КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-августу № 710-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 268 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 818-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота 2025-жылга 42000 адам өлчөмүндө аныкталсын.";
- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |