Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 366
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салык кызматынын органдарынын ишинин мобилдүүлүгүн жана ыкчамдуулугун жакшыртуу, салыктык контролдоо жана башкаруу боюнча өз функцияларын кыйла натыйжалуу аткаруу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
эскертүүнүн онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында нөөмөттүк автотранспорттун 12 бирдигине чейин уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарында нөөмөттүк автотранспорттун 2 бирдигине чейин уруксат берилет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |