Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 30-июлу № 167
Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1 жана 2-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
Ушул Мыйзамдын максаты болуп насыялык маалыматты жана насыялык бүтүм түзүүгө тыюу салуу жөнүндөгү маалыматты алмашуу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу саналат.
2-берене. Насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Насыялык маалыматты жана насыялык бүтүм түзүүгө тыюу салуу жөнүндөгү маалыматты алмашуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";
2) 3-беренеде:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"насыялык бүтүм - насыя, зайым, лизинг, факторинг келишими жана акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүү каралган башка келишимдер, ошондой эле колдонулуучу терминологиянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдер;";
б) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"насыялык маалымат субъекти - тиешелүү түрдө зайымчы (карызкор), лизинг алуучу, банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишим боюнча кардар, кепилдик берүүчү, кепил катары чыгуучу же болбосо түзүлгөн жарандык-укуктук келишимге ылайык насыячынын алдында башка финансылык карызы жана милдеттенмеси бар юридикалык же жеке жак, насыялык бүтүм түзүүгө тыюу салган жеке жак;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу (мындан ары - өзүнө-өзү тыюу салуу) - насыялык маалымат субъектинин - жеке жактын ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банк же банктык эмес финансы-насыялык уюм (мындан ары - насыялык уюм) менен насыялык бүтүм түзүүгө тыюу салууну белгилөөгө өз алдынча эрк билдирүүсү;";
3) 4-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) негизги карыздын суммасын, берилген датасын, карызды график боюнча жана иш жүзүндө тындыруу датасын, пайыздык ставканын өлчөмүн, кошуп эсептелген пайыздардын суммасын, туумдун, айып пулдардын жана бышмананын суммасын, карызды кайра түзүмдөштүрүү фактысы жөнүндө маалыматты (карызды тындыруу графигине, карыздын суммасына жана түзүмүнө, пайыздык ставканын өлчөмүнө өзгөртүүлөр) кошуп алганда, насыялык маалымат субъектинин жарандык-укуктук келишим боюнча, анын ичинде колдонулуучу терминологиянын өзгөчөлүгүн эске алуу менен банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишим боюнча акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу;";
4) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Насыялык бюро - коммерциялык уюм болуп саналган, насыялык маалымат жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак.";
5) 8-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту "насыялык маалыматты" деген сөздөрдөн кийин "жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 9-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту "насыялык маалыматты" деген сөздөрдөн кийин "жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 11-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде насыялык бюронун укук мураскеринин лицензиясы болбосо, ошондой эле насыялык бюро жоюлган, лицензиянын колдонулушу токтотулган учурларда насыялык маалыматтар жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына банктык мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө акысыз өткөрүлүп берилет.";
8) 12-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункт "насыялык маалыматтарды" деген сөздөрдөн кийин "жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-пунктта "жана насыялык маалыматтардын Мамлекеттик реестрин" деген сөздөр алып салынсын;
в) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган негиздерде жана тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн насыялык бюролорго таасир этүү чараларын колдонот;";
9) 13-берененин 1-пункту "насыялык маалымат" деген сөздөрдөн кийин "жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 14-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-пункттар менен толукталсын:
"1-1) өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги/алынгандыгы, өзүнө-өзү тыюу салынган/алынган датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтар базасын берилген маалыматтарга ылайык электрондук түрдө жүргүзүүгө;
1-2) насыялык маалыматты пайдалануучулардын жана насыялык маалымат субъекттеринин суроо-талабы боюнча өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө актуалдуу жана ишенимдүү маалыматты Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө берүүгө;";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) насыялык маалыматты жана өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги/алынгандыгы, өзүнө-өзү тыюу салынган/алынган датасы жана убактысы жөнүндө маалыматты коргоону жана сактоону камсыз кылууга;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1) өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу колдонулган бүткүл мөөнөт ичинде, ошондой эле тыюу салуу алып салынгандан кийин үч жыл бою сактоону камсыз кылууга;";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) насыялык тарыхка, ошондой эле өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги/алынгандыгы жөнүндө маалыматка ар бир жолку кирүүнү каттоону жана эсепке алууну жүргүзүүгө.";
б) 4-1-бөлүк "насыялык маалыматты" деген сөздөрдөн кийин "жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты" деген сөздөр менен толукталсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Насыялык бюро өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги/жоктугу (алынгандыгы) жөнүндө маалыматты өз убагында бербегендиги, ал жөнүндө актуалдуу эмес, жалган маалыматты бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
11) 16-берененин 2-бөлүгүндө "насыялык маалыматтын Мамлекеттик реестрине жана" деген сөздөр алып салынсын;
12) 20-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Насыялык маалымат берүүчүлөр - насыялык уюмдар насыялык маалыматты ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык беришет.";
б) 3-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) насыялык маалымат субъектисинин жана (же) насыялык бюронун маалыматтарда табылган каталары жана дал келбестиктер бөлүгүндө талабы боюнча насыялык бюрого мурда берилген насыялык маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;";
13) 21-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүктө:
- 5-пунктта "бардык насыялык бюролордон" деген сөздөр "экиден кем эмес насыялык бюродон" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) насыялык уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана Насыялык бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген иштеп жаткан насыялык бюролордон насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги жөнүндө маалыматты сурап алууга жана колдонуудагы өзүнө-өзү тыюу салуу болгон учурда насыялык маалымат субъектиси - жеке жак менен насыялык бүтүм түзүүдөн баш тартууга милдеттүү. Насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги жөнүндө суроо-талап насыялык бюрого кардардын макулдугусуз жөнөтүлүшү мүмкүн.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Насыялык уюмдар тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүнүн 6-пунктунун талаптарын бузуу менен түзүлгөн насыялык бүтүм жараксыз болуп саналат.";
14) 22-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы аркылуу өзүнүн өзүнө-өзү тыюу салуусу жөнүндө маалыматты акысыз негизде алууга;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12) ушул Мыйзамдын 22-1-беренесине ылайык насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөөгө, ошондой эле мындай өзүнө-өзү тыюу салууну алып салууга.";
15) төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-берене менен толукталсын:
"22-1-берене. Насыялык бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салууну белгилөө же болбосо мындай тыюу салууну алып салуу
1. Өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө, ошондой эле өзүнө-өзү тыюу салууну алып салуу насыялык маалымат субъектиси - жеке жак тарабынан Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы аркылуу же Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталуучу башка ыкма менен акысыз өз алдынча жүргүзүлөт. Белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу бул өзүнө-өзү тыюу салуу белгиленгенге чейин насыялык уюмдар менен түзүлгөн насыялык бүтүмдөргө карата колдонулбайт.
2. Насыялык бүтүмдөрдү түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат насыялык бюролорго өзүнө-өзү тыюу салган насыялык маалымат субъектинин тандоосу боюнча жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы жана насыялык маалымат берүүчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана Насыялык бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилип иштеп жаткан насыялык бюролор менен насыялык бүтүмдөрдү түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу (тыюу салууну алып салуу) жөнүндө маалыматты берүү бөлүгүндө тутумдар аралык интеграцияны камсыздайт.
3. Өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөөнүн башталышынын, колдонууда болуусунун жана колдонууда болуусунун аякташынын мөөнөттөрүн аныктоо тартиби, өзүнө-өзү тыюу салууну (тыюу салууну алып салууну) белгилөөнүн формасы жана талаптары Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.";
16) 25 жана 26-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Насыялык маалымат жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат алмашуу жаатындагы талаш-тартыштар мыйзамдарда белгиленген тартипте чечилет.
26-берене. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Насыялык маалымат жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу мыйзамдарды бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.".
2-берене.
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кредиттик келишимди же акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүүнү караган башка келишимди (мындан ары - кредиттик келишим) түзгөнгө чейин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) эгерде тыюу салуу мындай келишимге жайылтылса, кардар менен кредиттик келишим түзүүгө ал тарабынан тыюу салууну белгилөө же болбосо мындай тыюу салууну алып салуу жөнүндө маалымат бар экендиги тууралуу маалыматты иштеп жаткан кредиттик бюролордон сурап алууга. Банктык кызмат көрсөтүүчү адамдарга мындай маалыматты берүү кредиттик бюролор тарабынан келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Мында кредиттик бюролор Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык кредиттик келишим түзүүгө тыюу салуу бар экендиги/жоктугу (алынгандыгы) тууралуу маалыматты өз убагында бербегендиги, актуалдуу эмес, жалган маалымат бергендиги үчүн жоопкерчилик тартышат;
2) кредиттик келишим түзүүгө кардар тарабынан белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу күчүндө болсо, кредиттик келишим түзүүдөн баш тартууга.
Банктык кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан ушул бөлүктүн талаптарын сактабастан түзүлгөн кредиттик келишимдер жараксыз болуп саналат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |