КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/14
Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кыймылдуу мʏлктʏ кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Т.М. Мадяровдун, 2025-жылдын 23-июнундагы, чыг:№01-17/2494 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык мэриясына, GEELY XINGYUE маркасындагы автоунааны муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, муниципалдык менчикке кабыл алуу ʏчʏн, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, бардык зарыл болгон жол-жоболорду жана ѳткѳрʏп берʏʏ кабыл алуу актысын жʏргʏзсʏн.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Төраганын орун басары Б.Ш. Курманов