Редакцияот 02.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бириккен Арашан айылдык кеңешинин I-чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 2-июну № 38

 

Арашан аймагынын Бер-Булак айылынын 32,40га жаңы конушундагы он көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

Арашан айылдык кеңеши З.А.Исмаиловадан келип түшкөн арызды 2025-жылдын 2-июнунда карап чыгып, ошондой эле З.А.Исмаилованын жана Арашан айылдык кеңешинин депутаты Ырыс уулу Медербектин Бер-Булак айылынын 32,40га жаңы конушундагы он көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү баяндамаларын угуп жана талкуулап,

 

Арашан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Арашан аймагынын Бер-Булак айылынын 32,40га жаңы конушундагы он көчөгө төмөдөгүдөй ысымдар ыйгарылсын:

1-көчөгө “Кут”

2-көчөгө “Биримдик”

3-көчөгө “Абдыкадыр Касымалиев”

4-көчөгө “Береке”

5-көчөгө “Асман”

6-көчөгө “Нур”

7-көчөгө “Тынчтык”

8-көчөгө “Мурас”

9-көчөгө “Жапар Ата”

10-көчөгө “Мечит”

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.А.Кыдыров