КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-сентябры № 543
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 214 “Кыргыз Республикасында Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү жана алардын иштешин мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 214 “Кыргыз Республикасында Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү жана алардын иштешин мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы “Билим берүү жана илим” деген сөздөр “Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жободо:
– 3, 7, 14-пункттардагы “Билим берүү жана илим” деген сөздөр “Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 5-пункттун экинчи абзацында:
“Билим берүү жана илим министрлигинин” деген сөздөр “Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
“, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин” деген сөздөр алып салынсын;
– 6-пункттун жетинчи абзацындагы “билим берүү жана илим министри” деген сөздөр “илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |