АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бириккен Арашан айылдык кеңешинин I-чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 44
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн келишимин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык, Арашан айыл аймагында калкты каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн келишимин түзүү максатында Арашан айылык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагында калкты каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.К. Калыков |