КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-майы № 284-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын лидерлеринин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана уюмдарынын жазуу жүзүндөгү өтүнмөлөрү боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн 750 сом өлчөмүндө (бир жүргүнчү үчүн) акы алынат.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |