Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 370 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча МЕТОДИКА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикада (мындан ары - Методика) колдонулуучу түшүнүктөр:
1) индикатор - кандайдыр бир натыйжага же таасирге жетүү даражасын мүнөздөөчү көрсөткүч;
2) мониторинг - белгиленген пландарды аткаруунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү жана иш жүзүндөгү иш-аракеттердин/натыйжалардын белгиленген стандарттарга же ченемдерге ылайык келишин текшерүү үчүн маалыматтарды топтоонун жана талдоонун үзгүлтүксүз процесси;
3) баалоо - убакыттын өтүшү менен кубулуштардын же көрсөткүчтөрдүн таасиринин натыйжалуулугун жана туруктуулугун талдоонун натыйжасы.
2. Бул Методиканын максаты фонддордун аткаруу органдарына (бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө) жана фонддордун байкоочу кеңештерине уюмдун ишине жана ишке ашырылган долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого жардам көрсөтүү болуп саналат. Методика ошондой эле Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) көрсөтүлгөн мониторинг жүргүзүү жана баалоо (мындан ары - МБ) боюнча талаптардын аткарылышын камсыз кылат.
3. МБнын жыйынтыгы боюнча аткаруу органы ар жылдык негизде, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен отчетторду даярдайт жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу
4. Методика байкоочу кеңештин чечими менен бекитилет. аткаруу органынын сунушу боюнча байкоочу кеңеш мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитет. Мониторинг жүргүзүү тобунун сунушталган курамы:
1) байкоочу кеңештин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси тарабынан дайындалган байкоочу кеңештин өкүлү;
2) байкоочу кеңештин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына өкүлдөнгөн, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан чыгуучу байкоочу кеңештин өкүлү;
3) байкоочу кеңештин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына өкүлдөнгөн, коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдардын атынан чыгуучу байкоочу кеңештин өкүлү;
4) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына өкүлдөнгөн аткаруу органынын өкүлү.
5. Мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрү фонддордун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүүгө укуктуу.
6. Мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорун топтоо жана талдоо боюнча тапшырмаларды бөлүштүрөт.
7. Мониторинг жүргүзүү тобу 31-декабрга чейинки мөөнөттө кийинки жылга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын иштеп чыгат.
8. Мониторинг жүргүзүү планын аткаруу органынын башчысы бекитет. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планынын формасы ушул Методиканын 1-тиркемесинде берилген.
3-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты жана түрлөрү
9. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты бөлүнгөн финансы каражаттарынын алкагында коюлган максаттарга жетүүсү боюнча фонддордун каражаттарды пайдалануусуна жана ишке ашырылган долбоорлорго реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүү жана баа берүү болуп саналат.
10. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги максаты башкаруу чечимдерин кабыл алуу жөнүндө маалыматты берүү. Маалымат жетиштүү, анык, өз убагында жана ишенимдүү болушу керек.
11. Мониторинг эмне болду? баштапкыларга же белгиленгендерге салыштырмалуу кандай четтөөлөр аныкталды (кырдаалды талдоосуз)? деген суроолорго жооп берет.
Баалоо натыйжаларга кантип жетишилди? эмне үчүн четтөөлөр пайда болду? жана каталарды кантип оңдоого болот (кырдаалды талдоо менен)? деген суроолорго жооп берет.
12. Жобонун талаптарына (Жобонун 7-главасы) ылайык МБнын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталды:
1) финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо;
2) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
13. МБ системасын даярдоонун типтүү этаптары аныкталды (1-диаграмманы караңыз).
1-диаграмма. МБ системасын даярдоонун этаптары
14. Индикатор кандайдыр бир жетишкендиктерди өлчөө каражаты катары кызмат кылат. Ал фонддордун ишинин натыйжасында же долбоорду ишке ашырууда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Индикатор максатка канчалык деңгээлде жеткендигине жооп берүүгө мүмкүндүк берет, башкача айтканда реалдуу натыйжаларды пландалгандар менен салыштырат.
15. МБ системасын түзүү үчүн индикаторлордун төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу сунушталат:
- процесстин индикаторлору планда убактысы боюнча жана аткарылуу фактысы боюнча чагылдырылган белгилүү бир иш-аракеттер кандай аткарылып жаткандыгы жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- натыйжалардын индикаторлору иш-аракет аяктагандан кийин же анын орто аралык этабында натыйжага жетишүү жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- таасир этүүчү индикаторлор субъекттин ишинин же кандайдыр бир долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында белгилүү бир объектке тийгизген таасирди көрсөтөт.
16. Методиканын алкагында сандык жана сапаттык индикаторлор да колдонулат:
- сандык индикаторлор - сандык мүнөздөмөлөргө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулуучу индикаторлор, мисалы: бөлүнгөн каражаттардын көлөмү, долбоорлордун саны, карыздардын көлөмү;
- сапаттык индикаторлор сапаттык мүнөздөмөлөрдү чагылдырат, мисалы: канааттануу, кабыл алуу, бир нерсеге мамиле кылуу даражасы түрүндө.
17. Ар бир индикатор пландалган көрсөткүчкө салыштырмалуу бааланат. Пландык көрсөткүчтүн мааниси 100%га теңдештирилет. Индикатор пландык көрсөткүчкө иш жүзүндөгүнүн катышы катары бааланат. Индикаторлордун аталышы жана алардын пландуу маанилери бардык фонддор үчүн бирдиктүү болуп саналат.
18. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет. 1-таблицада индикаторлорго баалоо жүргүзүүнүн мисалы келтирилген.
1-таблица. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келүү индикаторлорунун тизмеги(*)
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/пландык мааниси) * 100% |
1 | Ишке ашырылуучу долбоорлорго фонд тарабынан мониторингдик сапарлардын саны | Ишке ашырылуучу долбоорлордун жалпы санынын 20%ынан кем эмес(100%) | Долбоорлордун жалпы санынын 26%ына мониторинг жүргүзүлгөн | 26 / 20 * 100% = 130% |
2 | Фонддун иши жөнүндө маалыматты туруктуу негизде жарыялоо жана жаңылоо | Жылына 4 жолудан кем эмес (100%) | 1 жаңылоо | ¼ * 100 = 25% |
3 | Индикаторду орточо баалоо |
|
| (130% + 25%) / 2 = 78% |
(*) Мисал.
3.1. Белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык фонддордун каражаттарын пайдалануу
19. Индикаторлор өтүнмө ээлери тарабынан фонддун дарегине берилүүчү долбоорлорду кабыл алуу, баалоо, бекитүү, каржылоо боюнча жол-жоболордун Жободо көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык келишин баалайт.
20. Сандык маанилерин, баалоо методдорун, маалымат булактарын, баалоонун мезгилдүүлүгүн көрсөтүү менен фонд тарабынан жол-жоболордун сакталышын сыпаттаган индикаторлордун тизмеги 2-таблицада берилген.
21. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет.
2-таблица. Белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык фонддордун каражаттарын пайдалануу боюнча индикаторлордун тизмеги
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/пландык мааниси) * 100% |
1 | Ишке ашырылуучу долбоорлорго фонд тарабынан мониторингдик сапарлардын саны | Ишке ашырылуучу долбоорлордун жалпы санынын 20%ынан кем эмес (100%) | Иш жүзүндө жүргүзүлгөн мониторингдик сапарлардын пландык мааниден үлүшү (%) |
|
2 | Байкоочу кеңештин курамында коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн болушу | Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санынын 30%ынан кем эмес (100%) | Байкоочу кеңештин курамындагы коммерциялык жана коммерциялык эмес сектордун өкүлдөрүнүн иш жүзүндөгү үлүшү (%) |
|
3 | Индикаторду орточо баалоо |
|
|
|
3.2. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо
22. Индикаторлор фонддун жана долбоордун аткаруучуларынын каржылоо планына жана долбоор боюнча иш планына ылайык долбоорду каржылоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн жана жоопкерчилигин баалайт.
23. Финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын сыпаттаган индикаторлордун тизмеги 3-таблицада берилген.
3-таблица. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоонун индикаторлорунун тизмеги
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/пландык мааниси) * 100% |
1 | Экономикалык долбоорлор боюнча каржылоонун көлөмү менен жалпы каржылоо көлөмүнүн ортосундагы катышты сактоо (фонд экономикалык долбоорлорду каржылоо боюнча өз чечимдерин кантип аткарып жаткандыгын көрсөтүү) | Байкоочу кеңештин чечими менен экономикалык долбоорлорго бөлүнгөн каржылоонун көлөмү (100%) | Экономикалык долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн иш жүзүндөгү мааниси (%) |
|
2 | Иш жүзүндөгү сметасы пландык сметага ылайык келген долбоорлордун саны (смета боюнча чыгымдардын иш жүзүндөгү беренелери смета боюнча пландык чыгымдарга ылайык келүүгө тийиш) | Макулдашылган смета менен бекитилген долбоорлордун саны (100%) | Сметадан четтөөсү бар долбоорлордун жалпы санынан иш жүзүндө ишке ашырылган долбоорлордун үлүшү (%) |
|
3 | Индикаторду орточо баалоо |
|
|
|
3.3. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо
24. Индикаторлор бекитилген бюджеттердин алкагында аяктаган долбоорлордун максаттарына жана милдеттерине жетүүнү баалайт.
25. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо индикаторлору 4-таблицада берилген.
4-таблица. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугунун индикаторлору
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/пландык мааниси) * 100% |
1 | Аяктаган долбоорлордун саны (инфраструктуралык долбоорлор үчүн объектти эксплуатациялоого киргизүү актынын болушу, техника, жабдуулар үчүн муниципалдык мүлктүн реестрине киргизүү аяктоо болуп саналат) | Учурдагы жылга байкоочу кеңештин чечими менен бекитилген долбоорлордун саны (100%) | Иш жүзүндө аяктаган долбоорлордун саны |
|
2 | Бардык пландалган индикаторлорго жеткен долбоорлордун саны (мисалы: "Футбол боюнча секцияны уюштуруу" долбоорунда 2 жумуш орду түзүлөрү жана 25 бала футбол менен машыга тургандыгы көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө 3 жумуш орду түзүлгөн жана 30 бала машыгууда. Долбоор өз максаттарына жеткен) | Бардык ишке ашырылган долбоорлордун санын көрсөтүү (100%) | Билдирилген максаттарга жетишилген долбоорлордун санын, индикаторлорун көрсөтүү |
|
3 | Акыркы керектөөчүлөрдүн ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасы. (МБ сапаттык индикаторлорду жүргүзүү методикасы ушул Методиканын 2-тиркемесинде берилген) | Орточо баалоо 3,5 баллдан кем эмес (100%) | Анкетанын жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү баалоо |
|
4 | Индикаторду орточо баалоо |
|
|
|
3.4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо
26. Индикаторлор бюджеттик мыйзамдардын ченемдерин, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун сактоого карата фонддордун каражаттарын пайдалануу боюнча жана долбоорлордун аткаруучуларынын жоопкерчилигин жана максатка ылайыктуулугун баалайт (5-таблица).
5-таблица. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо индикаторлору
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/пландык мааниси) * 100% |
1 | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын өткөн жылдагы аудитинин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар аныкталбаган долбоорлордун саны | Ишке ашырылган долбоорлордун жалпы санын көрсөтүү (100%) | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын сын пикирлери бар долбоорлордун санын көрсөтүү |
|
2 | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын өткөн жылдагы аудитинин жыйынтыгы боюнча бузуулар аныкталган долбоорлордун саны | Ишке ашырылган долбоорлордун жалпы санын көрсөтүү (100%) | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын сын пикирлери бар долбоорлордун санын көрсөтүү |
|
3 | Индикаторду орточо баалоо |
|
|
|
4-глава. Фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө статистикалык маалымат
27. Аткаруу органы жылына 1 жолудан кем эмес, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө статистикалык маалыматты экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Статистикалык маалыматтардын тизмеги ушул Методиканын 3-тиркемесинде берилген.
5-глава. Мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча отчеттор
28. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары отчет түрүндө таризделет, анда мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар көрсөтүлөт. Мониторингдик топтун отчету байкоочу кеңештин жыйналыштарында жылына 2 жолудан кем эмес угулат.
Мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча фонддордун отчету ар жылдык негизде, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Отчеттун сунушталган форматы ушул Методиканын 4-тиркемесинде берилген.
Мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн натыйжаларын визуалдаштыруу үчүн Excel программасынын негизинде "желекче диаграммасын" колдонуу сунушталат.
6-таблица. Мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн натыйжалары(*)
Индикаторлор тобунун аталышы | Индикаторлорду орточо баалоо |
Фонддун каражаттарын белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык пайдалануу | 76% |
Финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактоо | 85% |
Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо | 64% |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо | 100% |
(*) Мисал.
|
| Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикага 1-тиркеме |
Фонддун каражаттарын пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо ПЛАНЫ
№ | Индикатордун аталышы | Пландык көрсөткүч | Иш жүзүндөгү көрсөткүч | МБ методу | Маалымат булагы | МБ жүргүзүү мезгили | Жооптуу жак |
| 1. Фонддун каражаттарын белгиленген эрежелер жана жол-жоболор боюнча пайдалануу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 2. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 3. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикага 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо МЕТОДИКАСЫ
1. Методика ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына акыркы керектөөчүлөрдүн канааттануу даражасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.
2. Баалоо анкеталоо методу менен жүргүзүлөт. Анкеталар сурамжылоонун катышуучуларына электрондук почта, мобилдик телефон, WhatsApp боюнча электрондук билдирүү аркылуу жиберилет.
3. Баалоо учурдагы жылдан кийинки жылдын январь-февраль айларында жүргүзүлөт. Баалоо боюнча маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-мартына чейин даяр болууга жана финалдык отчетко киргизилүүгө тийиш.
4. Аткаруу органдарына баалоо жүргүзүү үчүн сурамжылоолорду жүргүзүү жана отчетторду даярдоо тажрыйбасы бар көзкарандысыз компанияны жалдоо сунушталат. Компаниянын иштин каржылоо консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун алкагында же эл аралык донор уюмдардын колдоосунун эсебинен фонддордун бюджетинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына акыркы керектөөчүлөрдүн канааттануу даражасын баалоо:
1) отчеттук жылда ишке ашырылган долбоорлордун тизмегинен долбоорлордун 30%ы тандалып алынат, тандалган долбоорлордун ичинен экономикалык долбоорлор 20%дан кем болбоого тийиш (долбоорлор туш келди тандоо принциби боюнча тандалат, чүчүкулак колдонууга жол берилет);
2) ар бир долбоор боюнча байланыш маалыматтары менен ушул долбоордон пайда алуучу 3-5 адам аныкталат. Жогоруда аталган адамдар баалоо жүргүзүүчү компания тарабынан туш келди тандоо методу менен аныкталат (болочок анкеталануучулардын тизмеги кызыкдар жак катары долбоордун жетекчилиги тарабынан берилишине жол берилбейт);
3) байланыш маалыматтары боюнча сурамжылоо менен анкета жиберилет. Анкеталар дарек ээлерине отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
1-таблица. Анкета
Суроолор | Катышуучунун жооптору (балл) | Жооптордун жалпы пайыздык салымы (%) |
Сиз өткөн ____________-жылы __________________________ облусунун/районунун регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган ________________________ долбоорунун натыйжаларына канчалык канааттандыңыз | 5 балл Толук канааттандым. Долбоор мага олуттуу жардам берди | 100 |
4 балл Канааттандым. Долбоор жалпысынан коюлган милдеттерди аткарды | 80 | |
3 балл Азыраак деңгээлде канааттандым. Долбоордун ишинде белгилүү кемчиликтер бар | 40 | |
2 балл Долбоордун ишине канааттанган жокмун. Долбоор коюлган максаттарына жеткен жок | 0 |
4) жооптору менен анкеталар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен кабыл алынат жана Excel таблицаларында жазылат.
5) анкеталарды кабыл алуу аяктагандан кийин акыркы керектөөчүлөрдүн ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасынын индикаторун баалоонун орточо мааниси төмөнкүдөй формула эсептелет:
мында:
Оср - индикатордун орточо мааниси (% менен),
ΣOi - жооптордун жалпы пайыздык салымы (% менен),
Na - алынган анкеталардын саны.
Excel таблицасын колдонуу үлгүсү:
Анкетанын номери | Алынган жооптор | Балл (%) |
1 | 3 | 40 |
2 | 3 | 40 |
3 | 5 | 100 |
4 | 4 | 80 |
5 | 3 | 40 |
6 | 4 | 80 |
7 | 2 | 0 |
Индикатордун орточо мааниси | 54 | |
|
| Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикага 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТ
1-таблица. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө жыйынды маалымат
№ | Долбоорлордун түрлөрү | Ушул жылы бекитилген долбоорлордун саны | Каржылоонун бекитилген көлөмү (млн. сом) | Ушул жылы ишке ашырылган долбоорлордун саны | Өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү (млн. сом) | Кийинки жылга өтүүчү долбоорлордун саны | Өтүүчү каражат-тардын көлөмү (млн. сом) | Ушул жылы түзүлгөн жумуш орундарынын саны |
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | ||||||||
1 | Билим берүү |
|
|
|
|
|
|
|
| Мектептер |
|
|
|
|
|
|
|
| Бала бакчалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
2 | Саламаттык сактоо |
|
|
|
|
|
|
|
| ФАПтар |
|
|
|
|
|
|
|
| ҮМБ |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
3 | Маданият |
|
|
|
|
|
|
|
| Маданият үйлөрү/кинотеатрлар |
|
|
|
|
|
|
|
| Инвентарь |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
4 | Спорт |
|
|
|
|
|
|
|
| Спорт комплекстери/аянтчалары |
|
|
|
|
|
|
|
| Инвентарь |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
5 | Социалдык коргоо |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулмалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
6 | Мамлекеттик-муниципалдык башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулмалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
7 | Турак жай-коммуналдык чарба |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулмалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
8 | Өзгөчө кырдаалдар |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулмалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
9 | Ишкердик |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулмалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
10 | Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
| ... |
|
|
|
|
|
|
|
| ... |
|
|
|
|
|
|
|
2-таблица. Аткаруу органдары тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун сыпаттамасы
№ | Долбоордун билдирүүчүсүнүн аталышы | Долбоордун кыскача баяндамасы | Фонддун каражаттарынын эсебинен пландалган каржылоо | Фонддун каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө каржылоо | Түзүлгөн жумуш орундарынын саны | Долбоордун статусу (аяктаган -аяктаган эмес, башталган эмес) |
1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | ||||||
Билим берүү | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Саламаттык сактоо | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Маданият | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Спорт | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Социалдык коргоо | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Турак жай-коммуналдык чарба | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өзгөчө кырдаалдар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишкердик үчүн шарттарды түзүү | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкалар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикага 4-тиркеме |
Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча отчеттун формасы
1. Жалпы маалымат (1 беттен көп эмес):
- фонд жөнүндө маалымат;
- бюджет боюнча пландык көрсөткүчтөр;
- фондду каржылоо булактары: ишканалар (жер казынасын пайдалануучулар), республикалык бюджеттин каражаттары, атайын каражаттар;
- келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы саны жана алардын иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү.
2. Фонддун ишинин оң натыйжаларын талдоо (2 беттен көп эмес)
Фонд тарабынан учурдагы жылы кандай ийгиликтерге жетишилгендигин көрсөтүү. Ийгиликтүү долбоорлордун мисалдарын келтирүү. Инновацияларды, жаңы технологияларды колдонуу менен, ошондой эле бүткүл регионго таасирин тийгизген долбоорлорго басым жасоо.
3. Көйгөйлүү маселелерди талдоо
Фонддор өз ишинин процессинде кандай проблемаларга туш болгонун көрсөтүү. Кайсы маселелерди өз алдынча чечүүгө мүмкүн болгонун көрсөтүү.
Фонддордун ишин жакшыртуу жана келип чыккан проблемалуу маселелерди чечүү бөлүгүндө экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштамалардын жана суроо-талаптардын тизмесин берүү.
4. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары
Индикаторлордун типтери боюнча МБнын жыйынтыктары берилет:
1) финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо;
2) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
Индикаторлордун ар бир тобу боюнча Методикада толтурулган көрсөткүчтөрү менен берилген таблицалар көрсөтүлөт.
Индикаторлордун ар бир тобу боюнча алынган маалыматтарга талдоо жасалат. Ийгиликтердин жана терс учурлардын себептери көрсөтүлөт.
МБ жыйынтыктары "желекче" диаграммасы түрүндө берилет.
5. МБнын жыйынтыктары боюнча тыянактар жана сунуштамалар
МБнын жыйынтыгы боюнча фонд өзүнүн ишине өз алдынча объективдүү баа берет. Фонддун аткаруу органы талдоонун жыйынтыгына ылайык фонддун каражаттарын пайдаланууну жакшыртуу үчүн пландалган түзөтүүчү иш-аракеттердин тизмегин берет.