КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/15
Чкалов кѳчѳсʏн Тѳрѳкул Жанузаков кѳчѳсʏ деп ѳзгѳртʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2025-жылдын 23-январындагы, чыг:№01-17/256 кайрылуусун карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,
токтом кылат:
1. Чкалов кѳчѳсʏн Тѳрѳкул Жанузаков кѳчѳсʏ деп ѳзгѳртʏлсʏн.
2. Демилгелʏʏ топ, бир айлык мѳѳнѳттѳ, Тѳрѳкул Жанузаков атындагы кѳчѳгѳ такталарды даярдоону жана бекитʏʏнʏ камсыз кылсын жана “Каракол шаарынын кѳчѳлѳрʏнѳ, аянттарына жана башка линиялык жергиликтʏʏ транспорттук обьектилерге ат коюу, кайра атоо жана жаңы аталыштарды ыйгаруу тартиби жѳнʏндѳ” Жобого ылайык, Тѳрѳкул Жанузаков атындагы кѳчѳнʏ кѳрктѳндʏрʏʏ жана жашылдандыруу иштерине активдʏʏ катышсын.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Төраганын биринчи орун басары Б.Ш. Курманов