МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 164 «1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал учурунда жардам берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Мыйзамы

Редакция28.07.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 28-июлу № 164

 

1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал учурунда жардам берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

 

1-берене.

1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал учурунда жардам берүү жөнүндө конвенцияга кошулсун.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Aтом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директоруна депонирлесин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 26-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган