Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын
2025-жылынын 2-апрели № 9-3
«Айыл аймактык участкалык шайлоо комиссиялардын сапаттык курамына жана резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын негиздеп, Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-мартындагы чыгыш №7/5 сандуу кайрылуу катын, айыл аймактагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдорду эске алып, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы 13 участкалык шайлоо комиссиялардын курамына жана резервине талапкерлер бекитилсин.
2.Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына жана резервине сунушталган талапкерлердин тизмеси Сузак аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|