Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 25-августу ПЖ № 245
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин ишин уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 144 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кеңештин катчылыгын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу жетекчи башкарат.";
- 9, 10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кеңештин катчылыгында жетекчинин орун басарынын кызмат орду каралган, ал жетекчинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Жетекчи жана жетекчинин орун басары саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлейт. Кеңештин катчылыгынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбейт.".
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси;
Чанпэн Чжао - блокчейн-технологиялар жана санариптик активдер чөйрөсүндөгү жетектөөчү эксперт, Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү (макулдашуу боюнча);
Кирилл Хомяков - Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка өлкөлөрүндөгү Binance региондук өкүлү (макулдашуу боюнча);
виртуалдык активдерге жана блокчейн-технологияларга адистешкен жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү жана эксперттери (макулдашуу боюнча).".