Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-июлу № 46
Зоналык коэффициенттер жана нарктык зоналардын баасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404 берелерине ылайык 2025-2027-жылдар аралыгындагы турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналык коэффициенттер жана нарктык зоналарды бекитүү маселеси тууралуу Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Болгонбаев Самат Таалайбековичтин баяндамасын угуп жана талкуулап
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагында турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналык коэффициенттер жана нарктык зоналар 1,0 болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.К. Калыков |