Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 370 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Фонддор - эсеп болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө, күтүүгө жана максаттуу багыттагы иш-чараларды жүзөгө ашырууга республикалык бюджеттин каражаттарынын жана чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
Фонддор бюджеттик жана атайын эсеп түрүндө ачылат.
3. Фонддор Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын акча каражаттары болуп саналат.
4. Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун каражаттарын башкаруу жана бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жеке жоопкерчилик тартат.
5. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун районду өнүктүрүү фондунун каражаттарын башкаруу жана бөлүштүрүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким жеке жоопкерчилик тартат.
6. Фонддордун каражаттарын башкаруу мыйзамдуулук, ачыктык, айкындык, сарамжалдуулук жана натыйжалуулук принциптеринде жүзөгө ашырылат.
2-глава. Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
7. Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) өтүнмө ээси - фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/ мамлекеттик орган/ишкердик субъекти;
2) долбоордун аткаруучусу - долбоордук өтүнмөсү фонддордун байкоочу кеңешинин жактыруусун алган, фонддордун аткаруу органы менен долбоорду каржылоого келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган/ ишкердик субъекти;
3) инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык объектти пайдалануу менен көрсөтүлүүчү жана/же инфраструктуралык объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
4) инфраструктуралык объект - мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
5) инфраструктуралык долбоор - социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгымдарды жүзөгө ашыруунун көлөмүн жана мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктура объектин түзүүгө же жакшыртууга багытталган, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген милдеттердин, аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
6) жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо - жарандардын тобу тарабынан уюштурулган, жергиликтүү коомчулуктун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен көйгөйлөрдү жергиликтүү деңгээлде чечүү процесси;
7) долбоордук өтүнмө - фонддордун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/мамлекеттик органдын/ишкердик субъектинин атынан берилген форматтын негизинде долбоордун сыпаттамасы;
8) долбоорду каржылоо планы - долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин сыпаттоочу жана долбоорду ишке ашыруу планына шайкеш келүүчү долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;
9) мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы - долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле фонддордун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун баалоодо Жобонун талаптарынан четтөөлөрдү аныктоо максатында байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;
10) социалдык долбоор - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүндөгү жана калктуу конуштардын социалдык, экономикалык жана маданий инфраструктурасын жакшыртууга багытталган калкка инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча максаттуу багытталган, убакыт менен чектелген иши;
11) экономикалык долбоор - пайда алуу максатында ишкердик субъекттер тарабынан жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө же болбосо иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоого же модернизациялоого түз инвестицияларды жүзөгө ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук сыпаттоо жана негиздөө менен бизнес-долбоор;
12) стартап долбоор - олуттуу жакшырууларга алып келген, көйгөйлөрдү чечүүгө жана пайда алууга багытталган, экономикалык же социалдык жаңычылдыкка, актуалдуулукка жана практикалык маанилүүлүккө ээ инновациялык бизнес-долбоор;
13) ишкердик субъект - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана пайда алуу максатында өзүн тобокелдикке салып жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги алдында мыйзамдар менен тыюу салынбаган ишти жүргүзгөн, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар;
14) жергиликтүү коомчулуктун демилгеси - шаардын аймагында/айыл аймагында жашаган тургундардын, ишкерлердин жана жарандык коомдун уюмдарынын демилгелүү топторду түзүү, шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду сунуштоо, алгачкы талкуулоо, тандоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү боюнча, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун жана ишкерлердин финансылык, материалдык жана башка ресурстарын мобилизациялоо жана фонддордун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо боюнча конкурска сунуштоо үчүн долбоорлорду даярдоо (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте) боюнча иши;
15) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо - шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана аймактарды абаттоо боюнча жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилүүчү акча каражаттары;
16) жашыл экономика - адамдын бакубаттыгын жогорулатууга жана бир эле учурда айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди олуттуу азайтууда социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө алып келүүчү, табигый капиталды сактоочу жана көбөйтүүчү, ресурстарды натыйжалуу пайдалануучу жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого дем берүүчү экономика.
3-глава. Фонддун каражаттарын пайдалануу
8. Фонддордун каражаттары облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга, жергиликтүү коомчулуктун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын демилгелерин колдоого жана ишкердик субъекттердин жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана региондордо жумуш орундарын түзүү жолу менен региондук экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган экономикалык долбоорлорун каржылоого багытталат.
9. Фонддордун бюджеттик жана атайын эсептердеги каражаттары социалдык, инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду жана экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталат, анын ичинен төмөнкүлөргө:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд (мындан ары - ФКФ) тарабынан мөөнөттүү, акы төлөнүүчү, камсыздалуучу жана кайтарымдуу шарттарда жүзөгө ашырылуучу бюджеттик кредиттөө аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоого;
2) "Бир айыл - бир продукт" улуттук экономикалык долбоорунун катышуучуларынын экономикалык долбоорлорун ишке ашырууга;
3) ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого;
4) социалдык жана инфраструктуралык, экономикалык долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерин иштеп чыгууга;
5) саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү объекттерди куруу, оңдоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча долбоорлорду каржылоого;
6) калкты ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу системалары менен камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
7) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоого жана калыбына келтирүүгө;
8) жол, турак жай-коммуналдык чарба долбоорлорун каржылоого;
9) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн атайын автотранспорттук жана башка техникаларды сатып алууга;
10) "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МИК" ААК) тиешелүү финансылык макулдашууну түзүү аркылуу мөөнөттүү жана кайтарымдуу шарттарда финансылык каражаттарды берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого;
11) калктуу конуштарды абаттоо, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду ишке ашырууга;
12) иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган инновациялык долбоорлорду илгерилетүүгө;
13) ишкердик субъекттер үчүн кошумча киреше алуу үчүн жашыл долбоорлорду илгерилетүүгө;
14) энергиянын кайра жаралуучу жана таза булактарын, энергиялык натыйжалуу технологияларды пайдаланууну, калдыктарды башкарууну жана жашыл экономика принциптерин илгерилетүүнү камтыган инновациялык жашыл продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгууга;
15) жашыл технологияларды киргизүүнү жана жайылтууну колдоо үчүн жашыл технологияларга жана практикага кошумча инвестицияларды тартууга;
16) парник газдарынын чыгуусун азайтуу, абанын сапатын жакшыртуу үчүн алдынкы жашыл технологияларды/материалдарды жана жаңы инновациялык ыкмаларды жана/же экономикалык натыйжалуу технологияларды интеграциялоого;
17) климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды илгерилетүүгө;
18) калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгууга;
19) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга, анын ичинде энергиялык натыйжалуу, энергияны жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө;
20) Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин 3%дан кем эмес, 8%га чейинки бөлүгүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жарандык инфраструктураны калыбына келтирүү жана жабыр тарткан калкты материалдык жактан колдоо (тамак-аш жана турак жай менен камсыз кылуу, күйүүчү-майлоочу материалдарды, биринчи зарылдыктагы товарларды сатып алуу) боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
21) жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
22) байкоочу кеңештин чечими боюнча облустук/райондук фонддордун эсебине финансылык каражаттарды которууга;
23) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча башка максаттарга.
10. Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун атайын эсебинин каражаттарынан төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каржыланышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коргоо, жарандык коргонуу, жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ишин колдоого;
2) жөндөмдүү балдардын жана таланттардын иш-чараларга (билим берүү, маданий, музыкалык, спорттук) катышуусун, алар үчүн билим берүү мекемелеринде окууга шарттарды түзүүнү, калктын социалдык аялуу катмарын, турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарды колдоого;
3) Кыргыз Республикасынын окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандарын окутууну каржылоонун ваучердик механизмин жүзөгө ашырууга;
4) социалдык контракттын алкагында социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик ишин алынган сумманын 50%ына чейинки өлчөмүндө өтүнмөнүн негизинде каржылоого;
5) социалдык-экономикалык, маданий жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн илимий долбоорлорду, илимий ачылыштарды жана эксперименттерди каржылоого;
6) жеке жана юридикалык жактардын берген өтүнмөлөрүнө ылайык облусту өнүктүрүүгө багытталган социалдык-экономикалык долбоорлорду Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечими боюнча фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин 5%ынан кем эмес өлчөмдө каржылоого.
Фонддордун каражаттарын майрамдык иш-чараларды, юбилейлерди жана ушул Жободо каралбаган башка иш-чараларды өткөрүүгө пайдаланууга жол берилбейт.
11. "МИК" ААК менен кызматташтыкта ишке ашыруу пландалып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор инфраструктуралык долбоорлор болуп саналбайт жана тиешелүү өтүнмөнү толтурууну талап кылбайт.
Мында "МИК" ААК андан ары байкоочу кеңештин кароосу үчүн тиешелүү документтерди тиркөө менен аткаруу органына жазуу жүзүндөгү кайрылууну жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоордун бардык уюштуруу-техникалык шарттары, анын ичинде долбоорду каржылоо тартиби, фонддордун каражаттарын кайтаруу мөөнөтү, долбоорду ишке ашырууга катышкан кошумча тараптардын милдеттери тиешелүү финансылык макулдашуу менен аныкталат.
12. Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети бюджеттик жана атайын эсептерде төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
№ | Фонддордун чыгымдарынын категорияларынын аталышы | Фонддордун болжолдонгон жылдык бюджети, % |
1 | Фонддордун аткаруу органынын жана ФКФ консультанттарын тартуу менен байланышкан чыгымдар | n1 |
2 | Экономикалык долбоорлор | n2 |
3 | Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор | n3 |
4 | Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор ("МИК" ААК фондунун финансылык каражаттарын берүү) | n4 |
5 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча долбоорлор | n5 (8%га чейинки чекте 3%дан кем эмес) |
6 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечими боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын социалдык-экономикалык жана башка проблемаларын ыкчам чечүү максатында каржылоо | n6 (5%дан кем эмес) |
| Жалпы | n1 + n2 + n3 + n4 + n5 + n6 = (100%) |
Фонддордун каражаттарынын чыгымдарынын ар бир категориясы боюнча фонддордун болжолдонгон жылдык бюджетинин жалпы суммасынын пайызы учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирилбестен байкоочу кеңештин чечими менен аныкталат жана бекитилет.
4-глава. Фонддордун финансылык каражаттарын башкаруу органдары
13. Фонддордун финансылык каражаттарын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку башкаруу органы - байкоочу кеңеш;
2) аткаруу органы - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аткаруу органы).
§ 1. Байкоочу кеңештин ыйгарым укуктары
14. Байкоочу кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Фонддордун каражаттарын пайдалануунун негизги багыттарын жана артыкчылыктарын кароо жана бекитүү;
2) экономикалык, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун бюджетинин пайыздык катышын аныктоо;
3) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду тандоо, бекитүү жана ишке ашырууну камсыз кылуу;
4) учурдагы жылга фонддордун бюджеттик каражаттарынын жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен каржылоонун көлөмүн, ошондой эле кийинки жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрдү бекитүү;
5) Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн фонддордун акча каражаттарын алуу тууралуу аткаруу органы менен "МИК" ААК ортосунда финансылык макулдашууну түзүү же бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) аткаруу органынын экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталган каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетун угуу;
7) Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
8) конкурстук тандоонун катышуучуларынын дооматтарын берүүнүн, кароонун жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуунун тартибин бекитүү;
9) конкурстук тандоонун катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо;
10) Фонддордун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү методикасын бекитүү;
11) Фонддордун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн топтун курамын кароо, бекитүү жана мониторингдик топтун отчетун угуу;
12) Фонддордун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
13) бюджеттик каражаттар жана атайын эсептин каражаттары боюнча чыгымдар сметасын аткаруу жөнүндө аткаруу органынын отчетун угуу жана бекитүү.
15. Байкоочу кеңеш өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аткаруу органынан жана мониторингдик топтон өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого;
2) аткаруу органы жана мониторинг жүргүзүү тобу берген документтерди толуктап иштеп чыгууга жиберүүгө;
3) байкоочу кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер, техникалык кызматтар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча кепил болууга.
§ 2. Байкоочу кеңештин ишин уюштуруу
16. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
17. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Байкоочу кеңештин мүчөсү жок учурда ал каралуучу маселелер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
18. Байкоочу кеңештин курамына киргизилген органдын/уюмдун өкүлүнүн мүчөлүгү өкүлдүн фамилиясын, атын, атасынын атын, кызмат ордун, ошондой эле алмаштырылган учурда себебин көрсөтүү менен тиешелүү органдын/уюмдун расмий каты менен ырасталат.
19. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн саны 9 адамдан кем болбоого тийиш.
20. Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемесинин негизинде анын биринчи орун басары;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
4) калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
6) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30%ына чейинки санда байкоочу кеңештин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
8) байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30% санында айыл аймактарынын жана облустук, райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
21. Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
3) райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын экономика чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлү;
4) калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
6) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
7) байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30%ына чейинки санында жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сунушу боюнча байкоочу кеңештин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
8) байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30%ы санында айыл аймактарынын жана облустук, райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
22. Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү же анын биринчи орун басары эсептелет.
23. Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңешинин төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким эсептелет.
24. Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңешинин курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
25. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорлорду тандоо, баалоо жана бекитүү боюнча байкоочу кеңеш кабыл алган чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
26. Байкоочу кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес чакырылат.
27. Эгерде курамынын жарымынан кем эмеси катышса, байкоочу кеңештин жыйналышы укуктуу деп эсептелет.
28. Байкоочу кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечими байкоочу кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда байкоочу кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
29. Байкоочу кеңештин жыйналыштарына аткаруу органынын кызматкери болуп саналган байкоочу кеңештин катчысы протокол түзөт. Протоколдорго байкоочу кеңештин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган адам, ошондой эле байкоочу кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрү жана катчы кол коёт. Протоколдордун түп нускалары аткаруу органында сакталат.
30. Төрага жыйналышта жок учурда байкоочу кеңеш бул жыйналышка байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн арасынан төрагалык кылуучуну тандайт.
31. Байкоочу кеңеш зарыл болгон учурда өзүнүн жыйналыштарына добуш берүү укугусуз катышкан тиешелүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу.
32. Байкоочу кеңештин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат күн тартибин, өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен аткаруу органы тарабынан байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жыйналыш өтүүчү датага чейин он календардык күндөн кечиктирбестен маалымдалууга тийиш.
33. Долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү мезгилинде байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдарын жана жашап турууга чыгымдарын Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жана бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген ченемдердин талаптарына ылайык фонддун операциялык чыгымдары үчүн белгиленген лимиттин алкагында компенсациялоого жол берилет.
34. Байкоочу кеңештин жыйналышын видеоконференц-байланыш системасын колдонуу жолу менен өткөрүүгө жол берилет.
§ 3. Фонддун аткаруу органы
35 Аткаруу органы долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча байкоочу кеңештин чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат.
36. Аткаруу органы:
1) байкоочу кеңештин чечиминин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча финансылык операцияларды жүзөгө ашырат;
2) байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн суроо-талабы боюнча фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды берет;
3) арыз ээсинен келип түшкөн долбоорлорду берилген документтердин толуктугу предметине алдын ала тандоону жүргүзөт;
4) байкоочу кеңештин чечими боюнча фонддордун "МИК" ААК жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоордун башка катышуучулары менен финансылык макулдашууга кол коюуну камсыз кылат;
5) долбоордун аткаруучусу тарабынан келишимдин шарттары же долбоорду ишке ашыруу жол-жоболору бузулган учурда каржылоону токтотуп турат;
6) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте фонддордун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт;
7) байкоочу кеңештин чечими боюнча байкоочу кеңеш тандап алган долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн консультанттарды жалдайт;
8) Фонддордун болжолдонгон жылдык бюджетинин долбоорун, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун тизмегин иштеп чыгат жана байкоочу кеңештин жыйналышына киргизет;
9) аткаруу органынын функцияларын ишке ашыруу менен байланышкан келерки жылга чыгашалардын сметасынын долбоорун иштеп чыгат жана байкоочу кеңештин кароосуна жана бекитүүсүнө берет;
10) байкоочу кеңештин жыйналыштарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
11) аудит үчүн маалыматтарды даярдайт;
12) байкоочу кеңеш тарабынан жактырылган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
13) байкоочу кеңештин чечимдеринин негизинде Жобону ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
37. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси аткаруу органынын башчысы катары чыгат жана байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык:
1) Фонддордун атынан долбоорлорду тандоо боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү менен эки тараптуу келишимдерге кол коёт;
2) байкоочу кеңештин чечиминин негизинде "МИК" ААК менен финансылык макулдашууга кол коёт;
3) долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коёт;
4) байкоочу кеңештин чечимдеринин негизинде Жобону ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
38. Аткаруу органы квартал сайын фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды расмий басылмаларга жарыялап турат, ошондой эле бул маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрациянын веб-сайтына (бар болгондо) жана/же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сайтына жайгаштырат.
39. Аткаруу органы квартал сайын жана ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук жыл үчүн фонддордун каражаттарынын аткарылышы жөнүндө отчетту жана долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө отчетту даярдайт жана байкоочу кеңештин жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана экономикалык болжолдоо боюнча мамлекеттик органдын кароосуна берет.
40. Ар бир жылдын башында, учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирбестен, аткаруу органы тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде фонддорго акча каражаттарынын түшүүсүнүн болжолун даярдайт жана байкоочу кеңештин кароосуна берет.
5-глава. Фонддордун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду берүүнүн тартиби
§ 1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмө берүүнүн тартиби
41. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө, ошондой эле келерки жылга долбоорлорду тандоо өткөрүү шарттары жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-ресурстарда жарыяланат, учурдагы жылдын 1-июлунан кечиктирбестен маалымат такталарына жайгаштырылат.
42. Арыз ээси социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга долбоордук өтүнмөнү (электрондук же кагаз форматында) тариздейт.
Фонддордун кароосуна берилген жана муниципалдык менчик объектисине тийиштүү долбоордук өтүнмө жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Мамлекеттик менчик объектисине карата долбоордук өтүнмө тиешелүү мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
43. Аткаруу органы арыз ээлерине каттоо жөнүндө ырастоону берүү менен келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдү каттайт жана келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөргө өтүнмөнүн толук толтурулушуна, техникалык документтердин болушуна, курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге (уруксат берүүчү документтер, техникалык спецификациялар, долбоордук-сметалык документтер) ылайыктуулугуна талдоо жүргүзөт.
Аткаруу органы арыз ээсинен маалыматты тактоого же кошумча документтерди суроого укуктуу.
44. Аткаруу органы келип түшкөн ар бир долбоордук өтүнмөгө өзүнүн корутундусун тиркейт, анда өтүнмөнүн жана анын тиркемелеринин ушул Жобонун талаптарына, ошондой эле курулуш жана башка ченемдерине жана эрежелерине шайкештиги көрсөтүлөт.
45. Долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу календардык жылдын ичинде жүргүзүлөт.
46. Байкоочу кеңеш социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун келип түшүшүнө жараша тандоо жана бекитүү боюнча жыйын өткөрөт.
47. Аткаруу органы байкоочу кеңештин жыйналышы башталганга чейин беш күндөн кечиктирбестен алдын ала изилдөө үчүн байкоочу кеңештин бардык мүчөлөрүнө долбоорлор боюнча корутундуларды тиркөө менен долбоордук өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүн жиберет.
48. Долбоорлорду тандоо байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо критерийлерине ылайык коюлган баллдарды эсептөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
49. Жеке менчик жер участогунун чектеринин алкагында мамлекеттик жана муниципалдык менчик объекттерди курууну, реконструкциялоону каржылоого жол берилбейт.
50. Коюлган упайлар боюнча байкоочу кеңештин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана Жобонун 15-пунктуна ылайык пайыздык катышта социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо үчүн каралган, келерки жылы фонддордун болжолдонгон жылдык бюджетинен ашпаган суммалык бюджети бар долбоорлордун тизмегин түзөт.
51. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун тизмеги байкоочу кеңештин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Жобонун 77-пунктунда аныкталган мөөнөттө жиберилет.
52. Долбоорлордун бекитилген тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим байкоочу кеңештин жыйналышка. катышкан мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен кабыл алынат.
53. Долбоорлордун рейтингин же билдирилген долбоорлордун тизмегин өзгөртүү үчүн өзгөчө негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) долбоорлорду тандоо жол-жоболорун бузуунун ырасталган фактыларынын болушу;
2) бекитилген долбоорду башка булактардын эсебинен каржылоо жөнүндө ырасталган фактылардын болушу;
3) байкоочу кеңеш тарабынан тандоонун башка катышуучулары тарабынан канааттандырылган дооматтын болушу;
4) Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча сынакка катышуудан өтүнмө ээсинин баш тартуусу.
54. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду тандоонун жыйынтыгы боюнча аткаруу органынын башчысы катары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан чыккан долбоордун аткаруучусу менен фонддун каражаттарынын эсебинен долбоорду каржылоо жөнүндө келишимге кол коёт.
§ 2. Экономикалык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмө берүү тартиби
55. ФКФ ишкердик субъекттерден экономикалык долбоорлорду каржылоого өтүнмөлөрдү жана документтердин топтомун кабыл алууну жүзөгө ашырат.
56. ФКФ тарабынан долбоорлорду тандоо төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча жүргүзүлөт:
1) туризм;
2) энергетика;
3) өнөр жай;
4) курулуш;
5) саламаттык сактоо;
6) билим берүү;
7) айыл чарбасы (айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, иштетүү жана сактоо).
57. ФКФ бюджеттик кредиттөөнү жөнгө салуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген жобонун (мындан ары - Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо) талаптарына ылайык бюджеттик кредиттөө үчүн долбоорлорду андан ары тандоону жүзөгө ашырат.
Жобонун белгиленген талаптарына ылайык келген учурда, ошондой эле бардык зарыл документтер болгондо ФКФ өтүнмө ээлери менен тиешелүү кредиттик келишимдерди түзөт.
58. Жобонун белгиленген талаптарына ылайык келбеген долбоорлор кемчиликтерди четтетүү үчүн ФКФ тарабынан кайтарылып берилиши мүмкүн.
Эгерде аныкталган кемчиликтер өтүнмө ээси тарабынан бир календардык айдын ичинде четтетилбесе, ФКФ долбоорду четке кагууга укуктуу.
§ 3. Экономикалык долбоорлорду каржылоо тартиби
59. Бюджеттик кредиттөө түрүндө ФКФ аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоодо артыкчылыктуу багыттарга ылайык келген долбоорлор жана төлөөгө жөндөмдүүлүк талаптарына жооп берген долбоорлор биринчи кезектеги тартипте каралат.
Тамеки жана тамеки продукциясын, алкоголдук ичимдиктерди, курал-жарак жана ок-дарыларды, баңги жана психотроптук заттарды (медициналык маанидеги препараттардан тышкары) жана жарандык жүгүртүүдөн алынган же жарандык жүгүртүүгө чектелген башка товарларды өндүрүүгө багытталган долбоорлорду, ошондой эле мажбурлоо жана балдар эмгегин колдонгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштин башка түрлөрүн каржылоого тыюу салынат.
60. Төмөнкү долбоорлор каржыланууга тийиш эмес:
1) мал сатып алууну жана көбөйтүүнү, анын ичинде асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүнү жана бир бөлүгү мал сатып алууну камтуучу;
2) финансы-кредиттик уюмдардан мурда алынган кредиттик каражаттарды кайра каржылоону жана бюджеттин алдында мурда түзүлгөн карыздарын (салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча) төлөөнү камтуучу;
3) күрөө менен камсыздалбаган.
61. Бюджеттик кредитти берүү жолу менен бир долбоорду каржылоого экономикалык долбоорлорду каржылоого арналган фонддун каражаттарынын 20%дан ашык эмеси жумшалат.
Экономикалык долбоорлордун наркы ушул көрсөткүчтөн ашкан учурда ишкердик субъекти долбоордун суммасынын жетпеген бөлүгүн каржылоо үчүн финансылык институттар тарабынан тең каржылоону тартат.
62. Айыл чарба секторунун экономикалык долбоорлорун каржылоо айыл чарба продукцияларын сактоого, кайра иштетүүгө жана иштетүүгө жумшалууга тийиш.
63. Фонддун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттөө ФКФ тарабынан ушул Жободо жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жободо аныкталган шарттарда жүзөгө ашырылат.
Фонддун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттерди берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими талап кылынбайт.
64. Фонддун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттөөнүн шарттары:
1) акы төлөө - кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка - жылдык 2 пайыз;
2) үстөк айып (туум) - жылдык 6 пайыз;
3) ишкердик субъект тарабынан жоюучу күрөө, банктык кепилдик же кепилчилик түрүндө бюджеттик кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууну берүү, күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда ишкердик субъекти "Кепилдик фонду" ААК аркылуу кепилдикти тартууга укуктуу, ошондой эле кошумча күрөө катары кредиттин предметинин өзү каралат;
4) төмөнкүлөр камтылган бюджеттик кредиттерди алуучуларынын төлөө жөндөмдүүлүгү:
- зайымчынын мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу;
- зайымчынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу;
5) мөөнөттүүлүгү - бюджеттик кредиттер төмөнкү мөөнөттөргө берилет:
- 3000000 (үч миллион) сомго чейинки суммада - 5 жылга чейин;
- 3000000 (үч миллион) сомдон 5000000 (беш миллион) сомго чейинки суммада - 7 жылга чейин;
- 5000000 (беш миллион) сомдон ашык суммада - 10 жылга чейин.
65. Стартап-долбоорлорду бюджеттик кредиттөө жетиштүү күрөөлүк камсыздоо менен же жергиликтүү бюджеттердин кепилчилиги алдында каралат, күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда бюджеттик кредит алуу үчүн өтүнмө ээсинин өздүк салымы суралып жаткан сумманын 30 (отуз) пайызынан кем эмес болууга тийиш.
66. Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылануучу бюджеттик кредиттер боюнча негизги сумма, үстөк айып (туум) түзүлгөн кредиттик келишимдерге ылайык төлөө графигине ылайык Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун атайын эсебине кайтарылууга тийиш.
67. Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылануучу бюджеттик кредиттер боюнча негизги сумма, бышмана (туумдар) түзүлгөн кредиттик келишимдерге ылайык төлөө графиги боюнча республикалык бюджеттин кирешесине кайтарылууга тийиш.
68. Бюджеттик кредиттер боюнча негизги сумманы төлөөнүн мезгилдүүлүгү анын өзгөчөлүгүнө, ишке ашыруу мөөнөттөрүнө, өзүн-өзү актоосуна жана болжолдонгон кирешелерге жараша ар бир экономикалык долбоор үчүн өзүнчө түзүлөт. Ошол эле учурда бюджеттик кредитти тейлөө жана төлөө үчүн зарыл болгон пайданы алуу мезгилинин башталышы эске алынат.
Бюджеттик кредиттин негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил экономикалык долбоордун мүнөзүнө, куруу жана пайда алуу мөөнөттөрүнө жараша 12 айдан ашпаган мөөнөткө берилет.
Бюджеттик кредиттерди пайдалануу үчүн пайыздар ишкердик субъектине акча каражаттарын которгон учурдан тартып бир айдан кийин чегерилет.
69. Фонддун каражаттарынын эсебинен берилүүчү бюджеттик кредиттерди башкарууга байланышкан чыгымдар ФКФнын атайын эсебине которулуучу бюджеттик кредиттерди пайдалануу үчүн пайыздарды төлөө эсебине кайтарылуучу акча каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
70. ФКФ:
1) ишкердик субъекттеринен келип түшкөн кредиттик өтүнмөлөрдүн ушул Жобонун жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарына шайкештигин карайт;
2) тандалган ишкердик субъекттери менен кредиттик келишимдерди түзөт;
3) берилген бюджеттик кредиттерди башкарат.
71. Бюджеттик кредиттердин суммалары ФКФнын жазуу жүзүндөгү өтүнмөсү боюнча түзүлгөн кредиттик келишимдердин негизинде ишкердик субъекттеринин (карыз алуучулардын) эсептерине которулат.
72. Долбоорду аткаруучу квартал сайын жана экономикалык долбоор боюнча жумуштарды аяктоонун жыйынтыгы боюнча ФКФга белгиленген формадагы финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту берет.
§ 4. Долбоорду аткаруучунун милдеттери
73. Долбоорду аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) долбоорду аткаруучу менен аткаруу органынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык долбоорду ишке ашырууну камсыз кылууга;
2) долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жергиликтүү коомчулукту зарылдыгына жараша мобилизациялоону камсыз кылууга;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык долбоор боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
4) зарылдыгына жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан долбоордун аткарылышын техникалык көзөмөлдөөнү камсыз кылууга;
5) мониторингдин натыйжаларынын негизинде долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө калкка маалымдоого.
74. Долбоорду аткаруучу квартал сайын жана долбоор боюнча жумуштарды аяктоонун жыйынтыгы боюнча аткаруу органына же ФКФга белгиленген формадагы финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту берет.
6-глава. Фонддордун финансылык каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартиби
§ 1. Фонддордун финансылык каражаттарын түзүү тартиби
75. Фонддордун финансылык каражаттары төмөнкүдөй түзүлөт:
1) төмөнкүлөрдүн эсебинен бюджеттик эсептер боюнча:
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык фонддор боюнча бөлүштүрүлүүчү, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө, максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга арналган пайдалуу кендерди иштетүүчү (казып алуучу) жеке же юридикалык жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилген каражаттардын;
- Жобонун 96-99-пункттарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын;
2) төмөнкүлөрдүн эсебинен атайын эсептер боюнча:
- "МИК" ААКтын түзүлгөн финансылык макулдашууга ылайык фондго негизги карызды кайтаруусунун натыйжасында алынган каражаттардын;
- Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун атайын эсептеринен бөлүнгөн бюджеттик кредиттин негизги суммасын жана бышманасын (туумдарын) ФКФга кайтаруунун натыйжасында алынган каражаттардын;
- демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төгүмдөр түрүндө түшкөн каражаттардын;
- кайрымдуулук же гранттык жардам түрүндө түшкөн каражаттардын;
- биргелешкен илимий-изилдөө ишин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр түрүндө түшкөн каражаттардын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка каражаттардын.
76. Фонддордун салыктык эмес кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.
§ 2. Долбоорлорду ишке ашырууга фонддордун акча каражаттарын чыгымдоо тартиби
77. Аткаруу органы учурдагы жылдын 10-февралынан кечиктирбестен Жобонун 12-пунктуна ылайык категориялар боюнча байкоочу кеңештин фонддордун учурдагы жылга чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө чечимин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет.
78. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган фонддордун жылдык бюджетин бекитет.
79. Аткаруу органы өзүнүн эсептеринде финансы каражаттары болгондо учурдагы айдын 5ине чейинки мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каржылоону ачууга өтүнмөнү жиберет. Эгерде өтүнмө учурдагы айдын 5инен кийин берилсе, анда каржылоого өтүнмө кийинки айда каралат.
80. Фонддордун кассалык чыгымдары, чыгымдар сметасы "Имараттар жана курулмалар" 3111, "Кредиттер, ссудалар, зайымдар" 3214-беренелери боюнча түзүлөт, калыптанат, каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында белгиленген тартипте жөнөкөйлөштүрүлгөн казыналык жол-жоболор боюнча жүргүзүлөт.
81. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү болуп саналган аткаруу органы тандалган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын аткаруу менен бөлүнгөн каражаттардын чегинде чыгымдарды төлөйт.
82. Түшүүлөр тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген каражаттардын көлөмүнөн ашып кеткен учурда, сметалык багыттарды тактоо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
83. Фонддордун акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
84. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо аткаруу органы менен долбоордун аткаруучусунун ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Экономикалык долбоорлорду ФКФ аркылуу каржылоо бюджеттик кредиттөө жолу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
85. Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду каржылоо аткаруу органынын, "МИК" ААКтын жана долбоордун башка катышуучуларынын (бар болсо) ортосунда кол коюлган финансылык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
86. Долбоорлор боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Аткаруу органы белгиленген тартипте төмөнкүдөй отчетторду берет:
1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сметанын аткарылышы жөнүндө;
2) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө.
87. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо долбоорду ишке ашыруу графиги боюнча долбоордун аткаруучусу тарабынан аткаруу органына берилген аткарылган иштердин актысынын негизинде транш аркылуу жүзөгө ашырылат.
88. Учурдагы жылдын аягына өздөштүрүлбөгөн фонддун каражаттарынын калдыктары белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат.
89. "МИК" ААК тарабынан кайтарылган фонддун акча каражаттары фонддун учурдагы жылдагы калдыгы болуп саналат жана пландалган жылга Фонддун каражаттары катары бекитилет.
7-глава. Фонддун каражаттарын пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
90. Фонддун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) каражаттарды максаттуу пайдалануу жана анын бекитилген пландарга шайкештиги;
2) долбоорлорду жана кредиттөө программаларын аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
91. Аткаруу органы каражаттардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал байкоочу кеңештин чечими менен бекитилет.
92. Аткаруу органынын сунушу боюнча байкоочу кеңеш фонддун мониторингдик топтун курамын бекитет. Мониторингдик топтун курамына байкоочу кеңештин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.
93. Мониторингдик топтун мүчөлөрү фонддун каражаттарын пайдаланууга тиешелүү документтерди суратып алуу укугуна ээ.
94. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары отчет түрүндө таризделет, анда мониторингдин жыйынтыктары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат.
95. Мониторингдик топтун отчету байкоочу кеңештин жыйналыштарында жылына эки жолудан кем эмес угулат. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары боюнча аткаруу органынын отчету жыл сайын бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча, экономикалык болжолдоо жана региондорду өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберилет.
8-глава. Фонддорго республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү тартиби
96. Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору боюнча республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн ар бир районго кирешелердин көлөмүнө жараша (активдерди, милдеттенмелерди жана атайын каражаттарды эсептен чыгаруу менен), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга таблицага ылайык ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө 20000000 (жыйырма миллион) сомдон ашык чегерүүлөр келип түшкөн райондор кирбейт.
Таблица. Республикалык бюджеттен райондун аймактык бөлүмдөрүнө бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмдөрү
Райондордун кирешелеринин көлөмү (ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө чегерүүлөр 20000000 (жыйырма миллион) сомдон аз болгон жерлерде) | Региондорду өнүктүрүү фонддоруна берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын суммасы | Райондук маанидеги шаарлар бар региондорду өнүктүрүү фонддоруна берилүүчү республикалык бюджеттин кошумча каражаттары |
Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен төмөн | 30000000 (отуз миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен жогорку деңгээлине чейин | 20000000 (жыйырма миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин жогорку деңгээлинен жогору | 15000000 (он беш миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Фонддорго республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын көлөмү республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет.
97. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруу органдарынын өтүнмөлөрүнө ылайык кассалык планды ай сайын бекитет. Аткаруу органдары берилген өтүнмөлөргө ылайык кассалык планды ачышат жана долбоорлорду каржылоону жүзөгө ашырышат.
98. Аткаруу органы чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгымдарды өз убагында жана толук каржылайт.
99. Байкоочу кеңеш тарабынан учурдагы жылга бекитилген, бирок каржыланбаган долбоорлор пландалган жылда фонддун жылдык бюджетинде эске алынууга жана биринчи кезектеги тартипте каржыланууга тийиш.
9-глава. Кызыкчылыктардын кагылышы
100. Эгерде Байкоочу кеңештин мүчөлөрү, аткаруу органы фонддордун каражаттарынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кандай болбосун долбоорго жеке кызыкчылыгы бар болсо, алар тиешелүү маселени талкуулоодон жана аны кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу учурунда добуш берүүгө катышуудан карманууга тийиш.