КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/18
Каракол шаардык Кенешинин 2025-жылдын 26-февралындагы, №29-4/16 “Ысык-Кѳл областтык прокуратурасына административдик имарат жана кѳп кабаттуу ʏй куруу ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ” жѳнʏндѳгʏ токтомун жокко чыгаруу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын вице-мэри Н.М.Алапаеванын, 2025-жылдын 11-апрелиндеги чыг:№01-17-2381 Каракол шаардык Кенешинин токтомун жокко чыгаруу жана бѳлʏнгѳн жер тилкеси жѳнʏндѳгʏ катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кенешинин 2025-жылдын 26-февралындагы, №29-4/16 “Ысык-Кѳл областтык прокуратурасына административдик имарат жана кѳп кабаттуу ʏй куруу ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ” жѳнʏндѳгʏ токтому жокко чыксын.
2. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Ысык-Кѳл №6 дарегиндеги, аянты 3679,9 м2 болгон жер тилкесин Ысык-Кѳл областтык прокуратурасына административдик имарат куруу ʏчʏн бѳлʏп берʏʏгѳ макулдук берсин.
3. Каракол шаарынын мэриясы бардык укук берʏʏчʏ документтерди даярдап, Ысык-Кѳл областтык прокуратурасына тапшырсын.
4. Каракол шаарынын мэриясы, Ысык-Кѳл областтык прокуратурасынын жаңы имараты бʏткѳрʏлгѳндѳн кийин, Кыштобаев №64 дарегинде жайгашкан жанаша аймагы бар имаратты муниципалдык менчикке кабыл алсын.
5. Эгерде, административдик имарат ʏч жылдын ичинде башталып, беш жылда бʏтпѳсѳ, жалпы аянты 3679,9 м2 жер тилкеси бир тараптуу тартипте Каракол шаарынын муниципалдык менчигине Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамдарына ылайык, кайтарылсын.
6. 2025-жылдын 1-июлунан баштап, Каракол шаарынын парк аймактарына, шаардын скверлерине жана рекреациялык-ландшафттык аймактарына административдик имараттарды куруу ʏчʏн муниципалдык жер тилкелерин берʏʏгѳ тыюу салынсын.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Төраганын биринчи орун басары Б.Ш. Курманов