Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-февралы № 2/1
Арашан айыл өкмөтүнүн уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, эки айыл өкмөтү, тактап айтканда, Таш-Дөбө айыл өкмөтү жана Арашан айыл өкмөтү бирдиктүү Арашан айыл өкмөтүнө бириктирилген, ошого жараша Арашан айылдык кеңешинин сессиясы өткөрүлүп, депутаттардын бир добуштан чечими менен Курманбаев Алмазбек Болотбекович Арашан айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Арашан айылдык кеңеши Арашан айыл өкмөтүнүн уставын (Жобо) бекитүүнү чечти, буга байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл өкмөтүнүн уставы(Жобо) бекитилсин жана белгиленген тартипте юстиция органдарында каттоодон өткөрүлсүн;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Б.Курманбаев |