Загрузка документа…
БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы № 26
Биримдик айыл өкмөтүнүн 2025- жылга жергиликтүү бюджетинин жана
2026- 2027 жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Биримдик айылдык кеңеши Биримдик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин долбоорун угуп талкуулап чыгып, Биримдик айылдык кеңешинин II чакырылышынын 2025-жылдын 5-февралдагы IV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биримдик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы менен 53489,4 миң сом суммасында баланс бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
Теңдөөчү грант |
| 19110,2 миң сом |
Иш берүүчүлөр тарабынан айлык акыдан кармалуучу киреше салыгы |
|
20197,6 миң сом |
Патенттик негизде алынуучу киреше салык |
| 375,0 миң сом |
Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы |
| 144,2 миң сом |
Турак жай имаратка жана жайга мүлк салыгы |
| 3,5 миң сом |
Үйдүн жанындагы жер, короо- жай жана багбанчылык –чарбак участактарына мүлк салыгы |
|
498,7 миң сом |
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы болбогон жерлерге мүлк салыгы |
|
384,6 миң сом |
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым |
|
739,3 миң сом |
КБФ жерлердин аренда акысы |
| 4020,6 миң сом |
Муниципалдык менчикте турган жайлардын имараттардын курумалардын жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы |
|
136 миң сом |
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы |
| 48,0 миң сом |
Жайыт жерледи пайдалануу үчүн жыйым |
| 331,7 мин сом |
Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы |
|
7500 миң сом |
Чыгаша бөлүгү 53489,4 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
1. Башкаруу аппаратына |
| 14713,8 миң сом |
2. Коргонуу бөлүмүнө |
| 450,0 мин сом |
3. Экономикалык маселелер |
| 331,7 мин сом |
4. Турак жай коммуналдык бөлүмүнө |
| 19867,2 миң сом |
5. Маданият бөлүмүнө |
| 5230,8 миң сом |
6. Билим берүү бөлүмүнө |
| 4370,9 миң сом |
7. Социалдык коргоо бөлүмүнө |
| 1025,0 миң сом |
8. Атайын каражат |
| 7500,0 миң сом |
2. 2025-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц.фонд, байланыш, тамак-аш, ж.б).
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык Кеңештин сессиясына сунушталсын, планга тактоо киргизүү Каржы Министрлигинен Ар кандай чыгымдарга жана курулмаларды алууга жетпеген 10150800 (бир миллион беш жүз жыйырма тогуз миң сегиз жүз элүү жети) сом акча каражаты Каржы Министрлигинен суралсын .
4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга, разделден разделге жана статьядан статьяга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
5. 2025-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 450 миң сом өзгөчө кырдаалдар үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-статьясынын негизинде 2025-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1%ынын эсебинен 489,9 миң сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
6. 2025-жылдын бюджетинин киреше жагын жыйноодо,өткөн жылдан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
7. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
8. КР Өкмөтүнүн 2013 – жылдын 30- майындагы №302 токтомунун 1 – пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим Берүү Министирлиги аркылуу каржыланаары белгиленсин.
9. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы, соц.фондко чегерүү ж.б.) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
10. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын атайын каражаттарын казыналыктан өткөрбөй туруп пайдаланууга тыюу салынсын. Тартип бузган учурда ал сумма 100% республикалык бюджетке алынаары жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндүгү эскертилсин
11. 2026-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү анын ичинен теңдөөчү грант 57 852,6 миң сом. 2027-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 59 047,7 миң сом анын ичинен теңдөөчү грант 20 000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Т. Бечелов |