Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 25-июлу № 156
2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2015-жылдын 15-сентябрындагы Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2015-жылдын 15-сентябрындагы Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |