КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/22
Атайын техниканы лизингге сатып алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Т.М.Мадяровдун, 2025-жылдын 23-июнундагы чыг:№01-17-2531 катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,
токтом кылат:
1. “Жол чарба” ишканасына атайын техниканы лизингге алууга макулдук берсин.
2. Токтом ММКларда жарыялансын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи орун басары Б.Ш.Курманов