Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 8-августу № 191
Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) абилитация - майыптыгы бар адамдарды коомго аралаштыруу максатында алардын тиричилик, коомдук, кесиптик жана башка иштерди жүзөгө ашыруусу үчүн тубаса жетишпеген көндүмдөрүн калыптандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплекси;
2) ыңгайлаштырылган жана/же атайын жумуш орундары - майыптыгы бар адамдардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана керектөөлөрүн эске алуу менен жабдылган жумуш орундары;
3) ыңгайлаштырылган адабият - майыптыгы бар адамдардын аларды кабыл алуусу жана пайдалануусу үчүн ыңгайлаштырылган кагаз, электрондук же башка сактагычтардагы окуу, көркөм, илимий, мезгилдүү жана башка басылмалар;
4) ыңгайлаштырылган (адистештирилген) транспорт - майыптыгы бар адамдардын аларга жетүүсү жана пайдалануусу үчүн атайын түзүлүштөр менен жабдылган транспорт каражаттарынын ар кандай түрлөрү;
5) майыптык белгиси боюнча басмырлоо - максаты жана натыйжасы болуп саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык же кандай болбосун башка жаатта майыптыгынын себеби боюнча адамдын бардык укуктарынын жана негизги эркиндиктеринин башкалар менен бирдей таанылышын, ишке ашырылышын же жүзөгө ашырылышын кемсинтүү же тануу саналган кандай болбосун айырмалоо, четтетүү, обочолотуу же чектөө;
6) инфратүзүмгө жеткиликтүүлүк - бардык категориялардагы майыптыгы бар адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эркин жана коопсуз орун которуу, имараттарга жана курулмаларга жетүү жана коомдук транспортту, жөө адамдар жүрүүчү тротуарларды, автомобиль жолдорун, байланыш каражаттарын жана коомдук пайдалануудагы башка техникалык каражаттарды, анын ичинде банкоматтарды жана төлөм терминалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү;
7) майыптык - айлана-чөйрөдөгү ар кандай тоскоолдуктарга кабылганда адамдын коомдук турмушка толук жана бирдей катышуусуна тоскоолдук кылуучу, туруктуу дене бойлук, психикалык, интеллектуалдык же сенсордук бузулуулардан улам келип чыккан абал;
8) реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы - майыптыгы бар адамдын абалын баалоонун негизинде реабилитациялык же абилитациялык кызмат көрсөтүү чараларынын комплексин аныктоочу, бузулган, жоголгон функцияларды же тубаса жетишпеген көндүмдөрдү калыбына келтирүүгө багытталган медициналык, педагогикалык, социалдык жана башка иш-чаралардын түрлөрүнүн айрым түрлөрүн, формаларын, мөөнөттөрүн жана көлөмүн камтыган документ;
9) инфратүзүм - Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак жайлык, административдик жана башка имараттардын, курулмалардын, жөө адамдар жүрүүчү тротуарлардын, автомобиль жолдорунун, коомдук транспорттун, коммуникация каражаттарынын жана башка техникалык каражаттардын жыйындысы;
10) квоталоо - майыптыгы бар адамдарды социалдык колдоо максатында алардын ар кандай иш чөйрөлөрүнө милдеттүү катышуусунун ченемдерин белгилөө;
11) майыптыгы бар адам - ар кандай тоскоолдуктарга кабылганда анын коомдук турмушка башкалар менен бирдей толук жана натыйжалуу катышуусуна тоскоолдук кылуучу туруктуу дене бойлук, психикалык, интеллектуалдык же сенсордук бузулуулары бар адам. Майыптык статусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан майыптыктын I, II же III тобун же болбосо 18 жашка чейинки балдар үчүн "майыптыгы бар бала" категориясын ыйгаруу жолу менен белгиленет;
12) медициналык-социалдык экспертиза - күбөлөндүрүлүп жаткан адамдын организминин функциялары туруктуу бузулушунан келип чыккан жашоо-тиричилигинин чектелишинин даражасын комплекстүү баалоо, ошондой эле анын социалдык коргоо чараларына, анын ичинде реабилитациялоого жана абилитациялоого керектөөлөрүн аныктоо;
13) иштөөнүн, жашоо-тиричиликтин жана ден соолуктун чектелишинин эл аралык классификациясы - ден соолук компоненттерин, жашоо-тиричиликтин жана иштөөнүн чектелишин классификациялоо, майыптыкты жана реабилитациялоо программаларын баалоо үчүн инструмент;
14) майыптыгы бар адамдардын уюму - майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын жашоо сапатын жакшыртуу жана алардын коомго толук аралашуусуна көмөктөшүү үчүн жеке жана (же) юридикалык жактардын ыктыярдуу өз алдынча башкаруусунун негизинде түзүлгөн коммерциялык эмес уюм. Мындай уюм төмөнкү критерийлердин бирине шайкеш келүүсү керек:
1) майыптыгы бар адам жетектейт;
2) түзүүчүлөрдүн 51 пайызынан кем эмеси майыптыгы бар адамдар болуп саналат;
3) уюмдун кызматкерлеринин 51 пайыздан кем эмесин майыптыгы бар адамдар түзөт;
4) уюмдун негизги максаты болуп майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жана (же) алардын социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу саналат.
Уюм киреше алуу максатын көздөбөйт, ал эми алынган кандай болбосун пайда уставдык максаттарга жетүүгө гана багытталат жана мүчөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлбөйт;
15) жаңсоо тилинин котормочусу - жаңсоо тили аркылуу түз жана артка котормону жүзөгө ашырган адис;
16) жөндүү ыңгайлаштырылган шайман - майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин башка адамдар менен бирдей ишке ашыруусун же жүзөгө ашыруусун камсыз кылуу максатында теңдешсиз же жөнсүз оорчулук жаратпаган жана керек болгон конкреттүү учурда киргизилүүчү зарыл, ылайыктуу өзгөртүүлөр жана түзөтүүлөр;
17) эрте аныктоо жана эрте кийлигишүү - баланын өнүгүү абалы жана деңгээли аныкталгандан кийин токтоосуз түрдө жүзөгө ашырылуучу, баланы өнүктүрүүгө, ошондой эле ата-энелерди (багуучу адамдарды) коштоого багытталган кызмат көрсөтүүлөрдүн жана иш-чаралардын комплекси. Эрте кийлигишүү балага жана анын ата-энесине, үй-бүлөсүнө жана анын социалдык чөйрөсүнө багытталган;
18) реабилитациялык же абилитациялык борбор - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уюштуруучулук-укуктук формада түзүлгөн, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо же абилитациялоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
19) реабилитация - майыптыгы бар адамдардын коомго аралашуусу үчүн алардын турмуш-тиричилик, коомдук, кесиптик жана башка ишке керектүү көндүмдөрүн калыбына келтирүүсүнө багытталган чаралардын комплекси;
20) атайын педагог - өнүгүүнүн бардык жааттары боюнча балдардын көндүмдөрүнө баа берүүнү, жеке окуу пландарын жана окутуу программаларын түзүүнү, билим алууга өзгөчө керектөөсү бар балдарды окутууда мугалимдерге жана ата-энелерге методикалык жардам көрсөтүүнү билген педагог;
21) социалдык-тиричилик жана социалдык-чөйрөлүк реабилитация жана абилитация - майыптыгы бар адамдардын өзүн-өзү тейлөөсүнө, өз алдынча жашоосуна же үй-бүлөлүк жана коомдук турмуштун адаттагы шарттарына кайтып келүүсүнө мүмкүн болгон жетишүү процесси;
22) социалдык кызмат көрсөтүүлөр - кызмат көрсөтүүнү алуучуга анын жашоо-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана (же) анын өзүнүн негизги турмуштук керектөөлөрүн өз алдынча камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында туруктуу, мезгилдүү, бир жолку жардам көрсөтүү боюнча социалдык тейлөө көрсөтүү чөйрөсүндөгү аракеттер;
23) техникалык көмөкчү (компенсатордук) каражаттар, ассистивдик технологиялар - протездик-ортопедиялык, сурдотехникалык, тифлотехникалык жана санитардык-гигиеналык жана башка каражаттар;
24) социалдык (адистештирилген) тейлөө мекемелери - майыптыгы бар адамдарга медициналык-социалдык жана психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан башка уюмдар;
25) универсалдуу дизайн - буюмдарды, жасалгаларды, программаларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аларды ыңгайлаштыруу зарылдыгысыз бардык адамдардын пайдалануусуна максималдуу мүмкүн болгон даражада жарактуу кылууга багытталган алардын дизайны;
26) жашоо-тиричиликтин жана ден соолуктун функционалдык чектелиши - адамдын өзүн-өзү тейлөөсүн, кыймылын жүзөгө ашыруу, багытты түшүнүү, баарлашуу, өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо, окуу жана эмгек иши менен алектенүү жөндөмүн же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготуу;
27) факсимилдик кол тамга (факсимиле) - жашоо-тиричилигинин жана ден соолугунун функционалдык чектелүүсүнөн улам (көрүүнүн бузулушу, колу-буту жоктугу, кыймыл координациясынын бузулушу, шал оорусу) өз алдынча өз колу менен кол коюу мүмкүнчүлүгү жок майыптыгы бар адамдардын өз кол тамгасын алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише).
2-берене. Ушул Мыйзамдын предмети
1. Ушул Мыйзам майыптыгы бар адамдарга карата алардын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда башка бардык жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, алардын жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдү четтетүү, майыптыгы бар адамдардын толук кандуу жашоо ыңгайын жүргүзүүгө, коомдун экономикалык, саясий, маданий жана социалдык турмушуна жигердүү катышууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруусуна мүмкүндүк берүүчү жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик саясатты аныктайт.
2. Ушул Мыйзам майыптыгы бар адамдарды коргоо жана колдоо кепилдиктерин, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоого, майыптыктын алдын алууга жана майыптыгы бар адамдарды коомго аралаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды белгилейт.
3-берене. Майыптыгы бар адамдарга карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты майыптыгы бар адамдарга карата төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) майыптыгы бар адамдардын укуктарын сактоо;
2) майыптык белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө;
3) мамлекет тарабынан майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоонун жана социалдык камсыз кылуунун кепилдениши;
4) майыптыгы бар адамдардын социалдык абалынын начарлоосуна жол бербөө;
5) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү майыптыгы бар адамдардын жеке керектөөлөрүнө багыттоо;
6) саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары -Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык майыптыгы бар адамдардын ден соолугун коргоону, реабилитациялоону жана абилитациялоону камсыз кылуу;
7) майыптыгы бар адамдардын тең укуктарын жашоо-тиричиликтин бардык чөйрөлөрүндө камсыз кылуу;
8) майыптыгы бар адамдардын инфратүзүмгө, билимге, маалымат алууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө, иштин түрүн эркин тандоого жана башка чөйрөлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
9) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын майыптыгы бар адамдардын укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги;
10) майыптыгы бар адамдардын уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
11) майыптыгы бар адамдардын факсимилдик кол тамгасын өз колу менен койгон кол тамгасы менен бирдей таануунун кепилдиги;
12) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга түздөн-түз жакын жерде берүү;
13) майыптыгы бар аялдарды ар тараптуу өнүктүрүүнү, абалын жакшыртууну жана укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камсыз кылуу;
14) майыптыгы бар балдардын эң мыкты кызыкчылыктарын эске алуу менен адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жүзөгө ашыруусун камсыз кылуу;
15) майыптыгы бар адамдарды коомго толук, натыйжалуу тартуу, катыштыруу жана аралаштыруу;
16) майыптыгы бар адамдардын укуктарына тиешелүү бардык маселелерди кароого майыптыгы бар адамдардын түздөн-түз катышуусу.
4-берене. Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамдар
1. Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат.
3. Майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо жаатындагы мамилелердин субъекттери болуп жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат.
4. Министрлер Кабинети майыптык маселелери боюнча, анын ичинде БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн жооптуу органдарды аныктайт.
5-берене. Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш
1. Министрлер Кабинети Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешти (мындан ары - Кеңеш) түзөт, анын ишинин тартибин аныктайт жана анын курамын түзөт.
2. Кеңеш майыптыгы бар адамдардын укуктарына жана эркиндиктерине тийиштүү маселелерди талкуулоо жана чечүү максатында түзүлөт.
3. Кеңештин чечимдери тапшырмалар түрүндө таризделет жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.
4. Майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин козгогон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Министрлер Кабинети аныктаган тартипте макулдашуу үчүн Кеңешке жиберилет.
5. Кеңеш майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын катышуусу менен ушул Мыйзамдын 41-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттердин жеткиликтүүлүгү боюнча талаптардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында иш жүргүзгөн майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын демилгеси боюнча майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештерди түзүшү мүмкүн.
6-берене. Майыптыгы бар адамдардын бирдиктүү мамлекеттик реестри
1. Майыптыгы бар адамдар, анын ичинде майыптыгы бар балдар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу максатында, алардын укуктарын камсыз кылуу, социалдык колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик программаларды жана мамлекеттик бюджеттен чыгашаларды пландаштырууну жакшыртуу үчүн Майыптыгы бар адамдардын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - Реестр) түзүлөт жана жүргүзүлөт.
Реестр майыптыгы бар адамдардын дене бойлук, психикалык, интеллектуалдык жана сенсордук бузулуулары жөнүндө статистикалык жана башка маанилүү маалыматтарды камтууга тийиш.
2. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, жеке маалыматтардын массивинин кармоочусун, ошондой эле Реестрге жана жеке маалыматтарга жеткиликтүү болгон субъекттерди аныктоо Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Реестрдин кармоочусу маалыматтарды коргоо жана санкцияланбаган жетүүнүн алдын алуу үчүн жоопкерчилик тартат.
7-берене. Жаңсоо тили
1. Кыргыз Республикасында жаңсоо тили коммуникациянын толук кандуу байланыш каражаты катары таанылат жана майыптыгы бар адамдардын бирдей укуктарынын теңдигин камсыз кылуу үчүн колдонулат. Мамлекет аны өнүктүрүү жана билим берүү, эмгек, саламаттык сактоо, маданият чөйрөлөрүндө жана коомдук турмуштун башка тармактарында колдонуу боюнча чараларды көрөт.
2. Мамлекет соттук, административдик, медициналык, билим берүүчү мекемелерде жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кайрылганда жаңсап которуу кызматтарынын көрсөтүлүшүнө кепилдик берет. Мындай кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби жана көлөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
8-берене. Жаңсоо тилинин котормочуларынын статусу
1. Жаңсоо тилинин котормочусу жаңсоо тили аркылуу түз жана кайра котормону жүзөгө ашырат.
2. Угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдарга жаңсоо тилинин котормочусунун кызматтары төмөнкүдөй учурларда көрсөтүлөт:
1) билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде;
2) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө же жарандык, административдик жана кылмыш-жаза иштери боюнча сот процесстерине катышууда;
3) документтерди же бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөөдө;
4) транспорт каражаттарын башкаруу көндүмдөрүнө же компьютердик сабаттуулукка окутууда;
5) мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө;
6) мыйзамдарда каралган башка учурларда.
3. Жаңсоо тилине котормочунун кызмат көрсөтүүсүнүн жана жаңсоо тилине котормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Мамлекет жаңсоо тилинин котормочуларын даярдоону камсыз кылат.
5. Мамлекеттик телерадиоберүү уюмдары жаңылыктар берүүлөрүн жаңсоо тилинин котормосу жана субтитрлер менен трансляциялоого милдеттүү.
9-берене. Факсимилдик кол тамга
1. Кыргыз Республикасында майыптыгы бар адамдардын факсимилдик кол тамгасы (факсимиле) өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз колу менен койгон кол тамгасы деп таанылат жана ага теңештирилет.
2. Эгерде майыптыгы бар адам өзүнүн функционалдык чектөөлөрүнөн улам зарыл документтерге кол коюуда өз колу менен коюлган кол тамганы колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана ал тарабынан факсимилдик кол тамга колдонулушу мүмкүн.
Майыптыгы бар адам тарабынан пайдаланылуучу факсимилдик кол тамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Нотариус майыптыгы бар адамдын факсимилдик кол тамгасынын аныктыгын тастыктоочу күбөлүк берет.
3. Факсимилдик кол тамга майыптыгы бар адам үчүн ал он алты жаш куракка чыкканда даярдалышы мүмкүн жана ал тарабынан өмүр бою пайдаланылат.
Факсимилдик кол тамга жоголгон учурда анын дубликаты даярдалышы керек, ал дагы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
4. Майыптыгы бар адам факсимилдик кол тамганы бардык документтерде, анын ичинде финансылык, бухгалтердик, нотариалдык жана башка документтерде пайдалана алат.
5. Майыптыгы бар адам факсимилдик кол тамганы пайдаланууга байланыштуу өзүнүн жарандык укуктарын жүзөгө ашырууда чектелиши мүмкүн эмес.
2-глава. Социалдык укуктар жана кепилдиктер
10-берене. Майыптыгы бар адамдардын социалдык коргоого укуктары
1. Майыптыгы бар адамдар жашаган жерине карабастан мамлекет тарабынан кепилденген пенсияларды, мамлекеттик жөлөк пулдарды, компенсацияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
2. Майыптыгы бар адамдардын социалдык коргоого укуктары социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан майыптыгы белгиленген учурдан тартып пайда болот.
11-берене. Социалдык коргоонун түрлөрү
Майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо майыптыгы бар адамдардын коомдук турмушка катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн багытталган социалдык жардам берүү менен камсыз кылынат. Мамлекет тарабынан социалдык коргоонун төмөнкүдөй түрлөрү кепилденет:
1) пенсиялар, социалдык жөлөк пулдар жана компенсациялар;
2) социалдык-тиричилик жактан тейлөө;
3) башка бирөөнүн багуусуна жана жардамына муктаж жалгыз жашаган майыптыгы бар адамдарды үйүндө социалдык жактан тейлөө;
4) социалдык (адистештирилген) тейлөө мекемелеринде кызмат көрсөтүүлөр;
5) ассистивдик технологиялар менен камсыз кылуу;
6) реабилитация жана абилитация;
7) кошумча социалдык кепилдиктер.
12-берене. Пенсиялар, жөлөк пулдар жана компенсациялар
Майыптыгы бар адамдарга жана алардын үй-бүлөсүнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрүнө мамлекеттик пенсиялар, жөлөк пулдар жана компенсациялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
13-берене. Социалдык-тиричилик жактан тейлөө
1. Майыптыгы бар, жалгыз жашаган жана башка бирөөнүн багуусуна жана жардамына муктаж болгон адамдарга үйүндө социалдык тейлөө боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
2. Социалдык коргоо органдары майыптыгы бар адамдарга алардын жашаган жери боюнча социалдык-тиричилик жактан, анын ичинде азык-түлүк жана өнөр жай товарларын жеткирүү, тамактандырууну, турмуш-тиричиликти жана бош убакытты уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтөт.
3. Кызматтарды көрсөтүү мамлекеттик жана/же көз карандысыз адистерди, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын арасындагы адистерди тартуу ыктымалдуулугу менен майыптыгы бар адамдын керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн баалоонун негизинде социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Үйүндө социалдык тейлөөнү уюштуруунун жана социалдык-тиричилик кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
14-берене. Социалдык (адистештирилген) тейлөө мекемелери
Өзүн-өзү тейлөө жөндөмүн жарым-жартылай же толук жоготкон жана дайыма башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон майыптыгы бар адамдарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын социалдык (адистештирилген) тейлөө мекемелеринде кызматтар, анын ичинде саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык кызматтар көрсөтүлөт.
15-берене. Ассистивдик технологияларды берүү
1. Майыптыгы бар адамдар реабилитациялоонун же абилитациялоонун жеке программасына ылайык ассистивдик технологиялар менен камсыз кылынат.
2. Ассистивдик технологиялар майыптыгы бар адамдарга алардын жашаган жери (турган жери, иш жүзүндө жашаган жери) боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилет.
3. Иш берүүчүнүн (менчигинин түрүнө карабастан уюмдун, мекеменин, ишкананын) күнөөсү боюнча эмгектен мертинүүгө же кесиптик дартка чалдыккан майыптыгы бар адамдар медициналык көрсөтмөлөргө ылайык иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен ассистивдик технологиялар менен камсыз кылынат.
4. Майыптыгы бар балдарды тарбиялоону жана окутууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдары мамлекет тарабынан ылайыкташтырылган окуу материалдары, атайын шрифти бар басылмалар, үндү күчөтүүчү жабдуулар жана сигнал бергичтер менен камсыз кылынат.
5. Майыптыгы бар адамдарга берилүүчү ассистивдик технологиялардын тизмеги жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
16-берене. Кошумча социалдык кепилдиктер
1. Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна же көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар адамдарга Министрлер Кабинети аныктаган шарттарда жана тартипте жеке ассистенттин кызматтары көрсөтүлөт.
2. Майыптыгы бар адамдар мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан кезексиз тартипте кызмат көрсөтүүлөрүн алууга укуктуу.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдарга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен кошумча социалдык кепилдиктерди белгилөөгө укуктуу.
3-глава Саясий укуктар жана кепилдиктер
17-берене. Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктары
1. Майыптыгы бар адамдар башка жарандар менен катар эле конституциялык мыйзамда каралган тартипте мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.
2. Мамлекет саясий партиялар тарабынан көрсөтүлүүчү талапкерлердин тизмесиндеги орундарга квота берүү, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү, ошондой эле шайлоо жөнүндө мыйзамдарында каралган башка чаралар аркылуу мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына майыптыгы бар адамдарды шайлоо үчүн шарттарды түзөт.
3. Мамлекет шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде жеткиликтүү шайлоо участкалары, шайлоо жөнүндө материалдар жана маалыматтар менен камсыз кылууну, ошондой эле көмөкчү технологияларды колдонуу менен же коштоп жүргөн адамдын жардамы менен өз алдынча жана жашыруун добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кепилдейт.
4. Майыптыгы бар адамдар шайлоо маселелери боюнча жана шайлоо процессиндеги жеткиликтүү форматтардагы билим берүү жана маалыматтык программаларга жетүүгө укуктуу.
18-берене. Майыптыгы бар адамдардын биригүүгө укуктары
Майыптыгы бар адамдар жана алардын өкүлү болгон адамдар өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, өз ара колдоо жана кызмат көрсөтүү максатында "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө укуктуу.
19-берене. Майыптыгы бар адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого укуктары
1. Майыптыгы бар адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мамлекет тарабынан сот тартибинде, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) иши жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка механизмдер аркылуу камсыз кылынат.
2. Мамлекет майыптыгы бар адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында мыйзамда каралган учурларда аларга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүшүн камсыз кылат.
4-глава. Саламаттык сактоо жана медициналык-санитардык жардам
20-берене. Майыптыгы бар адамдардын ден соолугун коргоонун кепилдиктери
Майыптыгы бар адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ден соолугунун корголушуна, майыптыктын алдын алууга, медициналык-санитардык жардамга, санитардык-курорттук дарыланууга, реабилитацияланууга же абилитацияланууга, дары-дармек, ассистивдик технологиялар жана санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыз болууга укуктуу.
21-берене. Медициналык-санитардык жардамдын милдеттери
Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык майыптыгы бар адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) майыптыгы бар адамдын ден соолугунун абалын сактоо;
2) ден соолугунун начарлашына жол бербөө;
3) реабилитациялоонун же абилитациялоонун жекече программасын эске алуу менен квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү;
4) майыптыгы бар адамдардын майыптыгынын жана коштогон ооруларынын алдын алуу;
5) эрте диагноз коюу, ооруларды өз убагында аныктоо жана дарылоо;
6) балдардын өнүгүүсүнүн бузулушун эрте аныктоо жана эрте кийлигишүү.
22-берене. Медициналык-санитардык жардам
Майыптыгы бар адамдарга медициналык-санитардык жардам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үйүндө жана саламаттык сактоонун дарылоо-алдын алуу уюмдарында, ошондой эле жазаларды аткаруу тутумунун мекемелеринде жүзөгө ашырылат.
23-берене. Санаториялык-курорттук дарылоо
1. Майыптыгы бар адамдарды, анын ичинде майыптыгы бар балдарды санаториялык-курорттук дарылоо социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан республикалык бюджеттин, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарынын же башка каражаттардын эсебинен Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте камсыз кылынат.
2. Майыптыгы бар адамдарга жана аларды коштоп жүрүүчү адамдарга санаториялык-курорттук дарылоону камсыздоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Санаториялык-курорттук дарыланууга укуктуу майыптыгы бар адамдар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу акчалай компенсацияга алмашуу менен андан баш тартышы мүмкүн.
24-берене. Майыптыктын алдын алуу
1. Мамлекет ден соолукту коргоо, эрте диагноз коюу, жашоонун экологиялык чөйрөсүн жакшыртуу, сергек жашоо ыңгайын калыптандыруу, дени сак жана коопсуз эне болууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, өндүрүштө жаракат алууну болтурбоо, жол кыймылынын коопсуздугу жана кесиптик ооруларды азайтуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.
2. Иш берүүчүлөр жумушчулар, айрыкча жогорку тобокелдик шарттарында иштеген жумушчулар үчүн үзгүлтүксүз медициналык текшерүүлөрдү камсыз кылууга, ошондой эле кесиптик тобокелдиктерди азайтууга жана эмгек шарттарын жашыртууга багытталган программаларды ишке киргизүүгө милдеттүү.
3 Мамлекет жашоо-тиричилигинин жана ден соолугунун функциялык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн эрте реабилитациялоо жана абилитациялоо тутумун өнүктүрөт.
4. Майыптыктын алдын алууну мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жүзөгө ашырат. Мамлекет алардын ишин координациялайт жана алдын алуу иш-чараларынын ишке ашырылышын контролдоону камсыз кылат.
5-глава. Эмгекти коргоо жана эмгек иши
25-берене. Майыптыгы бар адамдардын эмгек ишинин кепилдиктери
1. Майыптыгы бар адамдар эмгек ишин жүргүзүүгө укуктуу.
2. Майыптыгы бар адамдар реабилитациялоонун же абилитациялоонун жекече программаларын эске алуу менен кадимки же ылайыкташтырылган эмгек шарттарында иштөө, анын ичинде жөндүү түзүлүштөрдү колдонуу менен иштөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жеке ишкердик иш менен алектенүү укугу камсыз кылынат.
26-берене. Майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды экономикалык ишке тартуу жана алардын эмгекке укугун камсыз кылуу максатында мамлекет иш берүүчүлөрдү белгиленген квотаны эске алуу менен аларды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын караштырууга милдеттендирет.
2. Майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн квота төмөнкүлөрдү түзөт:
1) эгерде иш берүүчүдө 25тен 49га чейин кызматкер иштесе, майыптык тобуна карабастан майыптыгы бар кызматкер үчүн 1 жумуш орун;
2) эгерде иш берүүчүдө 50дөн 74кө чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 2 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 1 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш;
3) эгерде иш берүүчүдө 75тен 99га чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 3 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 1 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш;
4) эгерде иш берүүчүдө 100дөн 124гө чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 4 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 2 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш;
5) эгерде иш берүүчүдө 125тен 149га чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 5 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 3 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш;
6) эгерде иш берүүчүдө 150дөн 174кө чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 6 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 3 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш;
7) эгерде иш берүүчүдө 175тен 199га чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 7 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 4 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш.
Эгерде иш берүүчүдө 200 жана андан ашык кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер жана I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн жумуш орундарын квоталоо эрежелери ушул беренеде көрсөтүлгөн окшоштук боюнча колдонулат.
Уюмда, ишканада же мекемеде иштегендердин санын аныктоодо эмгек келишими, жарандык-укуктук келишим боюнча иш аткарган, сезондук иштерди аткарган кызматкерлер, ошондой эле иш берүүчү жана административдик персонал эске алынат.
3. Иш берүүчү жумуш ордун майыптыгы бар кызматкерге ыңгайлаштырууга (ыңгайлаштырууга) милдеттүү. Жумуш ордун ыңгайлаштыруу иш берүүчүнүн эсебинен же мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Майыптыгы бар кызматкерлер үчүн жумуш ордун адаптациялоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
- аларды тиешелүү көндүмдөргө окутуу;
- алар иштеген имараттын жеткиликтүүлүк шарттарын түзүү;
- алардын ишти аткарышына көмөктөшүүчү техникалык каражаттарды, компьютердик программаларды же жабдууларды сатып алуу;
- мындай кызматкердин өз эмгек функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүү максатында көрүлүүчү башка чаралар.
27-берене. Майыптыгы бар адамдардын эмгектен мертинүүгө байланышкан эмгек иши
1. Иш берүүчүлөр ошол уюмда эмгектен мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болгон кызматкерлерди ишке орноштуруу үчүн жаңы жумуш орундарын бөлүп берүүгө же түзүүгө милдеттүү.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талап аткарылбаган учурда, бул кызматкерлер менен эмгек келишими токтотулганда, иш берүүчү укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Иш берүүчүдө жаш курагы боюнча пенсияга чыкканга чейин иштеген майыптыгы бар адамдар башка кызматкерлер менен бирдей негизде медициналык тейлөө, турак жай, ден соолукту чыңдоочу жана алдын алуучу мекемелерге жолдомолор менен камсыз болуу боюнча учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле жамааттык келишимдерде, макулдашууларда каралган башка социалдык кепилдиктерди пайдалануу укугун сактап калат.
28-берене. Ишкердик иш
1. Мамлекет майыптыгы бар адамдардын ишкердик иш менен алектенүүсү үчүн шарттарды түзөт, бирок алар төмөнкүдөй чаралар менен чектелбөөгө тийиш:
1) мамлекеттик сатып алууларда артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди берүү;
2) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же мамлекеттин катышуу үлүшү 30 пайыз жана андан ашык болгон юридикалык жактарга таандык жер участоктору же имараттар үчүн ижара акыны төмөндөтүү;
3) майыптыгы бар адамдар тарабынан түзүлгөн ишканаларга майыптыгы бар адамдар үчүн товарларды даярдоо боюнча тапшырыктарды берүү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте социалдык тапшырык.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар, жеке эмгек иши менен алектенген адамдарга көрсөтүлгөн иш үчүн турак эмес жайларды же жер участокторун издөөдө, чийки заттарды сатып алууда жана өндүрүмдөрдү сатууда зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө укуктуу.
6-глава. Билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү укуктар жана кепилдиктер
29-берене. Майыптыгы бар адамдардын билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
1. Мамлекет майыптыгы бар адамдарга өмүр бою үзгүлтүксүз билим алууга жеткиликтүү болушу үчүн зарыл шарттарды түзүү кепилдигин берет.
2. Мамлекет майыптыгы бар адамдарга мектепке чейинки, мектептеги, мектептен тышкары жана кесиптик билимге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Майыптык статусунун жоктугу жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелген адамдардын билим алуусуна тоскоол болбошу керек.
3. Мамлекеттик муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында майыптыгы бар адамдарды тарбиялоо жана окутуу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүзөгө ашырылат.
4. Жеке менчик түрүндөгү билим берүү уюмдары майыптыгы бар адамдарга окуу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу.
5. Мамлекет майыптыгы бар адамдарды зарыл кесиптик көндүмдөргө окутуу максатында, мамлекеттик билим берүү уюмдары билим берүү кызматтарын көрсөтө албаган учурда реабилитациялоо борборлорунан жана тиешелүү профилдеги башка атайын уюмдардан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга укуктуу.
6. Майыптыгы бар адамдарды окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдары майыптыгы бар адамдардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен окутуу программаларын, материалдарын жана окутуу усулдарын ыңгайлаштырат жана өркүндөтөт.
7. Мамлекет окутуунун жана тарбиялоонун атайын усулдарын билген атайын педагогдорду даярдоону камсыз кылат.
8. Окуп жаткан майыптыгы бар адамдарды билим берүү процессинде коштоо билим берүү муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
9. Мамлекет майыптыгы бар балдарга педагогдорду даярдоону уюштуруунун, жалпы билим берүү уюмдарын керектүү жабдуулар менен жабдуунун, майыптыгы бар балдардын укуктары жөнүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүнүн эсебинен инклюзивдик билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
10. Маалымат иштерин жүргүзүү коомдо инклюзивдик маданиятты калыптандырууга багытталган.
11. Кесиптик билим берүү эмгек рыногуна багытталышы керек.
30-берене. Майыптыгы бар адамдарды окутуу формалары
1. Майыптыгы бар адамдарга билим берүү ар кандай формаларда, анын ичинде күндүзгү-сырттан окуу (кечки), экстернат, жекече окутуу, анын ичинде үйдөн окутуу формасында, ошондой эле аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу аркылуу, жалпы типтеги билим берүү уюмдарында инклюзивдик же атайын билим берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Зарыл болгон учурда окутуу атайын билим берүү уюмдарында, коррекциялык топтордо жана класстарда жүзөгө ашырылат.
31-берене. Майыптыгы бар балдарга мектепке чейинки билим берүү
1. Мектепке чейинки курактагы майыптыгы бар балдарды социалдаштыруу жана окутуу үчүн бир кыйла ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана аларга зарыл болгон мектепке чейинки жалпы типтеги билим берүү уюмдарында керектүү реабилитациялык же абилитациялык жардам көрсөтүү максатында майыптыгы бар балдардын аларда жүрүүсү үчүн шарттар түзүлөт.
2. Жалпы типтеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жүрүү мүмкүнчүлүгү болбогон майыптыгы бар балдар үчүн атайын мектепке чейинки уюмдар же жалпы типтеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында атайын топтор түзүлөт.
3. Мектепке чейинки өнүктүрүү программалары майыптыгы бар балдардын керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү баалоонун негизинде ишке ашырылат.
4. Мамлекет мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеткиликтүүлүктү кепилдейт жана майыптыгы бар балдарды, ошондой эле жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелүү балдарды окутуунун формаларынын альтернативдүү варианттарынын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
32-берене. Майыптыгы бар адамдарга мектепте билим берүү
1. Майыптыгы бар балдарга, ошондой эле жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелүү балдарга негизги жана орто жалпы билим берүү жалпы типтеги жалпы билим берүү уюмдарында, ал эми зарыл болгондо - атайын жалпы билим берүү уюмдарында же атайын класстарда жүзөгө ашырылат.
2. Узак дарылоо жана социалдык жактан багуу мекемелеринде жүргөн майыптыгы бар адамдар мектепте билим алууга укуктуу.
33-берене. Майыптыгы бар балдарга мектептен тышкары билим берүү
1. Майыптыгы бар балдардын ар тараптуу жана шайкеш өсүп жетилишин, аларда коомдук жигердүүлүктү, эмгекке кызыгууну, илимге, техникага, искусствого, спортко тартууга тарбиялоо, социалдаштыруу зарылчылыгы жана коомдук жашоого кошуу максатында мамлекет майыптыгы бар балдарга зарыл шарттарды түзүү менен мектептен тышкары тарбиянын жеткиликтүү болушун камсыз кылууга милдеттүү.
2. Майыптыгы бар балдар башка балдар менен бирдей спорттук иш-чараларга, оюндарга, бош убакытты өткөрүүгө жана эс алууга, анын ичинде билим берүү тутумунун алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
34-берене. Майыптыгы бар адамдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү
1. Майыптыгы бар адамдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим жалпы типтеги кесиптик билим берүү уюмдарында берилет.
2. I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар, ошондой эле майыптыгы бар балдар башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын бекитилүүчү адамдардын көрсөтүлгөн категориясы үчүн гранттык орундардын квотасынын чегинде, конкурстун негизинде кабыл алынат.
Майыптыгы бар адамдар кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган учурда окутуу наркын төлөө менен келишим боюнча баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына конкурстан тышкары кабыл алынат.
3. Майыптыгы бар адамдар үчүн башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн бардык адистиктери боюнча билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүндөгү орундарга квоталоо боюнча ченемдер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
35-берене. Майыптыгы бар адамдарды үйүндө тарбиялоо жана окутуу
1. Майыптыгы бар балдарды, ошондой эле жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелген балдарды жалпы типтеги билим берүү уюмдарында же атайын билим берүү уюмдарында окутууну жана тарбиялоону жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, ата-энелеринин каалоолорун эске алуу менен тарбиялоо жана окутуу үйүндө жүргүзүлөт.
2. Билим берүүнү башкаруу органдары менен билим берүү уюмдары жалпы билим берүү, атайын же жекече программа боюнча өз үйүндө окутууну камсыз кылышат.
3. Майыптыгы бар балдарды, ошондой эле жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелген балдарды үйүндө окутууну уюштуруунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
36-берене. Майыптыгы бар адамдарды кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
Майыптыгы бар адамдарды кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу билим берүү уюмдарында, ишканаларда жана уюмдарда (атайын же жалпы типтеги) социалдык жактан коргоо органдары менен биргеликте жекече реабилитациялоо жана абилитациялоо программасына ылайык камсыз кылынат.
37-берене. Майыптыгы бар адамдардын маалымат алуусун камсыз кылуу
Мамлекет майыптыгы бар адамдардын маалымат алуусун төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылат:
1) майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлаштырылган мезгилдүү, илимий, окутуу-усулдук, маалымдама-маалыматтык жана көркөм адабияттарды чыгаруу;
2) республикалык телеканалдардын биринде жаңылыктар программаларын жаңсоо тилине же субтитр түрүндө которууну уюштуруу;
3) тиешелүү майыптык категорияларындагы адамдар үчүн жеткиликтүү форматтарды өнүктүрүү;
4) майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын расмий сайттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
38-берене. Санариптик жеткиликтүүлүк
1. Санариптик форматта көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
2. Мобилдик түзүлүштөр жана компьютерлер үчүн программалык тиркемелер, алардын жардамы менен калкка кызмат көрсөтүлүүчү интернет-сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн экрандан окуу программаларына ылайыкталышы керек.
3. Коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелери, банкоматтар жана банк терминалдары техникалык стандарттарга жана универсалдуу дизайн принциптерине ылайык майыптыгы бар адамдардын, анын ичинде көрүү, угуу жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган адамдардын өз алдынча колдонуусуна ылайыкташтырылышы керек.
39-берене. Майыптыгы бар адамдардын маданият уюмдарына (мекемелерине) жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулмаларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
1. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдардын маданият уюмдарына (мекемелерине), дене тарбия жана спорт менен машыгуулары үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулмаларга эркин баруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуусу, ошондой эле атайын спорт инвентарларынын берилишин камсыз кылуусу керек.
2. Маданият уюмдары (мекемелери) майыптыгы бар адамдар үчүн музейлерге, көргөзмөлөргө, театрларга, кинотеатрларга, цирктерге жана башка маданий объекттерге акысыз кирүү күндөрүн белгилөөгө милдеттүү.
7-глава. Инфратүзүм объекттерине жеткиликтүүлүк укугу
40-берене. Майыптыгы бар адамдардын инфратүзүм объекттерине жана транспорт коммуникацияларына жеткиликтүү болуусунун кепилдиктери
Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактар жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) майыптыгы бар адамдардын турак жайларга, коомдук, административдик жана өндүрүштүк имараттарга, курулмаларга жана жайларга, эс алуу жерлерине, спорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелерге жана маданият уюмдарына (мекемелерине) баруусу үчүн шарттарды түзүүгө;
2) коомдук транспортту жана транспорттук коммуникацияларды, байланыш жана маалымат каражаттарын тоскоолдуксуз пайдалануусун, ошондой эле универсалдуу дизайн жана жөндүү ылайыкташтырылган түзүлүштөр аркылуу мейкиндикте эркин багыт алуусун жана жүрүүсүн камсыз кылууга.
41-берене. Шаар куруу жана архитектура объекттерин долбоорлоого жана курууга коюлуучу талаптар
1. Калктуу конуштарды долбоорлоо жана куруу, турак жай райондорун түзүү, долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу, имараттарды (административдик, турак жай, коомдук, өнөр жай, соода), анын ичинде аэропортторду, темир жол вокзалдарын. автовокзалдарды жана башка транспорттук инфраструктураны куруу жана кайра конструкциялоо шаар куруу ченемдерине жана универсалдык дизайн принциптерине ылайык майыптыгы бар (анын ичинде кресло-коляскалардын же башка көмөкчү каражаттардын жардамы менен жүргөн) адамдардын кирүүсү жана пайдалануусу үчүн бул объекттерди жана каражаттарды ыңгайлаштырууну эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеткиликтүүлүк шарттарын камсыз кылбоо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзөт.
3. Коомдук имараттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын өкүлдөрү долбоордук чечимдерди иштеп чыгууга жана алардын жеткиликтүүлүк талаптарына шайкештигин баалоого тартылат.
42-берене. Майыптыгы бар адамдар үчүн транспорт каражаттары
1. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттарын өндүрүү жана сатып алуу майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн жана универсалдуу дизайн принциптерин эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар автотранспорт каражаттарын майыптыгы бар адамдардын алардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн тоскоолдуксуз пайдалануусуна мүмкүндүк берүүчү көтөргүчтөр, пандустар, аудио жана визуалдык кабарлоо тутумдары, кресло-коляскалар үчүн орундар сыяктуу атайын түзүлүштөр менен жабдууга тийиш.
3. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча маршруттарды тейлөө укугуна конкурстарды өткөрүүдө транспорт каражаттары жеткиликтүүлүк стандарттарына ылайык келген жана майыптыгы бар адамдардын жетүүсү үчүн атайын атайын түзүлүштөр менен жабдылган жактар артыкчылыкка ээ.
4. Унаа токтотмолордо жана унаа токтотуучу жайларда майыптыгы бар адамдар башкарган транспорт каражаттарын жана майыптыгы бар адамдарды (балдарды) ташыган транспорт каражаттарын акысыз токтотуу үчүн орундардын кеминде 10 пайызы (бирок бир орундан кем эмес) бөлүнөт. Бул орундарды пайдалануу эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарында Министрлер Кабинети аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү "Майыптыгы бар адам" деген таануу белгиси коюлушу керек.
43-берене. Майыптыгы бар адамдарды турак жай жана жер участоктору менен камсыз кылуу. Турак жайларды майыптыгы бар адамдардын кирүүсү жана пайдалануусу үчүн ылайыкташтыруу
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон майыптыгы бар адамдарды жана өзүнүн курамында майыптыгы бар адамдарды камтыган үй-бүлөлөрдү эсепке алууну Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
2. Турак жайга муктаж болгон, ата-энеси жок майыптыгы бар адамдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бере алат же ээсиз калган мүлктүн курамынан турак жай бөлүп бере алат.
3. Министрлер Кабинети майыптыгы бар адамдар үчүн жеңилдетилген ипотека программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат же турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу кредитине жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
4. Майыптыгы бар адамдар ээлеп турган турак жайлар алардын реабилитациялоонун же абилитациялоонун жекече программасына ылайык атайын каражаттар жана ылайыкташтырылган түзүлүштөр менен жабдылат. Турак жайларды адаптациялоого кеткен чыгашаларды жарым-жартылай компенсациялоо майыптыгы бар адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызынын негизинде жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен берилиши мүмкүн.
5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдар үчүн турак жайды эсепке алуу, бөлүштүрүү жана жер участокторун бөлүү боюнча ишти координациялайт.
8-глава. Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана абилитациялоо
44-берене. Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана абилитациялоо боюнча кепилдиктер
1. Мамлекет реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасына ылайык майыптыгы бар адамдарга реабилитациялоо жана/же абилитациялоо иш-чараларын жүргүзүүгө жана аларды коомго аралаштыруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө кепилдик берет.
2. Мамлекет майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана абилитациялоо тутумун түзөт жана өнүктүрөт.
Мамлекет тарабынан кепилденген жана майыптыгы бар адамдарга акысыз берилүүчү реабилитациялык жана абилитациялык иш-чаралардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Мамлекет майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана/же абилитациялоо жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана адистерди даярдоону каржылайт жана уюштурат.
4. Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоонун жана абилитациялоонун негизги багыттары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жок функцияларды түзүү, бузулган жана жоголгон функцияларды калыбына келтирүүнү;
2) калыбына келтирүүчү медициналык иш-чараларды, протездөөнү, санаториялык-курорттук дарылоону;
3) кесиптик багыт берүүнү, окутууну жана билим берүүнү, жумушка орношууга көмөк көрсөтүүнү, өндүрүшкө ылайыкташтырууну;
4) социалдык-чөйрөлүк, социалдык-педагогикалык, социалдык-психологиялык жана социалдык-маданий реабилитациялоону, социалдык-тиричилик жактан ылайыкташтырууну;
5) дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды, спортту;
6) ассистивдик технологияларды, техникалык көмөкчү (компенсатордук) каражаттарды берүүнү.
45-берене. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы
1. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү базалык программанын негизинде майыптыгы бар адамга көрсөтүлүүчү чаралардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин камтыйт.
2. Реабилитациялоонун же абилитациялоонун негизги багыттарын ишке ашырууда майыптыгы бар адамдардын реабилитациялоонун техникалык көмөкчү каражаттарын пайдалануусу, шаар куруу жана архитектура объекттерине, байланышка жана маалыматка тоскоолдуксуз жетүүсүн түзүү, ошондой эле майыптыгы бар адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн реабилитациялоо же абилитациялоо маселелери боюнча маалымат менен камсыз кылуу каралган.
3. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы майыптыгы бар адам үчүн сунуштама мүнөзгө ээ. Майыптыгы бар адам өзү же болбосо өзүнүн өкүлү аркылуу техникалык каражаттар жана реабилитациялоо же абилитациялоо түрү менен камсыздоо маселесин чечүүгө укуктуу.
4. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы акысыз көрсөтүлүүчү жана/же майыптыгы бар адамдын катышуусунда же эмгектик мертинүү же кесиптик ооруга чалдыгуу жагынан күнөөлүү болгон иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү чараларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт.
5. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы санариптик форматта иштелип чыгат.
46-берене. Реабилитациялык жана абилитациялык борборлор
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдардын реабилитациялык жана абилитациялык жардамга муктаждыктарын эске алуу менен реабилитациялык жана/же абилитациялык борборлорду түзөт.
2. Мамлекет реабилитациялоо жана абилитациялоо маселелерин чечүүдө колдоо көрсөтүү аркылуу мамлекеттик эмес реабилитациялык жана абилитациялык борборлордун калыптанышына көмөк көрсөтөт.
47-берене. Медициналык-социалдык экспертиза
1. Медициналык-социалдык экспертиза майыптыктын тобун же категориясын ыйгаруу, ошондой эле реабилитациялоонун жана/же абилитациялоонун жекече программасын иштеп чыгуу менен күбөлөндүрүлүүчү адамдын клиникалык-функционалдык, социалдык, кесиптик жана психологиялык маалыматтарын талдоонун негизинде организмдин абалын комплекстүү баалоого таянуу менен жүзөгө ашырылат.
2. Майыптыгы бар адамдардын майыптыгын баалоо жана реабилитациялоо жана/же абилитациялоо Ишинин, турмуш-тиричилигинин жана ден соолугунун чектелишинин эл аралык классификациясынын принциптерине ылайык жүргүзүлөт.
3. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал мезгилинде майыптыгы бар адамды кезектеги кайра күбөлөндүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө ченемдин колдонулушу токтотулат.
4. Медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
9-глава. Финансылык-материалдык камсыз кылуу
48-берене. Финансылык камсыздоо булактары
Ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды финансылык камсыз кылуунун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;
2) кайрымдуулук төгүмдөрү жана кайрымдуулуктар;
3) гранттар жана демөөрчүлүк жардам.
10-глава. Корутунду жоболор
49-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 38-берененин 3-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 320-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын 7-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1033-ст.);
3) "Жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 303-ст.);
4) "Майыптык маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 503-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айдын ичинде өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4. Мыйзамдарда колдонулган "майыптыгы бар адам", "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам", "майып" деген терминдер/түшүнүктөр мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин бирдей мааниде деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |