КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/20
Жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын вице-мэри Н.М.Алапаеванын, 2025-жылдын 24-июнундагы чыг:№01-17-2495 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын Кыдыр-Аке н/ж дарегиндеги, аянты 2,0 га болгон жер тилкесин, “Жол чарба” ишканасына бѳлʏп берсин.
2. Токтом ММКларда жарыялансын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи
орун басары Б.Ш.Курманов