Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-августу № 471
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында индустриалдык-логистикалык борборлорду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 10-мартындагы № 01-12/587 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында жайгашкан, "Топ Виза" жоопкерчилиги чектелген коомунун менчигинде турган, № 204 контурдагы жалпы аянты 47,53 га сугат айдоо жер участогу (үлүшү) индустриалдык-логистикалык борборлорду куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана кардын эриген сууларын коопсуз буруу системасынын иштешин, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн жер участогунда казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн адис-археологду тартууну;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна жакын жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же коргоо зонасына кирип калганда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алууну;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
9) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкени сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-августунда № 60 (3716) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |

8) КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-октябрындагы N 670 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
9) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкени сактоону.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 670 токтомунун редакциясына ылайык)