Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 19-сентябры № 546-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары.";
- 44-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери.";
2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:
- 2-пунктта:
он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин протокол кызматынын кызматкерлери;";
отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу жана анын орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери;".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |