Загрузка документа…
БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-марты № 41
“Кашка-Жол орто мектебине Турусбек Эсенбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Биримдик айылдык аймагынын Өзгөрүш айылындагы “Кашка-Жол” орто мектебинин математика сабагынын мугалими Гүлсара Эсенбаеванын кайрылуусу боюнча, эл агартууда 48-жылдан ашык эмгектенген Турусбек Эсенбаев “Кашка-Жол” орто мектебинин түптөлүшүнө жана эл агартуу тармагына кошкон зор салым үчүн “Кашка-Жол” орто мектебинин аталышын Турусбек Эсенбаев атындагы орто мектеби деп которуу жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап Биримдик айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги 2025-жылдын 5-мартындагы V сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кашка-Жол” орто мектебинин аталышын Турусбек Эсенбаев атындагы орто мектеби мекемеси деп которууга сунушталсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Биримдик айыл өкмөтүнүн башчысы З.Эшенкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Т. Бечелов |