Редакцияот 23.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 4- отуруму

 

2025-жыл 23-апрель № 4/34

 

«Айыл өкмөтүнө караштуу автотехникалардын көрсөтүлгөн кызматтарынын баасын бекитүү жөнүндө”

Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу автотехникалардын көрсөтүлгөн кызматтарынын баасын бекитүү жөнүндө “Күнтуу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж. Джакупбековдун кайрылуусу сессиянын отурумунда талкууланып, түзүлгөн протоколдун негизинде Күнтуу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Күнтуу айыл өкмөтү жана “Күнтуу” муниципалдык ишканасы ортосунда өткөрүп берүү жана кабыл алуу актысы аткарылгандан кийин туруктуу баа каралсын;

2. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу автотехникалардын көрсөтүлгөн кызматтарынын баасы сунушталган тиркемеге ылайык убактылуу бекитүүгө макулдук берилсин;

3. Автотехникаларды токтотуучу жай маселеси каралып, келерки сессиянын отурумуна даярдалсын;

4. Бул токтомдун аткарылышы “Күнтуу” МИсынын жетекчиси Ж. Джакупбековго тапшырылсын;

5. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев аталган маселелер боюнча мыйзам чегинде иш алып барып, көзөмөлгө алсын;

6. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Айылдык кенештин төрагасы

Ж.Ж. Султанбеков

 

Тиркеме

Күнтуу айылдык кенештин

2025-жылдын 23-апрелиндеги

№ 4/34 токтомуна

 

Прейскурант

«Кунтуу» МИнын көрсөткөн кызматтын баалары

 

 

 

 

 

 

№ п/п

Кызматтардын аталышы

Өлчөө бирдиги

Айыл өкмөтү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы

Калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы

Коммерциялык уюмдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы

1

Катуу калдыктарды чыгаруунун баасы

 

 

 

 

 

Калк үчүн 1 м3

м3/сом

450

 

 

 

Уюмдар үчүн

м3/сом

800

 

 

2

Атайын техниканын, автотранспорттун, айыл чарба унааларынын иштеринин баасы

 

 

 

 

 

Самосвал Хово

сом/бир саатына

2000

2200

3500

 

Эксковатор Хундай

сом/бир саатына

2000

2200

3500

 

Грейдер

сом/бир саатына

2000

2500

3500

 

Автовышка

сом/бир саатына

1000

1500

2000

 

Погрузчик (Жүктөгүч)

сом/бир саатына

2700

3500

4000

 

Трактор Беларус – айдоо

1 га

 

4500

5000

 

Трактор Беларус – мала

1 га

 

1500

2000

 

Шлак, күл жана курулуш калдыктарын чыгарууга кеткен чыгым баасы

сом/м3

400

400

800

 

 

“Күнтуу” МИсынын жетекчиси

 

Ж.Т. Джакупбеков