Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-январы № 6
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) аккредиттөө - аккредиттөө боюнча орган юридикалык жактын шайкештикти баалоо боюнча конкреттүү иштерди аткаруудагы компетенттүүлүгүн расмий таануучу жол-жобо;
2) продукциянын жана/же ага карата коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин коопсуздугу (мындан ары - коопсуздук) - жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, анын ичинде жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана өсүшүнө, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдиктин жоктугу;
3) ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптар - зыяндуу организмдердин, оорулардын, илдеттерди таратуучулардын же оору жуктуруучу организмдердин кирип кетишине, орун алышына же жайылышына байланыштуу, анын ичинде алар жаныбарлардан жана/же өсүмдүктөрдөн продукциялар, жүктөр, материалдар, транспорт каражаттары аркылуу жуккан же жайылган учурда, кошулмалардын булгоочу заттардын, токсиндердин, зыянкечтердин, отоо чөптөрдүн, оору жуктуруучу организмдердин болушу менен, анын ичинде тамак-аш азыктары же тоюттар менен келип чыккан тобокелдиктерден коргоо максатында белгиленүүчү, аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптар жана жол-жоболор, ошондой эле зыяндуу организмдердин жайылышы менен байланышкан башка залалдарды болтурбоо максатында белгиленүүчү, аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптар жана жол-жоболор;
4) техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышы үчүн мамлекеттик контроль (көзөмөл) - жеке ишкерлер катары катталган юридикалык жана жеке жактардын продукцияга карата техникалык регламенттердин талаптарын сактоосун текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши;
5) шайкештикти декларациялоо - жүгүртүлүүгө чыгарылып жаткан продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы;
6) шайкештик жөнүндө декларация - даярдоочу (чет өлкөлүк даярдоочунун расмий өкүлү, сатуучу) өзүнүн жүгүртүүгө чыгарган продукциясынын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин ырастоочу документ;
7) арыз ээси - жеке ишкер катары катталган, даярдоочу же сатуучу, же даярдоочунун ыйгарым укуктуу адамы болуп саналган жеке же юридикалык жак, ал шайкештикти тастыктоо үчүн шайкештик жөнүндө тиешелүү декларацияны кабыл алат же шайкештик сертификатын алуу үчүн кайрылат;
8) техникалык регламенттерге шайкештик белгиси - техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин белгиленген тартипте тастыкталган, жүгүртүүгө чыгарылган продукцияга басылган белги;
9) шайкештик белгиси - ыктыярдуу сертификаттоонун тутуму же улуттук стандарт менен белгиленген талаптарга сертификаттоо объектинин шайкештиги жөнүндө сатып алуучуларга маалымдоо үчүн кызмат кылуучу белги;
10) продукцияны идентификациялоо - продукциянын мүнөздөмөлөрүнүн анын олуттуу белгилерине окшоштугун белгилөө;
11) даярдоочу - өзүнүн атынан өндүрүштү же продукцияны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу жана анын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги үчүн жооптуу жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу;
12) сыноо - белгиленген жол-жоболорго ылайык ошол продукциянын, процесстин же кызмат көрсөтүүнүн бир же бир нече мүнөздөмөлөрүн аныктоодо белгиленген техникалык операция;
13) продукцияны жүгүртүү - кийин сатуу менен продукцияны чыгаруу же Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү;
14) техникалык жөнгө салуу объекти - продукция жана/же продукциянын долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине карата талаптар менен да байланышкан продукция;
15) жактыруу - продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга же белгиленген багытта же белгиленген шарттарда пайдаланууга техникалык регламенттер менен белгиленген тартипте берилген уруксат;
16) шайкештикти баалоо боюнча орган - шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүргүзүүчү юридикалык жак;
17) сертификаттоо боюнча орган - сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүчү юридикалык жак;
18) шайкештикти баалоо - техникалык жөнгө салуу объектине коюлуучу талаптардын сакталышын тике же кыйыр түрдө аныктоо. Шайкештикти баалоо мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө), аккредитациялоо, сыноолор, ченөөлөр, экспертиза каттоолор, жактыруулар, шайкештикти тастыктоо, курулушу бүткөн объектти кабыл алуу жана пайдаланууга берүү формаларында, ошондой эле алардын айкалыштарында жана башка формада жүргүзүлүшү мүмкүн;
19) шайкештикти тастыктоо - продукциянын жана долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, ишке киргизүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин техникалык регламенттердин талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдин шарттарына шайкештигин документтик ырастоону тастыктоочу жол-жоболор;
20) шайкештик презумпциясы - эл аралык, региондук, улуттук стандарттарды жана/же эрежелердин жыйындысын колдонуу техникалык регламенттердин олуттуу (жалпы) талаптарын сактагандык катары каралган жобо;
21) каттоо - шайкештикти баалоо формасы, ал аркылуу тиешелүү тизмектеги продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин мүнөздөмөлөрү көрсөтүлөт;
22) ресурс үнөмдөө - объекттердин жашоо циклинин бардык баскычтарын коштогон жана материалдык чыгымдардын салыштырмалуу туруктуулугунда пайдалуу натыйжалардын көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылуучу ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана үнөмдүү чыгымдоого багытталган иштер (уюштуруучулук, экономикалык, техникалык, илимий, практикалык, маалыматтык), усулдар, процесстер, уюштуруу-техникалык чаралардын жана иш-чаралардын комплекси. Ал энергия үнөмдөө жана материал үнөмдөө деп айырмаланат;
23) тобокелдик - зыяндын оорчулугун эске алуу менен адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана өсүшүнө зыян келтирүү ыктымалдуулугу;
24) сертификаттоо - шайкештикти тастыктоо формасы, анын жүрүшүндө сертификаттоо боюнча орган продукция же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери, ошондой эле жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр техникалык регламенттерин белгиленген талаптарын, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдин шарттарына шайкеш келерин ырастоо формасы;
25) шайкештик сертификаты - продукция же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери, ошондой эле жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр техникалык регламенттерин белгиленген талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдин шарттарына шайкеш келерин ырастоочу документ;
26) сертификаттоо тутуму - сертификаттоо боюнча иштерди аткаруу эрежелеринин, сертификаттоо тутумунун катышуучуларынын жана бүтүндөй тутумдун иштөө эрежелеринин жыйындысы;
27) коопсуздуктун олуттуу (жалпы) талаптары - техникалык жөнгө салуу объекттерине коюлган, тиешелүү өлчөө бирдиктериндеги конкреттүү (сандык) маанилерди белгилөөсүз берилген милдеттүү талаптар;
28) техникалык регламент - продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, милдеттүү түрдө колдонулуучу жана аткарылуучу талаптары, ошондой эле алардын белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүсүн баалоонун формаларын жана жол-жоболорун белгилөөчү документ;
29) техникалык жөнгө салуу - техникалык жөнгө салуу объекттерине коюлуучу милдеттүү жана ыктыярдуу талаптарды белгилөө, колдонуу жана аткаруу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу жана шайкештикти баалоо жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу;
30) техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген техникалык жөнгө салуу жаатындагы аткаруу бийлигинин органы;
31) ыйгарым укук берүү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте шайкештикти баалоо (тастыктоо) боюнча белгилүү бир ишти аткаруу укугун шайкештикти баалоо боюнча органга бөлүп берүү;
32) ыйгарым укуктуу органдар - шайкештикти баалоо (тастыктоо) боюнча белгилүү бир жаатта конкреттүү иштерди жүргүзүү ыйгарым укуктары берилген, үчүнчү жак тарабынан таанылган, юридикалык жак статусуна ээ уюмдар же уюмдун бир бөлүгү (бөлүм же бөлүмчө);
33) даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген адам - жеке ишкер катары катталган, продукциянын шайкештигин баалоодо жана Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө чыгарууда чет өлкөлүк даярдоочу менен түзүлгөн келишимдин негизинде ошол даярдоочунун атынан аракеттенүүчү, ошондой эле продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбегендиги үчүн жоопкерчилик тартуучу юридикалык же жеке жак;
34) сертификаттоо боюнча эксперт (эксперт-аудитор) - белгилүү бир жааттагы продукциянын шайкештигин тастыктоо үчүн компетенттүүлүккө ээ болгон жана продукцияны сертификаттоо боюнча органда продукциянын шайкештигин тастыктоо боюнча иш жүргүзүүчү жеке жак;
35) энергетикалык натыйжалуулук - бул техниканын жана технологиянын өнүгүүсүнүн учурдагы деңгээлинде жана айлана-чөйрөнү коргоого карата талаптарды сактоодо продукцияга, технологиялык процесске, юридикалык жакка, жеке ишкерге карата колдонууда ушундай натыйжаны алуу максатында өндүрүлгөн энергетикалык ресурстардын чыгымдарына карата энергетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган пайдалуу натыйжанын мамилесин чагылдыруучу мүнөздөмөлөр.";
2) 3-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, стандартташтыруу жаатындагы мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынуучу дагы башка мыйзамдардан, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунан турат.";
б) 5-пунктта "Стандартташтыруу, шайкештикти баалоо боюнча" деген сөздөр "Шайкештикти баалоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын";
3) 7-статьянын 4-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 8-статьянын 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Техникалык регламенттердин өзүнчө талаптарына карата эрежелердин жыйындысы стандартташтыруу боюнча улуттук документ катары стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынат.";
5) III бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 24-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүлүүгө түшкөн жана билим берүү чөйрөсүндө коммерциялык эмес максаттарда колдонулуучу продукция шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун объекти болуп саналбайт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Чет мамлекеттердин шайкештикти баалоо жөнүндө документтери (шайкештик сертификаттары, сыноолордун (изилдөөлөрдүн, өлчөөлөрдүн) протоколдору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте таанылат.";
7) 26-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сертификаттоо боюнча орган сертификаттоо боюнча органдын штатында аккредитация жаатына ылайык келген иштин ар бир багыты боюнча шайкештикти тастыктоо жаатында сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) болушун камсыз кылууга тийиш. Сертификаттоо боюнча эксперттер (эксперт-аудиторлор) өзүнүн шайкештикти баалоо боюнча ишин сертификаттоо боюнча бир орган менен эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоого жана сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизилүүгө тийиш.";
8) 27-статьянын 1-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 28-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Шайкештиги техникалык регламенттердин талаптары менен тастыкталган продукция техникалык регламенттерге шайкештик белгиси менен маркаланат. Техникалык регламенттерге шайкештик белгисинин сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
10) 29-статьянын 2-пункту мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул статьянын 1-пункту колдонула турган Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасынын коддорун, анын зарыл түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле сертификация боюнча аккредиттелген органдардын жана тастыктоочу документтердин аталышын көрсөтүү менен бажы жагынан жол-жоболоштуруунун максаттары үчүн продукциянын конкреттүү түрлөрүнүн тизмеси техникалык регламенттердин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу Кыргыз Республикасынын аймагынан өтүп баратканда ушул статьянын 1-пунктуна шайкештик көрсөтүлө турган продукциянын тизмесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети техникалык регламенттердин негизинде түзөт жана жарыялайт.";
11) 39-статьянын 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 41-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Техникалык регламенттер жана стандартташтыруу боюнча документтер Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фондун түзөт.
Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фондун түзүү жана уюштуруу "Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.";
13) 42-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 43-статьянын үчүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана "Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 4-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |