Документке
Мурунку04.09.2025

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

ТОКТОМ   

 

16-июль 2025-жыл  №29-8/1

 

«Каракол шаарынын билим берʏʏ мекемелеринде эмгектенген мугалимдерине, окуучуларына бир жылда бир жолу берилʏʏчʏ акчалай сыйакы жѳнʏндѳгʏ» Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ

 

         Каракол шаарынын билим берʏʏ бѳлʏмʏнʏн башчысы А.Токтакунованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин билим берʏʏ, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы,

                                                                   токтом кылат:

  1. «Каракол шаарынын билим берʏʏ мекемелеринде эмгектенген мугалимдерине, окуучуларына бир жылда бир жолу берилʏʏчʏ акчалай сыйакы жѳнʏндѳгʏ» Жобобекитилсин. (№1 тиркеме).
  2. Токтом ММКларда жарыялансын.
  3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

 

 

      Тѳраганын биринчи орун басары                    Б.Ш.Курманов

­ Каракол шаарынын депуттатар Кеңешинин

2025-жылдын 16 июлунун №29-8/1 токтомунун

№1 тиркемеси

                                                                                                          

 

 

Каракол шаарынын билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалимдерине, окуучуларына бир жылда бир жолу берилүүчү акчалай сыйлык жѳнүндѳ

ЖОБО

 

 

  1. Жалпы жоболор.

-Бул Жобо Каракол шаарынын билим берүү мекемелеринде эмгектенген, билим алган, кароо сынактарда алдыңкы орундарды камсыз кылган мугалим, окуучуларга бир окуу жылында бир жолу берилүүчү акчалай сыйлыктардын ѳлчѳмүн, аны дайындоонун жана тѳлѳп берүүнүн тартибин аныктайт.

- Каракол шаарынын билим берүү мекемелеринде эмгектенген, билим алган кароо сынактарда алдыңкы орундарда камсыз кылган мугалим, окуучуларды сыйлоого акчалай сыйлыктар жергиликтүү бийлик органынын тийиштүү жылга каралган каражатынан берилет.

-Жободо кѳрсѳтүлгѳн сынактарда алдыңкы орундарды камсыз кылган мугалим, окуучу, билим берүү мекемелери сыйлыктын ээси боло алат.

  1. Сыйлыктардын түрлѳрү жана берүүнүн тартиби.

-Сыйлыктын ѳлчѳмү окуу жылы ичинде мугалим, окуучу, билим берүү мекемеси кѳрсѳткѳн натыйжаларга жараша, жергиликтүү бийлик органынын бюджеттик каржыланышынын чегинде белгиленет жана мугалим, окуучу, билим берүү мекемелерине бир окуу жылында бир эле жолу берилет.

-Сыйлыктар улуттук, эл аралык, предметтик олимпиада (интеллектуалдык), Алтын сертификат, жылдын мыкты билим берүү мекемеси категорияларына берилет.

  1. Сыйлыкты дайындоонун критерийи.

Сыйлыктар бир окуу жылдык мѳѳнѳткѳ дайындалат. Сыйлык Каракол шаардык билим берүү бѳлүмү тарабынан жүргүзүлгѳн мониторингдин жыйынтыгы менен ушул Жобонун 4-бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн сынактардын деңгээлине ылайык берилет.

  1. Сыйлыктын ээлерин аныктоо, берүү тартиби:
  1. Сыйлыкка талапкерди аныктоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

-Сыйлыкка кѳрсѳтүү боюнча жалпы билим берүү мекемесинин арызы;

-Сыйлыкка ээ болгондугун тастыктоочу диплом, грамотанын кѳчүрмѳсү;

-Сыйлык алуучунун ѳздүгүн тастыктоочу документинин кѳчүрмѳсү;

  1. Сыйлыктарга кимдерди кѳрсѳтүүгѳ болот:

-Сыйлыктарга Каракол шаарынын мектептеринде окуган окуучуларды, иштеген мугалимдерди гана кѳрсѳтүүгѳ болот;

  1. Cыйлыктарга кимдерди кѳрсѳтүүгѳ болбойт:

-Мурунку жылдын жеңүүчүлѳрү.

  1. Cыйлыктарды берүүгѳ карата сынактардын тизмеси:

-Республикалык олимпиаданын IV этабынын жеңүүчүлѳрү;

-Республикалык олимпиаданын IV этабынын жеңүүчүсү чыккан мектеп (чыккан предметке карата кабинет жабдуу);

-Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлѳрү;

-“Алтын сертификат” ээлери;

-Жалпы республикалык тестирлѳѳдѳ 190 балл (жалпы билим берүү мектептери үчүн) кѳрсѳткүчтү кѳрсѳткѳн бүтүрүүчүлѳр;

-Предметтер боюнча Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлѳрү;

-Шахмат оюндары боюнча Эл аралык деңгээлде  мелдештердин жеңүүчүлѳрү;

- Sprachdiplom, Флекс Эл аралык кароо сынактарынын жеңүүчүсү;

-“Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын Республикалык турунун жеңүүчү командасы;

-Жылдын жыйынтыгы менен биринчи орунду камсыз кылган мектеп;

-Республикалык деңгээлде кароо сынактардын жеңүүчүсү табылган мектепке чейинки билим берүү уюму.

  1. Cыйлыктар тѳмѳнкү учурларда берилбейт:

-Окуу жылы аягына карата Каракол шаарынын билим берүү мекемелеринде билим албаган, иштебеген жарандарга.

 

  1. Каракол шаарынын билим берүү мекемелеринин окуучуларын, педагогдорду, билим берүү мекемесин сыйлоо ѳлчѳмү

 

ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

СЫЙЛЫКТАР

Республикалык олимпиаданын IV баскычы (окуучу)

I орун

35000 сом

II орун

30000 сом

III орун

25000 сом

Республикалык олимпиаданын IV баскычы (мугалим)

I орун

35000 сом

II орун

30000 сом

III орун

25000 сом

Республикалык олимпиаданын IV баскычы (мектеп, бир жолу)

I орун

100000 сом

II орун

70000 сом

III орун

50000 сом

Улуттук олимпиаданын жеңүүчүсү (окуучу)

I орун

35000 сом

II орун

30000 сом

III орун

25000 сом

Улуттук олимпиаданын жеңүүчүсү (мугалим, бир жолу)

I орун

35000 сом

II орун

30000 сом

III орун

25000 сом

Улуттук олимпиаданын жеңүүчүсү (мектеп, бир жолу)

I орун

35000 сом

II орун

30000 сом

III орун

25000 сом

Предметтер боюнча Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлѳрү (окуучу)

I орун

35000 сом

II орун

30000 сом

III орун

25000 сом

Предметтер боюнча Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлѳрү (мугалим)

I орун

35000 сом

II орун

30000 сом

III орун

25000 сом

Предметтер боюнча Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлѳрү (мектеп, бир жолу)

I орун

35000 сом

II орун

30000 сом

III орун

25000 сом

Предметтер боюнча эл аралык деңгээлдеги командалык олимпиада жеңүүчүлөрү (ар бир окуучуга)

I орун

7000 сом

II орун

6000 сом

III орун

5000 сом

Предметтер боюнча эл аралык деңгээлдеги командалык олимпиада жеңүүчүлөрү (мугалим)

I орун

10000 сом

II орун

9000 сом

III орун

8000 сом

Жалпы республикалык тестирлѳѳ (окуучу)

Алтын сертификат

100000 сом

220 балдан жогору

30000 сом

200 балдан жогору

25000 сом

190 балдан жогору (жалпы билим берүүчү мектептер үчүн)

15000 сом

Жалпы республикалык тестирлѳѳ (мектеп, бир жолу, окуучунун саны эске алынат)

Алтын сертификат

100000 сом

200 балдан жогору

20000 сом

190 балдан жогору (жалпы билим берүүчү мектептер үчүн)

10000 сом

Мамлекеттик, жеке менчиктеги мектептер үчүн

15000 сом

Шахмат оюндары боюнча Эл аралык деңгээлде  мелдештердин жеңүүчүлѳрү

I орун

8000 сом

II орун

7000 сом

III орун

6000 сом

Шахмат оюндары боюнча Эл аралык деңгээлде  мелдештердин жеңүүчүлѳрүн даярдаган мугалим (мугалим, бир жолу)

I орун

8000 сом

II орун

7000 сом

III орун

6000 сом

Республикалык деңгээлдеги интеллектуалдык сынактын жеңүүчүсү

I орун

10000 сом

II орун

7000 сом

III орун

5000 сом

 Sprachdiplom (жогорку деңгээл), Флекс Эл аралык кароо сынагынын жеңүүчүсү

 

15000 сом

“Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын

Республикалык турунун жеңүүчү командасы

I орун

20000 сом

II орун

15000 сом

III орун

10000 сом

“Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын

Республикалык турунун жеңүүчү команданы даярдаган мугалим

I орун

20000 сом

II орун

15000 сом

III орун

10000 сом

“Жаш манасчы” кароо сынагынын

Республикалык турунун жеңүүчүсү

I орун

15000 сом

II орун

10000 сом

III орун

5000 сом

Республикалык деңгээлде кароо сынактардын жеңүүчүсү табылган мектеп

I орун

100000 сом

II орун

70000 сом

III орун

50000 сом

Республикалык деңгээлде кароо сынактардын жеңүүчүсү табылган мектепке чейинки билим берүү уюму

I орун

100000 сом

II орун

70000 сом

III орун

50000 сом

        

Сыйлоого керектелүүчү чыгымдар бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен каралсын.

 

 

Жаңы05.09.2025