Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-августу № 519
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан жер участокторун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Суу фондунун жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында декадалык жөнгө салуу бассейнин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 8-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 15-майындагы № 01-12/898 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 13-майындагы № 8 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 17,0 га, төмөнкүдөй контурларда жайгашкан жер участоктору: № 466 – 2,6 га сугат айдоо, № 470 – 1,6 га сугат айдоо, № 456 – 7,6 га кысыр аңыз, № 468 – 2,2 га кысыр аңыз, № 479 – 0,9 га кысыз аңыз, № 461 – 0,5 га көп жылдык бак, № 462 – 1,1 га көп жылдык бак, № 465 – 0,5 га көп жылдык бак “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Суу фондунун жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер участокторунун шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) өздүк каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык экономикалык өнүгүүнү уюштурууну;
6) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тарыхый маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, көрсөтүлгөн жер участокторунда казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл үчүн адис-археологду тартууну;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участоктору пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну жана баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) асылдуулугу төмөн жер участокторуна талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү, көрсөтүлгөн жер участокторуна бирдей аянтты калыбына келтирүүнү;
9) “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкени сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-августундагы № 64 (3720) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |