Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 40
Арашан айыл өкмөтүнө Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун финансылык лизингинин алкагында атайын техникаларды сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Арашан айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн зарылдыгын эске алуу менен, Арашан айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын ишке ашыруу үчүн төмөнкү маркадагы үч (3) даана атайын техниканы сатып алуу чечими кабыл алынды:
1. Экскаватор Hyundai Robex 140W-9S гидросистема жана адаптер, HRB 140 Side маркасындагы гидромолот, кошумча пландоочу чака, траншея үчүн чака жана чака үчүн атайын кармагыч менен комплектте.
2. Sinomach 722H автогрейдери алдыңкы жана ортоңку кыргыч, беш (5) тиштүү арткы жумшарткыч жана кондиционер менен, ошондой эле бир күндүн ичинде иштетүү үчүн алмаштырылуучу запастык бөлүктөрдүн комплектиси менен.
3. КАМАЗ базасындагы көлөмү 20м3 болгон таштанды ташуучу машина, 6×4.
Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун финансылык лизинги аркылуу техниканын жалпы наркы – 356 772 (үч жүз элүү алты миң жети жүз жетимиш эки) АКШ долларын түзөт, анын ичинен 5 жылга лизингдин суммасы 249 740 (эки жүз кырк тогуз жети жүз кырк миң) АКШ долларын, жылдык төрт (4) пайызды түзөт, ошондой эле техниканын жалпы наркынын (отуз) 30 пайыз өлчөмүндөгү өз салымы каралган, бул 107 032 (жүз жети миң отуз эки) АКШ долларын түзөт. Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын «___» № “Бюджет, инвестиция, укук тартиби, муниципалдык менчик, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” Туруктуу комиссиясынын чечимине таянып, I чакырылыштагы VI сессиянын депутаттары токтом кылат:
1. Арашан айыл өкмөтүнүн муктаждыктары үчүн Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун финансылык лизинги аркылуу 249 740 (эки жүз кырк тогуз жети жүз кырк миң) АКШ доллары суммасындагы 3 (үч) даана атайын техниканы 5 жылдык мөөнөткө жылдык (төрт) 4 пайыздык белгиленген үстөк менен, лизингдин негизги суммасын төлөө боюнча (үч) 3 айлык жеңилдетилген мөөнөт жана лизингди уюштуруу үчүн комиссия - лизинг суммасынын (нөль бүтүн беш) 0,5 пайызын түзөт.
2. 2025-жылга бюджетте Арашан айыл өкмөтүнүн финансылык арендасын (лизингин) уюштуруу үчүн төмөнкү чыгымдарды кароо:
- Экскаватор Hyundai Robex 140W-9S гидросистема жана адаптер, HRB 140 Side маркасындагы гидромолот, кошумча пландоочу чака, траншея үчүн чака жана чака үчүн атайын кармагыч менен комплектте, Sinomach 722H автогрейдери алдыңкы жана ортоңку кыргыч, беш (5) тиштүү арткы жумшарткыч жана кондиционер менен, ошондой эле бир күндүн ичинде иштетүү үчүн алмаштырылуучу запастык бөлүктөрдүн комплектиси, КАМАЗ базасындагы көлөмү 20м3 болгон таштанды ташуучу машина, 6×4 автотехникалардын наркынын (отуз) 30 пайызын түзгөн өз салымын төлөө үчүн 107 032 (жүз жети миң отуз эки) АКШ доллары;
- Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун лизингин уюштуруу үчүн комиссияны төлөө үчүн 1 248 (бир миң эки жүз кырк сегиз) АКШ доллары (лизинг суммасынын 0,5 %);
- Автотехниканы бажылык тариздөөгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды төлөө.
3. Финансылык аренданын (лизингдин) мөөнөтү аяктаганга чейин жыл сайын Арашан айыл өкмөтүнүн бюджетинде Арашан айыл өкмөтүнүн милдеттенмелерин жабуу жана жылдык камсыздандыруу боюнча чыгымдар үчүн зарыл каражаттарды кароо.
4. Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду менен түзүлүүчү лизинг келишиминде Арашан айыл өкмөтүн лизинг алуучу, ал эми атайын техниканы эксплуатациялоочу катары “Арашан Биримдиги” Муниципалдык ишканасы каралсын.
5. Көрсөтүлгөн техникалар жарандык-укуктук мамилелердин алкагында Арашан айыл өкмөтүнүн калкына жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү максатында пайдаланылат, алар пайда компонентин карайт.
6. Бул токтомдун аткарылышы Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Таалайбекович Болгонбаевге жүктөлсүн.
7. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.К. Кыдыров |