Загрузка документа…
БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-марты № 32
“Ата-энелер төлөмү жөнүндө”
Биримдик айылдык кеңеши Биримдик айыл аймагында жайгашкан муниципалдык бала бакчаларда тарбияланып жаткан ар бир балага, айына төлөнүүчү ата-энелер төлөмүн бекитүү үчүн ата-энелердин чогулушунун протоколдору менен таанышып чыгып, талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Биримдик айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги 2025-жылдын 5-мартындагы V сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биримдик айыл аймагындагы Кең-Арал айылындагы Т.Алымкулов атындагы балдар бакчасы жана Ак-Дөбө айылындагы “Гулзар” жана “Ак-Дөбө” балдар бакчасынын ата-энелик төлөмү 1000 (бир миң) сомго бекитилсин.
2. Биримдик айыл аймагындагы Өзгөрүш айылындагы “Ыйман” балдар бакчасынын ата-энелик төлөмү 900 (тогуз жүз) сомго бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Биримдик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Бечелов |