Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 479 токтомуна) |
Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартиби
1-глава. Ушул Тартиптин жөнгө салуу предмети
1. Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартиби (мындан ары - Тартип) кургак учук менен ооруган жана дарылануудан баш тарткан, айланасындагыларга кургак учукту жуктуруу тобокелдигин жараткан адамдарды обочолонтуу тартибин аныктайт.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
- айланасындагыларга кургак учук жуктуруу тобокелдиги - кургак учук менен ооруган адам кургак учуктун микробактерияларын активдүү бөлүп чыгаруу тобокелдиги, бул айланасындагы адамдарга жуктурууга алып келиши мүмкүн;
- кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдар - кургак учуктан дарылануудан атайылап качкан жана кургак учук инфекциясынын жайылуу коркунучун жараткан адамдар;
- милдеттүү обочолонтуу - кургак учуктун микробактерияларын активдүү бөлүп чыгаруучу, кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарга карата эпидемияга каршы чара.
3-глава. Ушул Тартипти ишке ашырууга тартылган органдар, түзүмдөр, уюмдар
3. Бул Тартипти ишке ашырууга төмөнкү органдар, түзүмдөр жана уюмдар тартылат:
- соттор;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
- саламаттык сактоо уюмдары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун борбордук врачтык консилиуму (мындан ары - борбордук врачтык консилиуму).
4-глава. Тартипти ишке ашыруу эрежелери
4. Кургак учук менен ооруган жана айланасындагыларга жуктуруу тобокелдигин жараткан адам медициналык корутундунун негизинде соттун чечими боюнча милдеттүү, анын ичинде мажбурлап обочолонтулууга тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмунун калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү медицина кызматкери кургак учуктан дарылануудан атайылап качуу фактысы болгон учурда 1-тиркемеге ылайык "Кургак учуктун жугуштуу формасы менен ооруган адамдын дарылануудан баш тарткандыгы жөнүндө билдирүү" формасын толтурат.
6. Кургак учуктун жугуштуу формасы менен ооруган адамдын дарылануудан баш тарткандыгы жөнүндө билдирүүгө саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кол коёт жана борбордук врачтык консилиумуна корутунду берүү үчүн кароого жөнөтүлөт.
7. Улуттук фтизиатрия борборунун борбордук врачтык консилиумуна берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:
- оору таржымалын;
- пациенттин амбулаториялык медициналык картасын;
- кургак учуктун жугуштуу түрү менен ооруган адамдын дарылануудан баш тарткандыгы жөнүндө билдирүүнү, ал пациенттин оору таржымалында жана амбулаториялык картасында жазылган милдеттүү түрдө дарылануу жөнүндө бир нече жолу ынандыруудан жана дарылануудан баш тарткан учурда обочолонтуу жөнүндө эскертүүлөрдөн кийин дарылоочу врач тарабынан толтурулат.
8. Борбордук врачтык консилиум документтер түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен жыйналыш өткөрөт жана 2-тиркемеге ылайык "Кургак учуктун жугуштуу формасы менен ооруган, айланасындагыларга жуктуруунун жогорку тобокелдигин жараткан адам дарылоодон баш тарткандыгы үчүн милдеттүү мажбурлап обочолонтулууга тийиш экендигин ырастоо жөнүндө корутунду" чыгарат.
9. Саламаттык сактоо уюмунун ыйгарым укуктуу өкүлү борбордук врачтык консилиумдун корутундусун алган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде тиешелүү материалдарды белгиленген тартипте сотко берүүгө милдеттүү.
10. Жеке коргонуу каражаттарын (респираторлор, бет каптар) берүү жолу менен сот процессинин катышуучуларынын коопсуздук чараларын камсыздоо доо арыз берген саламаттык сактоо уюмуна жүктөлөт.
11. Мажбурлап обочолонтуу жөнүндө соттун чечими чыккан адам мажбурлап дарылоодон өтүү үчүн кургак учукка каршы уюмдарга жөнөтүлөт.
12. Саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси дарылоочу врачты дайындайт, ал дарылоо схемасын аныктайт жана дарылоону контролдойт.
13. Мажбурлап ооруканага жаткырылгандан кийин, дарылануудан качкан адам дарылануу аяктаганга чейин тиешелүү изолятордо калат.
14. Мажбурлап обочолонтууда адамдардын болуу шарттары Кыргыз Республикасынын аламаттык сактоо министрлигинин санитардык ченемдерине ылайык сакталат.
15. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дарылануудан баш тарткан адамдардын эсебин жүргүзөт жана алардын саламаттык сактоо уюмдарында кармалышын контролдойт.
|
| Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартибине 1-тиркеме |
|
| Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине _____________________________________ |
Кургак учуктун жугуштуу формасы менен ооруган адамдын дарылануудан баш тарткандыгы жөнүндө БИЛДИРҮҮ
________________ шаары |
| "___" ____________ 202___-жыл |
_____________________________ кургак учуктун жугуштуу формасы менен ооруган, кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адам болуп саналат жана кургак учук инфекциясынын жайылышына коркунуч жаратат.
Аты-жөнү __________________________________
Катталган датасы ___________________________
Клиникалык диагнозу ________________________
Башкы дарыгер |
| _____________________________ |
|
|
|
Дарылоочу врач |
| _____________________________ |
|
| Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартибине 2-тиркеме |
Кургак учуктун жугуштуу формасы менен ооруган, айланасындагыларга жуктуруунун жогорку тобокелдигин жараткан адам дарылоодон баш тарткандыгы үчүн милдеттүү мажбурлап обочолонтулууга тийиш экендигин ырастоо жөнүндө КОРУТУНДУ
________________ шаары |
| "___" ____________ 202___-жыл |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун борбордук врачтык комиссиясы кургак учуктун жугуштуу формасы ___________________ менен ооруган, дарылануудан баш тарткан (качкан) адамга карата материалдарды изилдеп чыгып, _____________________________ айланасындагыларга кургак учукту жуктуруунун жогорку тобокелдигин жаратат жана мажбурлап обочолонтулууга тийиш деген корутунду чыгарат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун борбордук врачтык консилиумунун төрагасы |
|
|
________________________________ |
|
|
|
|
|
Борбордук врачтык консилиумдун мүчөлөрү |
|
|