КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/21
Каракол шаарынын кыймылсыз мʏлкʏ бар жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын вице-мэри Н.М.Алапаеванын, 2025-жылдын 24-июнундагы чыг:№01-17-2541 катын жана У.Д.Исаеванын жеке менчигинен муниципалдык менчикке ыктыярдуу тʏрдѳ берʏʏ жѳнʏндѳгʏ арызын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына,Каракол шаарынын кыймылсыз мʏлкʏ бар тѳмѳнкʏ даректе жайгашкан жер тилкелери муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин:
-Каракол шаарынын Гебзе №200 аянты 1,02га (ИНН 2-01-01-0147-0008);
-Каракол шаарынын Тʏп кѳчѳсʏ, аянты 3 644,0 м2 (ИНН2-01-01-0156-0030);
-Пристань-Пржевальск Подгорный кѳчѳсʏ, аянты 1,0 га (ИНН2-01-05-0005-0147);
-Каракол шаарынын Кыдыр-Аке №79 кѳчѳсʏ, аянты 1 480,0 м2 (ИНН 2-01-01-0156-0032).
2. Каракол шаарынын мэриясы жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу ʏчʏн бардык укук берʏʏчʏ иш-кагаздарын, Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык даярдасын.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Төраганын биринчи орун басары Б.Ш.Курманов