Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 483 токтомуна) |
Патологоанатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартиби жана учурлары
1-глава. Жалпы жоболор
1. Патологоанатомиялык союулар мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардын патологоанатомиялык бюролорунда же бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
2. Патологоанатомиялык союулардын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) стационарда бейтаптардын өлүмүнүн себептерин тактоо жана алардын өлүмүнүн механизмин аныктоо жолу менен калкка дарылоо-алдын алуучу жардам көрсөтүүнү андан ары өркүндөтүү;
2) мамлекеттик статистикада өлүмдүн себептери боюнча анык маалыматтардын болушун камсыз кылуу;
3) дарылоочу врачтардын квалификациясын жогорулатуу жана диагностиканын жана дарылоонун кемчиликтерине талдоо жүргүзүү;
4) жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу оорулардын аныкталган учурлары жөнүндө саламаттык сактоонун башкаруу органдарына шашылыш билдирүү.
Жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу оорулардын аныкталган учурлары жөнүндө саламаттык сактоонун башкаруу органдарына шашылыш билдирүү - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте эпидемиологиялык көзөмөлгө алынууга тийиш болгон жугуштуу ооруга шектенүү же ырастоо аныкталган учурда саламаттык сактоо уюмдары тез арада жөнөтүүгө милдеттүү болгон расмий билдирүү болуп саналат.
2-глава. Патологоанатомиялык союуларды дайындоо учурлары
3. Стационарда зомбулуксуз себептерден улам каза болгон бейтаптардын денелери патологоанатомиялык союудан өткөрүлөт. Маркумдун оору таржымалы союуну жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
Бейтаптын каза болгондугу жөнүндө туугандарына билдирүү жоопкерчилиги бейтап каза болгон саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине жүктөлөт.
4. Патологоанатомиялык союу төмөнкү учурларда милдеттүү болуп саналат:
1) бейтаптын стационарда болуусунун узактыгына карабастан, тирүү кезинде анык, негиздүү диагноз жок болгондо же стационарда оорунун өлүмгө жана (же) өлүмдүн түздөн-түз себебине алып келген акыркы клиникалык диагнозду белгилөө мүмкүн болбогондо;
2) дары-дармек каражаттарынын же диагностикалык препараттардын ашыкча көлөмүнө же чыдамсыздыкка шектенүү болгондо;
3) өлүмдүн профилактикалык, диагностикалык, инструменттик, анестезиялогиялык, дарылоо жана жандандыруу иш-чараларын жүргүзүү менен байланышкан бардык учурларында;
4) лабораториялык изилдөөлөр менен тастыкталбаган жаңы белгисиз, изилденбеген жугуштуу оорулардан, курч жугуштуу оорулардан каза болгондо же аларга шектенүү болгондо;
5) тирүү кезинде шишикке гистологиялык текшерүү жүргүзүлбөгөн, онкологиялык оорулардын каза болгондо;
6) кош бойлуу аялдар, төрөт учурунда, төрөгөн, анын ичинде төрөттөн кийинки мезгилдин акыркы күнүндө аялдар каза болгон учурларда.
5. Калган учурларда маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча дене сойбостон берилиши мүмкүн.
3-глава. Патологоанатомиялык союуларды жүргүзүүнүн тартиби
6. Патологоанатомиялык союу саламаттык сактоо уюмунун врачы тарабынан биологиялык өлүм тастыкталгандан кийин каалаган мөөнөттө жүргүзүлүшү мүмкүн.
7. Денени патологоанатомиялык союу өлүкканага стационардык бейтаптын медициналык картасы же төрөт таржымалы менен бир убакта берилгенде гана жүргүзүлөт
8. Патологоанатомиялык изилдөө үчүн берилүүчү стационардык бейтаптын медициналык картасы же төрөт таржымалы акыркы клиникалык диагнозду, өлгөндөн кийинки корутундуну, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн материалдарынын түп нускаларын (рентген, ЭКГ, лабораториялык изилдөөлөр, анестезиологиялык жана реанимациялык колдонмолордун карталарын ж.б.) камтууга тийиш.
9. Эгерде оору таржымалы менен таанышуу учурунда зомбулук менен өлгөндүгүнө шектенүү болгон учурда патологоанатом 102 номери боюнча ыкчам-тергөө тобун чакырууга жана укук коргоо органдары тиешелүү жол-жоболорду жүргүзгөндөн кийин, денени соттук-медициналык экспертизалар борборуна өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Союунун жүрүшүндө зомбулук менен өлгөн белгилери билинсе, патологоанатом союуну токтотууга, 102 телефону боюнча ыкчам-тергөө тобун чакырууга жана алар тиешелүү жол-жоболорду жүргүзгөндөн кийин денени зомбулук менен өлгөн белгилери табылган учурда кандай абалда болсо, ошол абалда соттук-медициналык эксперттерге өткөрүп берүүгө милдеттүү.
10. Патологоанатомиялык бөлүмдөрдү патологоанатомиялык союуларды жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон жабдуулар менен камсыз кылуу, анын ичинде кийинки гистологиялык жана башка зарыл изилдөө ыкмалары үчүн жоопкерчилик түзүмүндө патологоанатомиялык бөлүмдөрү бар саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилигине, ошондой эле облустук жана республикалык патологоанатомиялык бюролордун жетекчилерине жүктөлөт.