Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 22/IV
“Эркин калдыктын эсебинен ачылган чыгымдардын сметасы жөнүндө”
2024-жылдан тартып өтүүчү келишимдер жана жыл башына карата 23 402 101 сом 52 тыйын бюджеттик эсеп жана атайын эсеп боюнча 146 936 сом 71 тыйын, 01.01.2025-жылга карата эркин калдыктан чыгымдардын сметасын ачуу боюнча ФЭБнүн башчысы З. Б. Акаеванын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Негизги эсеп боюнча эркин калдык бекитилсин:
· 70921 "орто билим берүү - жалпы билим берүү программалары" бөлүмү боюнча 3111 – берене-807,4 миң сом (Н.С. Баранов атындагы № 2 орто мектебинин жылытуу системасынын кошумча иши ; 3112-берене – 3723,0 миң сом (интерактивдүү панелдерди жана парталарды сатып алуу)
· 70629 "башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр" бөлүмү боюнча 3111 – берене – 5532,4 миң сом (Болоболаев жана Мичурин көчөлөрүн капиталдык оңдоо); 3112-берене-10240,0 миң сом (атайын техника).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайылма айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Жолдошевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
| К.М. Жонгучкаев |