Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-июлу № 455
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын административдик чегинде жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ош шаарынын жаңы муниципалдык базарынын аянтын кеңейтүү жана анын аймагына иштеп жаткан борбордук базарды көчүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 12-2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 15-январындагы № 19 токтомун жана 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ош шаарынын (Ош шаарынын мэриясынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын) административдик чегинде жайгашкан жалпы аянты 25,89 га жер, анын ичинен № 1023 контурдагы - 10,62 га сугат айдоо жери, № 1534 контурдагы - 15,27 га сугат айдоо жери Ош шаарынын жаңы муниципалдык базарынын аянтын кеңейтүү жана анын аймагына иштеп жаткан борбордук базарды көчүрүү үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Ош шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
3) жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
5) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын сакталышын;
6) автомобиль жолдорунун техникалык параметрлеринин, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин жана талаптарынын сакталышын;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык төлөөнү;
9) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарбалык иштетүүгө киргизүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августунда № 58 (3714) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |