Редакцияот 21.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨЛӨК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 21-июлу № 33

 

Төлөк айыл аймагында жайгашкан ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдукбирикмелерин (СООППВ) жана жайыт пайдалануучулардын бирикмелерин жоюу боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык кайра уюшулган “Таза-Биримдик” муниципалдык ишкананын негизинде, карап жана талкуулап чыгып Төлөк айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төлөк айыл аймагында жайгашкан төмөндөгү ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (СООППВ) жана жайыт пайдалануучулардын бирикмелери жоюулсун:

Ø  ИСКАКБ “Сармурза”;

Ø  ИСКАКБ “Жайчибек-Суу”;

Ø  ИСКАКБ “Кундуз”;

Ø  ИСКАКБ “Спартак-Суу”;

Ø  Чапай айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмеси;

Ø  Целинный айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмеси;

Ø  Төлөк айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмеси.

2. Жоюлган ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (СООППВ) жана жайыт пайдалануучулардын бирикмелеринин милдеттери “Таза-Биримдик” муниципалдык ишкананын ишмердүлүгүнө өткөрүлсүн.

3. Жоюлган бирикмелердин карыздары жабылсын, кредитордук жана дебитордук карыздары “Таза-Биримдик” муниципалдык ишканага өткөрүлүп берилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго милдеттендирилсин.

 

 

 Төлөк айыл кеңешинин төрөгасы

 

   Иманалиев У.Д.