоодо жана текшерүүдө колдонуучулар тарабынан жөнөтүлгөн SMS/USSD-суроо-талаптары телекоммуникация операторлорунун тармактары аркылуу акысыз негизде жүргүзүлөт.
10. ИМТда каттоодон өтүү колдонулган, сатуу же жеке колдонуу үчүн ташып келинген же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн бардык мобилдик түзүлүштөр үчүн милдеттүү болуп саналат.
11. Каттоо мобилдик түзүлүштүн ар бир эл аралык идентификациялык коду боюнча жүргүзүлөт. Эгерде түзүлүш SIM-карталар үчүн эки жана андан көп уячалар менен жабдылган болсо жана ага ылайык эки жана андан көп IMEI-коду болсо, алардын ар бири катталууга тийиш. Муну менен катар ТМКТ-коддорунун санына карабастан бир түзүлүш үчүн бир гана жолу каттоо үчүн төлөм алынат.
12. Клондолгон же жактырылбаган эл аралык идентификациялык коддору бар мобилдик түзүлүштөр ИМТда катталууга жатпайт жана автоматтык түрдө телекоммуникация кызматтарына кирүү мүмкүндүгүнөн ажыратылат.
13. Мобилдик түзүлүштөр ИМТда идентификациялоодон өткөндөн кийин идентификациялоо оператору аны төмөнкү тизмелердин бирине киргизет:
1) ак тизме - ушул Жобого ылайык катталган жана телекоммуникациялык кызматтарга толук кирүү мүмкүндүгү бар мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддорунун тизмеги;
2) боз тизме - ак же кара тизмеге киргизилбеген, бирок биринчи тармактык окуя болгон учурдан тартып колдонуучу каттоо жол-жобосун бүтүрүүгө тийиш болгон жалпысынан 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө телекоммуникация кызматтарына убактылуу жетүү мүмкүндүгүн алган мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддорунун тизмеги;
3) кара тизме - уурдалган, жоголгон деп таанылган, клондолгон же белгиленген тартипте ИМТда каттоодон өтпөгөн мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддорунун тизмеги. Кара тизмеге киргизилген түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын телекоммуникация операторлорунун тармактарында бөгөттөлөт.
14. Мамлекеттик органдардын муктаждыктары үчүн, анын ичинде улуттук коопсуздук, коргонуу, мамлекеттик күзөт, коомдук коопсуздукту камсыздоо, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддорун каттоо ИМТ ээсине мамлекеттик органдардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
15. ИМТ ээси соттун чечимин тиркөө менен сот аткаруучусунун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча каттоого тийиш идентификациялык коддордун тизмегин камтыган мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде мамлекеттин менчигине өткөрүп берилген мобилдик түзүлүштөрдү каттоону жүргүзөт.
16. Мурда ИМТда катталган жана ак тизмеге киргизилген мобилдик түзүлүштөр кайра каттоодон өтпөйт.
17. Бул Жободо белгиленген мөөнөттө өз убагында каттоодон өтпөгөн учурда түзүлүштүн эл аралык идентификациялык коду автоматтык түрдө кара тизмеге киргизилет жана Кыргыз Республикасынын телекоммуникация операторлорунун тармактарына кирүү мүмкүндүгү чектелет. Муну менен катар каттоодон өз убагында өтпөй калган учурда колдонуучуга белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин мобилдик түзүлүштөрдү каттоого эки эсе өлчөмдө акы төлөө шартында мүмкүнчүлүк берилет.
18. Эл аралык идентификациялык коддору өзгөртүлгөн мобилдик түзүлүштөрдү, ошондой эле эл аралык идентификациялык коддорду өзгөртүү үчүн арналган жана/же колдонулган программалык камсыздоону жана жабдууларды ташып келүүгө, өндүрүүгө, жайылтууга жана эксплуатациялоого катуу тыюу салынат.
4-глава. ИМТ ээсинин жана субъекттеринин укуктары жана милдеттери
19. Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТ ээси жана ИМТ иштешин, анда камтылган бардык маалыматтардын коопсуздугун, ошондой эле анын ИМТ субъекттери жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүдө өнүгүүсүн камсыздаган координациялоочу орган болуп саналат. ИМТ ээси өз компетенциясынын алкагында:
1) ИМТ иштеши, өнүктүрүү жана коопсуздугун камсыздоо маселелери, анын ичинде анда камтылган санариптик маалыматтар боюнча ИМТ субъекттеринин ишин координациялайт;
2) ИМТга маалыматтардын келип түшүү убактысынын жана көлөмүнүн шайкештигин башкарууну жана контролдоону жүргүзөт;
3) ИМТ субъекттерине аларга жүктөлгөн функцияларына жана ыйгарым укуктарына ылайык ролдорду кийин аныктоо менен тутумга кирүү мүмкүндүгүн берет;
4) ИМТ субъекттеринин тутумду эксплуатациялоо процессинде белгиленген регламенттерди жана берилген функциялардын сакталышын контролдойт;
5) ИМТ субъекттеринин кирүү мүмкүндүгү укуктарынын өзгөрүү тарыхын эсепке алат жана сактайт;
6) мобилдик түзүлүштөрдүн IMEI-коддорун тиешелүү тизмеге киргизет, ошондой эле ИМТ субъекттеринин расмий кайрылууларынын негизинде жана улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө берилген ыйгарым укуктардын чегинде тизмелер арасында IMEI-коддорду которот;
7) улуттук коопсуздукту, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо максатында жана маанилүү коомдук-саясий иш-чараларды өткөрүү учурунда - айрым мобилдик түзүлүштөрдүн телекоммуникация операторлорунун тармактарына кирүүсүн мажбурлап убактылуу чектөөнү ишке ашырат;
8) техникалык бузулуулардан же профилактикалык иштерди өткөрүүдөн келип чыккан ИМТнын ишин мажбурлап токтотуу жөнүндө ИМТ субъекттерине маалымдайт;
9) санариптик маалыматтар менен ведомстволор аралык алмашуу максатында белгиленген тартипте башка мамлекеттик санариптик технологиялык системалар менен ИМТны интеграциялоону камсыздайт;
10) Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби тууралуу мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө идентификациялоо оператору жооп бербеген шартта ИМТнын иштеши, мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери, ошондой эле башка аспекттерге байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын жана даттанууларын карайт.
20. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТ маалыматтарын аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланат, анын ичинде жоголгон, уурдалган жана башка мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддорун кара тизмеге киргизет, ал эми негиз болгондо аларды кара тизмеден чыгарат жана андан ары ак тизмеге которот.
21. Ыйгарым укуктуу салык органы кыйыр салыктарды төлөөнү камсыздоо жана салыктык милдеттенмелерден негизсиз бошотууга жол бербөө максатында салык мыйзамдарынын сакталышын администрациялоо жана контролдоо боюнча функцияларды аткаруу, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген мобилдик түзүлүштөрдү каттоого өтүнмөнү ырастоо үчүн ИМТнын маалыматтарын пайдаланат.
22. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишин жүзөгө ашыруу максатында "ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосуна жайгаштырылган мобилдик түзүлүштөр тууралуу зарыл санариптик маалыматтарды телекоммуникациянын корголгон каналдары аркылуу ИМТга жөнөтөт.
23. Телекоммуникациянын операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн телекоммуникациялык түйүндөрүнүн ИМТ менен интеграциясын жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга жана ИМТ ээсине эл аралык идентификациялык коддор, IMSI, MSISDN, мобилдик түзүлүштөрдүн жайгашкан жери (LAC жана Cell ID), ошондой эле телекоммуникациянын операторунун тармагында катталган абоненттик номердин персоналдаштырылган ээсинин аты-жөнүн жана ИЖНди жана ИМТнын ээси тарабынан аныкталган башка маалыматтарды өз убагында берүүгө;
2) мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддорун чогултуу жана берүү үчүн MSC, SGSN, ММЕден трафикти ИМТга маршрутизациялоону уюштурууга;
3) кара тизмеге киргизилген түзүлүштөргө өз тармагына кирүүгө уруксат бербөөгө. Мындай түзүлүштөрдүн телекоммуникация тармактарына кирүүсүн чектөө тийиштүү эл аралык идентификациялык коддор көрсөтүлгөн тизмеге киргизилген учурдан тартып төрт сааттан кечиктирилбестен жүзөгө ашырылууга тийиш;
4) ИМТнын иштөөсүнүн алкагында өз тармактарынын колдонуучуларына биринчи линияда маалыматтык-маалымдамалык колдоо көрсөтүү кызматтарын акысыз негизде көрсөтүүгө;
5) ИМТнын бирдиктүү алфавиттик-сандык номеринен SMS-билдирүүлөр аркылуу өз тармактарынын колдонуучуларына акысыз түрдө билдирүүгө.
24. Идентификациялоо оператору ИМТнын толук кандуу иштешин, коштолушун, өнүктүрүлүшүн жана техникалык өркүндөтүлүшүн, анын ичинде аны жайылтуудан жана ишке киргизүүдөн тартып ИМТнын ээсинин жана субъекттеринин анын ресурстарына үзгүлтүксүз жетүүсүн камсыз кылууга чейинки анын иштөөсүнүн бүткүл циклин камсыз кылат. Идентификациялоо оператору өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз алдынча, өз каражаттарынын эсебинен ИМТнын аппараттык-программалык комплексин сатып алуу, орнотуу жана ишке киргизүүгө;
2) бардык керектүү программалык жана аппараттык камсыздоону камтыган EIR (Equipment Identity Register) борбордук жабдууларын жайылтууга;
3) резервдик инфратүзүмдү камсыз кылууга, анын ичинде:
- телекоммуникация операторлору менен ИМТнын ортосундагы телекоммуникациянын бөлүнгөн резервдик каналын;
- өзгөчө кырдаалдарда, киберинциденттерде жана башка форс-мажордук жагдайларда анын санариптик туруктуулугун камсыз кылуу, маалыматтардын жоголушуна жана иштебей калышына жол бербөө максатында ИМТнын резервдик серверин;
4) ИМТга телекоммуникация операторлорунан жана ИМТнын башка субъекттеринен келген маалыматтарды чогултуу, текшерүү, иштеп чыгуу жана системалаштырууга;
5) белгиленген жол-жоболорго ылайык мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддорун идентификациялоого;
6) ИМТнын маалымат базасында жазууларды туура түзүүнү жана түзүмдөштүрүүнү камсыз кылууга;
7) мобилдик түзүлүштү каттоо кызматын көрсөтүүгө келишим түзүү тууралуу расмий веб-порталда ачык оферта жайгаштырууга;
8) мобилдик түзүлүштөрдү каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактарга консультацияларды берүү үчүн күнү-түнү колдоо көрсөтүү кызматын (call-борборду) уюштурууга, ошондой эле маалыматтык жана практикалык жардам көрсөтүү үчүн калкты тейлөө борборлорунун ишин камсыз кылууга;
9) ИМТнын ээсинин кызматкерлерин жана субъекттерин тутумду колдонуу жана ишке киргизүү маселелери боюнча окутууну жана даярдоону ишке ашырууга;
10) телекоммуникация операторлорунан ИМТнын иштеши үчүн зарыл болгон техникалык маалыматтарды, анын ичинде белгиленген формада жана жыштыкта берилүүчү түзүлүштөрдүн иштеши, тармактык окуялардын параметрлери жана учурдагы активдүүлүк жөнүндө маалыматтарды суроо-талап кылууга;
11) ИМТнын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылууга, ал эми техникалык мүчүлүштүктөр болгон учурда - ИМТнын ээсине жана телекоммуникация операторлоруна аныкталган көйгөйлөрдүн мүнөзү жөнүндө токтоосуз билдирүүгө;
12) ИМТнын иштешине жана мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоого байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын жана даттанууларын 14 календардык күндүн ичинде кароого.
Телекоммуникация операторлору жана идентификациялоо операторлору өз тутумдарынын үзгүлтүксүз, ишенимдүү жана коопсуз өз ара аракеттенүүсүн камсыздоого милдеттүү.
5-глава. Импорттоочу жана өндүрүүчү уюмдун мобилдик түзүлүштөрдү каттоосу
25. Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн импорттоочулар алып келген мобилдик түзүлүштөрдү каттоо "ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосуна ылайык товарлар чыгарылгандан кийин үч жумуш күндөн кечиктирбестен ИМТда жүргүзүлөт.
26. Мобилдик түзүлүштөрдү каттоого өтүнмө берүү үчүн импорттоочу өзүнүн каттоо маалыматтарын идентификациялоо операторунун электрондук почтасына идентификациялоо оператору веб-порталда импорттоочунун жеке бөлмөсүн түзүүсү үчүн жөнөтүүгө милдеттүү.
27. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинген мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн импорттоочу зарыл документтерди тиркөө менен веб-порталда төмөнкү маалыматтарды толтурат:
- мобилдик түзүлүштөрдүн маркасынын жана моделинин аталышы;
- тийиштүү ташып келинген түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддорунун тизмеги;
- коштомо эсеп дүмүрчөк;
- эсеп-фактура;
- товарлардын ташып келиниши жана кыйыр салыктарды төлөө тууралуу өтүнмө.
28. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан мобилдик түзүлүштөрдү ташып келүүдө импорттоочу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салыктык отчеттуулукту берүүгө жана кыйыр салыктарды төлөөгө милдеттүү. Салык органы тарабынан тастыкталгандан кийин түзүлүштөр ИМТда алдын ала каттоодон өткөрүлөт.
29. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды ташып келүүдө салыктык отчеттуулукту тапшырбаган жана (же) кыйыр салыктарды төлөбөгөн учурда мобилдик түзүлүштөрдү ИМТда каттоо жүргүзүлбөйт.
30. Үчүнчү өлкөлөрдөн келген мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн импорттоочу порталда бажы декларациясынын номерин көрсөтөт.
31. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн мобилдик түзүлүштөрдү каттоодо өндүрүүчү идентификациялоо операторуна төмөнкүлөрдү камтыган санарип форматтагы өтүнмөнү:
- өндүрүлгөн түзүлүштөрдүн маркалары, моделдери жана саны жөнүндө маалымат;
- ЕАЭБ тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) коддору;
- эл аралык идентификациялык коддордун тизмеги;
- чыгарылган датасы.
32.Идентификациялоо оператору импорттоочунун жеке бөлмөсү аркылуу берилген эл аралык идентификациялык коддордун ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкештигин текшерет.
33. Идентификациялоо оператору өтүнмөнү кароонун жыйынтыгы боюнча импорттоочуга себептерин көрсөтүү менен түзүлүштөрдү каттоо же баш тартуу тууралуу электрондук почтага билдирүү жөнөтөт.
34. Каттоодон баш тартылган учурда өтүнмө берилген эл аралык идентификациялык коддор кара тизмеге киргизилет, бул тийиштүү түзүлүштөрдү Кыргыз Республикасынын телекоммуникация тармактарына кошууга тыюу салууга алып келет.
35. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинген мобилдик түзүлүштөрдү өтүнмө берүү тартибин бузуу же ИМТнын маалымат базасында коддорго жол бербөө (клондоштурууну, жасалмалоо, прошивкалоо, нөлдүк маанилер, бекитилбеген GSMA) аныкталган себептер боюнча каттоодон баш тартылган учурда, түзүлүштөр импорттоочунун эсебинен Кыргыз Республикасынын аймагынан милдеттүү түрдө чыгарылууга тийиш.
36. Талаш маселелер пайда болгон учурда өтүнмө ээси маселени белгиленген тартипте чечүү үчүн ИМТ ээсине расмий суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.
6-глава. Жеке жактардын мобилдик түзүлүштөрүн каттоо
37. Эгер мобилдик түзүлүштөр импорттоочулар же өндүрүүчү уюмдар тарабынан ИМТга мурда катталган болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында жеке жактар сатып алган бул түзүлүштөр каттоону талап кылбайт.
38. Жеке жактар жеке колдонууга ташып келген, анын ичинде эл аралык почта жана курьердик жөнөтүүлөр аркылуу жеткирилген мобилдик түзүлүштөр, Кыргыз Республикасынын телекоммуникация операторунун тармагында алгачкы тармактык окуя болгон учурдан тартып жалпысынан 30 календардык күндөн кечиктирбестен ИМТда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
39. Алгачкы тармактык окуя болгон учурдан тартып жалпысынан 30 календардык күндүн ичинде мобилдик түзүлүш телекоммуникация операторлорунун тармактарына кирүүнү чектөөсүз боз тизмеге киргизилет.
40. Идентификациялоо оператору колдонуучуга мобилдик түзүлүштү белгиленген мөөнөттө каттоо зарылдыгы, ошондой эле каттоодон өткөрбөөнүн кесепеттери тууралуу билдирүү жасайт. Билдирүү телекоммуникация операторлорунун тармактары аркылуу мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде SMS-билдирүү аркылуу алгачкы ийгиликтүү тармактык окуяда, ошондой эле каттоо үчүн белгиленген 30 күндүк мөөнөт бүткөнгө чейин 5 календардык күн калганда жөнөтүлөт.
41. Жеке жак мобилдик түзүлүштү каттоону төмөнкүдөй жүргүзө алат:
1) веб-порталда;
2) телекоммуникация операторлорунун же башка ыйгарым укуктуу уюмдардын мобилдик тиркемелери аркылуу.
42. Портал аркылуу мобилдик түзүлүштү каттоо үчүн жеке жак төмөнкүлөрдү берет:
1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: ID карта, жеке идентификациялык номери (ИЖН), колдонуучунун номери (MSISDN) жана түзүлүштүн эл аралык идентификациялык коду;
2) чет өлкөлүк жарандар үчүн: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн өздүгүн тастыктоочу документ.
43. Мобилдик түзүлүштөрдү каттоо учурунда жеке жактын өздүгүн тастыктоо максатында идентификациялоо оператору Бирдиктүү идентификациялоо системасын пайдаланууга укуктуу.
44. Жарандыгы жок адамдар, качкындар, башпаанек издеген, ошондой эле "кайрылман" статусу бар адамдар үчүн мобилдик түзүлүштөрдү каттоо өздүгүн жана тийиштүү статусун тастыктоочу документ менен идентификациялоо операторуна жеке кайрылуу, ошондой эле түзүлүштү көрсөтүү жолу менен жүргүзүлөт. Мындай учурларда каттоо жөнүндө чечимди ИМТ ээси кабыл алат.
45. Жеке жактарга жеке колдонуу үчүн календардык жылда экиден ашык эмес мобилдик түзүлүштү каттоого уруксат берилет.
46. Белгиленген чектөөдөн ашыкча каттоого төмөнкү шарттардын бири аткарылган учурда уруксат берилет:
1) үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келүүдө - бажылык декларациялоодон жана бажы мыйзамдарына ылайык бардык каралган төлөмдөр төлөнгөндөн кийин;
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келүүдө - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык отчеттуулукту бергенден жана кыйыр салыктарды төлөгөндөн кийин.
47. Жеке жактын мобилдик түзүлүштү каттоого төлөм фактысы тастыкталгандан кийин идентификациялоо оператору мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификациялык кодун ак тизмеге токтоосуз киргизет жана колдонуучуга каттоо жол-жобосу ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу кабарлайт. Билдирүү SMS-билдирүү же веб-порталдагы жеке кабинет аркылуу жөнөтүлөт.
48. Мобилдик түзүлүштү каттоодон баш тартылган учурда идентификациялоо оператору жеке жакка баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен билдирүү жөнөтөт жана тийиштүү эл аралык идентификациялык кодду кара тизмеге киргизет.
7-глава. Мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддорун каттоо үчүн төлөм
49. Мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялоо коддорун каттоо ушул Жобонун 14, 15-пункттарында каралган учурлардан тышкары акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн төлөмдүн өлчөмү идентификациялоо оператору тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныкталат.
50. Мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн төлөмдөр идентификациялоо операторунун алыш-бериш эсебине келип түшөт. Бул төлөмдөн түшкөн каражаттар бардык белгиленген салыктарды кармап калгандан кийин төмөнкү тартипте бөлүштүрүлүүгө жатат:
1) 60 пайызы - идентификациялоо операторунун ишин жүргүзүүгө жана милдеттенмелерди аткарууга байланышкан чыгымдарына;
2) 40 пайызы - ИМТ ээсинин атайын эсебине аталган тутумду техникалык тейлөөгө, күтүүгө жана модернизациялоого байланышкан материалдык чыгымдардын ордун толтуруу үчүн келишимдик негизде.
51. Жеке же юридикалык жактардын ушул Жобонун жоболорун бузуу факты аныкталган учурда, анын ичинде кызыкдар тараптардын орундуу кайрылууларынын негизинде мурда катталган эл аралык идентификациялык коддор жокко чыгарылууга тийиш. Муну менен катар мурда төлөнгөн суммалар кайтарылбайт.
8-глава. Башка ведомстволор менен өз ара аракеттенүү
52. Маалымат алмашуу тартиби жана ИМТнын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ведомстволор жана башка кызыкдар уюмдар менен өз ара аракеттенүү шарттары өз ара аракеттенүү жөнүндө ИМТ ээси менен түзүлгөн келишимдердин же макулдашуулардын негизинде белгиленет, анда тараптардын укуктары, милдеттери, берилүүчү маалыматтын көлөмү жана форматы, ошондой эле анын купуялуулугун жана коопсуздугун камсыздоо чаралары аныкталат.
9-глава. Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо процессинде алынган маалыматтардын купуялуулугу
53. Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо процессинде ИМТ ээси жана субъекттер алган бардык маалыматты көчүрүүгө, жайылтууга, сактоого, берүүгө жана (же) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы келген максаттарда пайдаланууга болбойт. Ыкчам-издөө жана контрчалгындоо иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурлар өзгөчө абалды түзөт.
54. ИМТнын иштешинин алкагында киберкоопсуздукту камсыздоо, ошондой эле колдонуучулардын жеке жана башка маалыматтарын коргоо боюнча техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленет.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 482 токтомуна) |
Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)

2) 40 пайызы – келишимдик негизде ИМТ ээсинин атайын эсебине. Аталган эсепке түшкөн каражаттар ИМТ ээсинин жетекчилигинин чечими боюнча сарпталат жана ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын атайын эсептерине багытталышы, ошондой эле материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана ИМТ ээсинин башка чыгымдарын каржылоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.