Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 21-августу № 725-т
Расмий делегациялар залдарында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын тизмесин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
– 6, 10-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары.”;
– 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“40. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын сектор башчылары, мамлекеттик инспекторлору, инспекторлору, башкы эксперттери, эксперттери, спичрайтерлери.”;
– 46-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“46. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын, орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын кеңешчилери, жардамчылары.”;
2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:
– 1-пунктта:
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары;”;
– 2-пунктта:
биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын кеңешчилери, жардамчылары;”;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын сектор башчылары, мамлекеттик инспекторлору, инспекторлору, башкы эксперттери, эксперттери, спичрайтерлери;
кызматтык иш сапар учурунда акысыз тейленет.”.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |