Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 23-апрель № 4/35
«Жайыттарды башкаруу планын бекитүү жөнүндө”
Жайыттарды башкаруу планын бекитүү жөнүндө “Күнтуу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж. Джакупбековдун кайрылуусу сессиянын отурумунда талкууланып, түзүлгөн протоколдун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы Жайыттар жөнүндө №30 Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башкаруу планы тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин;
2. “Күнтуу” МИсынын жетекчиси Ж. Джакупбеков Жайыттарды башкаруу планынын негизинде иш алып барсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |
Тиркеме Күнтуу айылдык кенештин 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 4/35 токтомуна |
2025-ЖЫЛГА ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ
ПЛАНЫ
1. Жайыттарды пайдалануу планы
План Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу «Кунтуу» муниципалдык ишканасы тарабынан түзүлгөн.
Пландын максаты: жайыттардын абалын жакшыртуу; жайкы жана алыскы жайыттарга жетүүнү кеңейтүү; кышкы тоюттандырууну жана ветеринардык-профилактикалык иш-чаралардын жакшыртуу, анын натыйжасында малдын ылаңынын азайышы, малдын өлүмүнүн азайышы, суттун жана малдын салмагынын көбөйүшү күтүлөт, бул өз кезегинде мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана кирешенин өсүшүнө шарт түзөт.
1.1. Жайыттарды пайдалануун мезгили
Күнтуу айыл аймагынын жайыт жерлериндеги малдарды жайыт графиги Кыргызгидрометтин аба ырайынын болжолдоосун эске алуу менен түзүлөт (бир айлык прогноз, 5 күндүк прогноз жана бороон-чапкын эскертүү прогнозу ). Бир айлык прогноз, иш процессинде, 5-күнгө болжолдуу жана жайыттарда бороон-чапкын тууралуу эскертүүлөр менен аныкталат. Бороон-чапкын жөнүндө эскертүүлөр болгон учурда коркунучтуу метеорологиялык кубулуштардын кесепеттерин азайтуу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш. Бул чаралар “Аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана алардан коргонуу чаралары, Бишкек, 2018” окуу куралында берилген. Малды жайытта багуунун графиги жайыт схемасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Жайыттарды кошпогондо, жайыттар жана жерлер малды жаюу жана аларды короо-сарайларда багуу мөөнөттөрү боюнча кийинки мезгилдерге бөлүнөт:
№ | Мезгил | Мал жаюу/багуу мезгили | Күндөрдүн саны | Эскертүү |
1 | жазгы | 01.03.-20.04 |
| Жаздан кышка чейин мал жайыттардан башка жайыттарда жана айыл чарба жерлеринде багылат. |
2 | жайкы | 20.04.-28.08 |
| |
3 | күзгү | 28.09.-15.11. |
| |
4 | кышкы | 15.11-01.03 |
| Кышында малды көбүнчө сарайларда же айылга жакын жайлоодо багылат.
|
2. ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ РЕЖИМИ ЖАНА БУЗУУ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
2.1 Ички эрежелер
- Жайыт мезгили 2025-жылдын 1 -мартында башталат
- Жайыт мезгилинин бүтүшү 2025-жылдын 15-ноябры
- Малды жазгы жайытка чыгаруу 2025-жылдын 15-мартынан 2025-жылдын 20-апрелине чейин
- Малды жайкы жайытка чыгаруу 2025-жылдын 20-апрелинен 2025-жылдын 28-августуна чейин
- Күзгү жайыттарга кайтуу 2025-жылдын 28-сентябрынан баштап
· Жайыт мезгилинде короолордогу малды чектөө:
- КРС (бодо мал)– 3; Лошади (жылкы баштуулар) – 3: МРС (кой, эчки)– 10:
Ø Жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн шарттары
Жайыт билети үчүн:
50% - 15-апрелден кечиктирбестен;
50% - 1-ноябрдан кечиктирбестен;
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн:
Эс алуу жана туризмди уюштуруу үчүн -
50% - келишим түзүлгөн учурдан тартып;
50% - келишим түзүлгөн күндөн тартып 3 айдын ичинде;
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн төлөм 100% төлөнөт.
Ø Чыныгы малдын саны жайыт билетинде көрсөтүлгөн санга дал келиши керек;
Ø Малды жаюуда чабандар жайыт билетинде көрсөтүлгөн чектерден чыкпоого тийиш;
Жогоруда айтылган жайыттарды пайдалануу режимдери бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Жайыттарды пайдалануунун режимин бузган жайыт пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
2.2 Жайыттарды багуу эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчилик
- Кабыл алынган жана белгиленген тартипте күчүнө кирген жайыттарды жана чабындыларды башкаруунун жана пайдалануунун планында белгиленген режимди бузгандыгы үчүн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 252-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
“Күнтуу” МИсынын жетекчиси |
| Ж.Т. Джакупбеков |