Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 16/IV
“Жайылма айыл аймагынын 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Джолдошевдин Жайылма айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө, маалыматын карап чыгып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51 беренесинин негизинде, талкуулап, пикир алмашып
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилсин.
2. Бекитилген планды өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайылма айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Джолдошевга жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
| К.М. Жонгучкаев |