Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 2-сентябры № 3
«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасында коррупцияга каршы чараларды актуалдаштыруу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:
1. Ушул буйрукка тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасындагы Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 25-декабрындагы № 215 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасындагы Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери бекитилген Тизменин жоболорунун сакталышын жана ишке ашырылышын туруктуу негизде камсыз кылышсын.
4. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окүлүнө:
1) үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Укуктук маалымат башкармалыгына жөнөтсүн;
2) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган) жөнөтсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо өзүмө калтырамын.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| А.Б. Баетов |